БУУнун баяндамачысы: Азиза Абдирасулованы каралоону токтотуу керек
Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдирасуловага социалдык тармактарда каралоо жүрүп жатканы иликтениши керектигин билдирди. Абдирасулова коопсуздугунан улам былтыр декабрда Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткен. Кыргыз бийлиги болсо укук коргоочунун коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок экенин билдирген.
Шерине