Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:09

"Сосновкада" жүк ташуучу автоунаалар чектөөсүз өткөрүлүп жатат


Төө-Ашуу. Архив
Төө-Ашуу. Архив

Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусундагы "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу автоунааларга кирген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам байланыш кызматынан 9-мартта “Азаттыкка ырастады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги каттамга 8-мартта саат 14:00дөн тарта чектөө киргеннин бидирген. Жол тейлөө ишканасы тазалоо иштерин тынымсыз жүргүзүп жатканын, жеңил унааларга жол ачык экенин кошумчалаган.

Метеорология кызматы Кыргызстанда 7-10-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жолдордо кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөрүн эскерткен.

Айдоочуларга зарылчылык болбосо бул күндөрү жолго чыкпай туруу, ал эми жолдо унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кемитпөө сунуш кылынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG