Стамбулда соңку беш күндөн бери жасалма алкоголдук ичимдикке ууланып өлгөндөрдүн саны 38ге жетти. Алардын көбү өзбекстандык жана түркмөнстандык мигранттар. 30 киши оор абалда ооруканада жатат. Түрк бийлиги колдо арак жасап саткандарга тыкыр текшерүү жүрүп жатканын жарыялады.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын улам өзгөрүп жатышы чөлкөмдүн, анын ичинде Борбор Азиянын коопсузугуна кандай таасир этет? Расмий Бишкек Сириядагы кырдаал боюнча кандай көз карашта жана кыргыз жарандарды кайтаруу иштери уланабы? Ооганстандагы “Талибан” бийлиги менен алака кандай өзгөрүүдө?
Казакстандын Алматы облусунун Карасай райондук соту 2022-жылдын январь окуялары маалында Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандарына "кыйноо көрсөткөн" деп айыпталган алты полиция кызматкерин күнөлүү деп таап, үч жылдан эркинен ажыратты.
Ташиев "кримчөйрөнүн анабашы" атыккан Көлбаевди жок кылуу "мамлекет үчүн зарыл чечим болгонун" айтты. Газадагы согушту токтотуу тууралуу макулдашууну Израилдин өкмөтү бекиткен соң гана күчүнө кирет. Прокуратура Аксыда аялдын өлүмүнө байланыштуу кызмат адамдарын тартиптик жазага тартууну сунуштады.
Жалал-Абаддын Аксы районунда 51 жаштагы аялдын өлүмүнө шек саналып күйөөсү камакка алынды. Ал аял 9-январда Үч-Коргон айылдык ооруканасына “Тез жардам" кызматы менен денесинде көгала тактары бар, эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, алган жараатынан улам ошол жерден жан берген.
Газадагы согушту токтотуу тууралуу макулдашууну Израилдин өкмөтү бекиткен соң гана күчүнө кирет. Айрым маалымат каражаттары Нетаньяхунун жардамчыларына таянып, ок атышууну токтотуу жараяны буга чейин айтылгандай 19-январда эмес, 20-январда күчүнө кириши мүмкүн экенин жазды.
Казакстандын баш калаасы Астанада дээрлик күн сайын митинг болуп турарын калаа акимчилиги расмий маалымдады. Алсак, былтыр ноябрда Астанада бери дегенде эле 120 митинг жана башка нааразылык акциясы өткөн делет. Бул күн сайын кеминде үч митинг, бир жөө жүрүш өттү дегенди билдирет.
Кыргызстанда 11 журналист жапырт камалганына туура бир жыл болду. "Массалык баш аламандыкка чакыруу" беренеси боюнча козголгон кылмыш иш боюнча сегиз айга жакын сот жүрүп, төрт журналист сот жообуна тартылды.
АКШнын президенти Израил менен ХАМАС радикал уюмунун ортосунда ок атышууну токтотуу келишими жетишилгенин 15-январдын кечинде жарыялады. Көп өтпөй ЦАХАЛ Газага аба соккуларын улантканы кабарланды.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда быйыл 1-майдан тартып электр энергиясы 26 тыйынга кымбаттай турганын айтты. Буга чейин Энергетика министрлиги декабрь айынын башында электр жарыгын колдонуу көрсөткүчү тарыхый чекке жеткенин билдирген.
БУУнун атайын баяндамачысы укук коргоочу Азиза Абдирасуловага социалдык тармактарда каралоо жүрүп жатканы иликтениши керектигин билдирди. Абдирасулова коопсуздугунан улам былтыр декабрда Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткен. Кыргыз бийлиги болсо эч кандай коркунуч жоктугун билдирген.
Түркиянын Стамбул шаарында жасалма алкоголдук ичимдиктен каза болгондор соңку үч күндө 22 кишиге жетти. Түрк басылмалары Стамбул шаарынын администрациясына шилтеме берип жазганына караганда, көз жумгандардын 11и чет элдик жарандар экени аныкталды.
Дагы жүктөңүз