Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:55

Орусияда көзөмөл реестрине 700 миңдей мигрант киргизилди


Калининград облусунда рейд учурунда кармалган эмгек мигранттары
Калининград облусунда рейд учурунда кармалган эмгек мигранттары

Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев мамлекеттик телеканалдардын бирине берген маегинде 685 миңге жакын чет элдик жаран "көзөмөлгө алынгандардын" реестрине киргизилгенин билдирди.

"Бул реестрдин негизги максаты – өлкөбүздө мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин санын чектөө. Башкача айтканда, биздин өлкөдө мыйзамдуу жүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоо", – деп түшүндүрдү министр.

Анын айтымында, реестрден чыгуу үчүн мигранттар 30-апрелге чейин полиция бөлүмүнө барып, мыйзамдуу жүргөнүн ырастаган керектүү документтерди тапшырышы керек.

5-мартта Колокольцев ИИМдин кеңейтилген жыйынында реестрге 400 миң адам киргизилгенин айткан болчу. Бул тизмеге түшкөндөрдүн укуктары кескин чектелет.

Реестерге кирип калган миңдеген кыргызстандыктардын банк карталары иштебей калып, "Азаттыкка" даттангандар да көп болгон. Айрымдардын айтымында, көбү эч кандай миграциялык эреже бузбаса да кирип алган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги февраль айынын башында билдиргендей, Орусияда миграция мыйзамдарын, эрежелерин бузган деп шектелип “тобокел тобуна” 72 миң жаран киргизилген. Бул топтогу тизмени тактоо, аларды реестрден чыгаруу, кеп-кеңеш берүү боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш алып барып жатканы кабарланган.

Чет элдик жарандар үчүн "көзөмөлгө алынгандардын" реестри 5-февралдан тартып иштей баштаган.

Бул демилгени Орусиядагы миграция мыйзамдары күчөтүлүп жаткан маалда, "Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин Мамлекеттик Думанын депутаттары сунуштаган.

Мындан тышкары, орус бийлиги нике аркылуу жеңилдетилген тартипте ВНЖ (убактылуу жашоого уруксат) алууну чектеп, жаңы депортация режимин бекитип, орус тилин билбеген мигрант балдарды мектепке кабыл алууга тыюу салды.

Шерине

XS
SM
MD
LG