Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:36

Президент мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн баасына комментарий берди


Садыр Жапаров “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу иш-чарасында. 17-декабрь, 2024-жыл.
Садыр Жапаров “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу иш-чарасында. 17-декабрь, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердиги жана курулуп жаткан турак жайлардын баасына байланыштуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берди.

Президент Мамлекеттик ипотекалык компания курулуш иштери менен алектенбей турганын, себеби үйлөрдү өзү салса бара-бара банкрот болуп калуу коркунучу бар экенин айтты. Ушундан улам “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жана жеке компаниялар менен бир бааны коюп, курулушту толук бүтүргөнгө келишим түзүп, үйлөрдү салдырып жатканын кошумчалады.

“Эми батирдин жарымын төлөп жарымын 15 жылга алгандарга токтолоюн. Бул программа кезекте тургандарга тиешеси жок. Өзүнчө программа. Мисалы, бош жаткан жерге нөлдөн баштап батирлер салына баштайт. Ал батирлерди 50 пайызын алдын ала төлөгөндөр алат. Төлөнгөн акча кайра ошол эле батирлерди курууга жумшалат. Батирлердин баасы жогоруда айтканымдай үйлөрдүн жайгашкан райондоруна жараша болот. Бирок баары бир жеке курулуш компаниялардын баасынан ылдый болот. Мисалы Бишкектин “престиждүү” райондорунда жайгашкан жеке компаниялар бүгүнкү күндө бир чарчы метрин ремонту жок (под ключ эмес) 2000 миң доллардан сатып жатышат. Ал эми МИК болсо дал ошондой эле батирлерди батирдин жарымын алдын ала төлөгөндөр үчүн 1400 доллардан “под ключ” берип жатат. Кезекте турган социалдык муктаждарга мындан да ылдый баада берилет. Ошол үчүн МИКтин саясаты карапайым калкты үйлүү кылуучу социалдык саясат”, - деди ал.

Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания салдырып жаткан үйлөрдүн бир чарчы метри Чүй облусу жана Бишкек шаарында 650 доллар, ал эми Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 700 доллар экенин билдирди. “Алыскы аймактарга курулуш материалдары Бишкектен ташылып жаткандыктан турак жайлардын бир чарчы метри 50 долларга кымбатыраак” деп түшүндүрдү.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 3-марттагы жыйынында депутаттар Бишкекте берилип жаткан ипотекалык турак жайлардын чарчы метри 1400 долларга чейин бааланарын сынга алышкан.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тапта Кыргызстан боюнча мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында 62 миң батирдин курулушу жүрүп жатат. Январь айында өлкөдө 40 миңден ашуун адам мамлекеттик ипотекага кезекте турганы айтылган.

Быйыл жыл башында “Менин үйүм 2021-2026” программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштарын билдирген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG