Газада ок атууну токтотуу жана туткундарды бошотуу боюнча келишим аткарыла баштады. Бул макулдашуу тилкеде тынчтыкты орното алабы? Тараптар кандай милдеттенмелерди алган? Келишимди кандай тобокелдик тооруп турат?
Ички иштер министри Улан Ниязбеков өлкөдө соңку төрт жылдын ичинде кылмыштуулук жалпысынан 69% азайганын билдирди. Ал бул тууралуу 28-январда президент Садыр Жапаров менен жолукканда айтты. Бирок айрым байкоочулар кылмыштуулуктун азайганы милициянын ишинин үзүрү эмес дешет.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун жаранды аныктады.
Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карап, үчөөнү тең камакта калтырды.
Путин украин Зеленскийди “легитимсиз” деп, аны менен түз сүйлөшүүгө барбастыгын билдирди. АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейдде мигранттар кармалып, депортацияланууда. Соцтармакка пикир жазган үчүн 3 жарым жылга кесилген Каныкей Аранованын жаза мөөнөтүн жылдыруу арызын сот четке какты.
Орусиянын кеминде тогуз облусу жапырт дрон чабуулуна кабылды. Бир мунай заводунда өрт тутанганы кабарланды. Путин Зеленскийди “легитимсиз” деп атап, аны менен түз сүйлөшүүгө барбастыгын билдирди. Зеленский Путинди “күчтүү жетекчилерден, сүйлөшүүлөрдөн коркуп жатат” деп айыптады.
27-январда Түркиянын Анталия шаарында кыргызстандык аял өз жанын кыюуга аракет кылганы кабарланды. Жергиликтүү кабар агенттиги полиция кызматкерлери "жардан кулайм" деген аял менен төрт саат сүйлөшүп, аны аман сактап калганы тууралуу маалымат таратты.
Кытайдын DeepSeek компаниясынын ChatGPTге окшош жасалма интеллект программасы дүйнөлүк технологиялык компаниялардын акцияларын олку-солку кылды. DeepSeeктин жаңы чат-боту АКШ менен Кытай ортосундагы жасалма интеллект жаатында атандааштыкты дагы күчөткөндөй болду.
Израил 15 айдан бери биринчи жолу миңдеген палестиндерге Газанын түндүгүнө кайтууга жол ачты. Казакстанда 2022-жылдагы Январь окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыкты. АКШнын миграциялык саясатындагы өзгөрүүлөрдөн улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда жүргөн же бул өлкөгө барганы жаткан жарандарды миграциялык мыйзам жоболорун так сактоого чакырды.
Жекшембинин кечинде Израил Газанын тургундарын тилкенин түндүк тарабындагы үйлөрүнө өткөрө баштады. АКШнын президенти Дональд Трамптын анклавда кайра куруу иштери аяктагыча газалыктарды араб өлкөлөрүнө көчүрүү тууралуу сунушу сынга кабылды.
Казакстанда сот 2022-жылдагы Январь (Каңтар) окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыгарды.
Түркмөнстандын Балкан облусунун коопсуздук органдары мамлекеттик кызматкерлерден президент Сердар Бердымухамедов менен анын атасынын сүрөттөрү бар гезит-журналдарды "тиричиликке колдонбойбуз" деген тилкатка кол коюуну талап кылууда.
Дагы жүктөңүз