Шейшембинин кечинде саудиялык мунай иштетүүчү мамлекеттик Арамко компаниясынын кеңсесине сокку урулду. Сокку олуттуу зыян алып келбегени кабарланды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев “Азаттык” менен болгон маегинде 2027-жылкы президенттик шайлоого катышууну четке какпай турганын айтты. Саясатчы президенттик шайлоо алдындагы өлкөдөгү кырдаал, бийликтин убадалары, оппозициянын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикирлери менен бөлүштү.
Президент Садыр Жапаров Баткенде жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда 15ке жакын бажы жана чек ара кызматкери кармалганын билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал кызматкерлерге 15 күндөй жашыруун камера аркылуу байкоо жүргүзгөндөн кийин кармаган.
Абакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун маселеси кайрадан көтөрүлдү. Бул жолу анын апасы Саипжамал Абдукаимова президент Садыр Жапаровго кайрылды.
АКШнын лидери Дональд Трамп Украинада президенттик кызматта жаңы адамды көргүсү келерин жекшембиде айтты. Трамп Владимир Зеленскийди Орусия менен согушту токтотуу үчүн жетиштүү аракет кылбай жатат деп сындады.
Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияддын аэропортуна сокку урулган учурда Кыргызстандын айрым жарандары да ал шаарда болгон. Халид падыша атындагы эл аралык аэропортко дем алыш күндөрү эки жолу сокку урулуп, жалпы 10дон ашуун киши каза тапты, 320дан ашууну жараат алды.
Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияддагы Халид падыша атындагы эл аралык аэропортко дем алыш күндөрү эки жолу сокку урулуп, жалпы 10дон ашуун киши каза тапты, 320дан ашууну жараат алды.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жер көчкү жүрүү коркунучу жаралып, эки үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү. 10-октябрда Тогуз-Булак айылында жер көчкү жылган. Көчкү саатына болжол менен 1,1 метрге жылганын расмий органдар билдирди.
УКМКны Камчыбек Ташиев жетектеп турган кезде жооптуу кызматтарды аркалап, кийин аны менен катар иштен алынган Каныбек Досмамбетов жана Курванбек Авазов кармалды. Ташиевден кийинки кадрдык алмашууда жүздөй кызматкер жумуштан алынган, алардын айрымдары камалган.
Орусияга иштегени кеткен казакстандык тууралуу маалыматтан кийин «Азаттыкка» ушундай эле жагдайга туш болгон дагы эки жигиттин апалары кайрылды. Алардын айтымында, уулдары күзөтчү болуп иштейбиз деп барып, кийин орус армиясына кошулуп калган. Азыр энелери аларды мекенине кайтарууга аракет кылууда.
“Кемпир-Абад иши” боюнча акталган Перизат Суранова мамлекеттен кенемте талап кылып сотко кайрылды. Түркмөнстанда Путин менен Пезешкиан жолукту. Кыргызстан USDKG деп аталган алгачкы криптовалютасын жойду. Улуу Британия аны чыгарган кыргыз компаниясына санкция салган.
Дагы жүктөңүз