Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Жанна Самышева милицияга сурак берип чыкты. Партиянын дагы бир мүчөсү Анарбек Катаганов учурда кайда экени белгисиз болуп жатканын партиялаштары кабарлады.
12-январда Түштүк Кореянын чалгын кызматы украин күчтөрү Түндүк Кореянын эки аскерин туткунга алганын ырастады. Сеул Курск облусунда түндүк кореялык 300дөн көп аскер набыт болгонун билдирди.
Өзбекстанда соттолгон кримтөбөл, 74 жаштагы Салим Абдувалиев 12-январь күнү абактан чыкканы кабарланды. Ал узак убакыт бою жаман илдет менен алышканы, анын абактан чыгышына саламаттыгынын начарлашы себеп болгону айтылды.
Укук коргоочулар жана жарандык активисттер 2024-жылы Өзбекстанда каракалпакстандыктардын укугу тебеленип, оппозиция өкүлдөрүнө куугунтук күчөгөнүн айтышты. Ташкент өлкө ичинде интернетти чектеп, ал эми чет өлкөлөрдөн каракалпак улутундагы активдүү жарандарын экстрадициялоо аракетин көрүүдө.
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуусуна даярдык жүрүп жатканын айтты.
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугууга даярдык жүрүп жатканын айтты. Кыргызстанда Орусиянын, Армениянын, Грузиянын, Абхазиянын номери менен жүргөн автоунаалар мыйзамдаштырылат. Жогорку Кеңештин кызматкерлери аралашкан чыр боюнча кылмыш иши козголду.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов «мамлекеттик чыккынчылыкка» жана Январь окуялары маалында «бийликти басып алууга» айыпталып, былтыр 18 жылга кесилген.
Запорожье шаарында аба чабуулдарынан 13 кишинин өмүрү кыйылды. Темирлан Султанбеков эки айдан бери өзүнүн катышуусунда бир дагы тергөө иш-чарасы жүргүзүлбөгөнүн билдирди. АКШнын Лос-Анжелес шаарынын айланасындагы өрт беш кишинин өмүрүн алды.
Орус армиясынын 8-январдын кечинде Украинанын Запорожье шаарындагы аба чабуулунан 13 кишинин өмүрү кыйылды. Жараат алгандардын саны 100дөн ашты. Алардын он чактысынын абалы оор.
Президент Садыр Жапаров автотранспорт салыгын толугу менен жойгон жарлыкка кол койду. Өзбекстанда Гүлнара Каримова аялдар колониясынан жатак абакка которулганы белгилүү болду. Израилде митингге чыккандар 400 күндөн ашуун хамасчылардын барымтасында отурган туткундарды бошотууну талап кылды.
Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова эски жыл соңунда Ташкент облусунун Зангиата районундагы №21 аялдар колониясынан жатак абакка которулганы белгилүү болду.
5-январда Баткенде Арка-2 айылында белгисиз жарылуучу заттан жарат алган энеси менен кызынын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатат. Бирок биринчи келгендегиден кыйла жакшырып калганын айтышты. 32 жаштагы келин 11 жаштагы кызы менен короосундагы эски темир-тезекти жыйнап жатканда жарылуу болгон.
Дагы жүктөңүз