Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:56

Кытай, Орусия жана Иран биргелешкен деңиз машыгууларын өткөрөт


Кытай армиясынын офицерлери 2016-жылы Чжаньцзян портунда Орусиянын аскердик-деңиз кемесин тосуп алуу учурунда
Кытай армиясынын офицерлери 2016-жылы Чжаньцзян портунда Орусиянын аскердик-деңиз кемесин тосуп алуу учурунда

Кытай, Орусия жана Иран 10-мартта биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүүнү пландап жатат. Бул иш-чара үч өлкөнүн аскердик кызматташтыгы жакшырып жатканын айгинелеген кезектеги аракет катары саналууда.

Ирандын "Тасним" маалымат агенттиги кабарлагандай, "Коопсуздук куру-2025" деп аталган машыгуу Ирандын Чабахар портуна жакын, Оман булуңунда өтөт.

Кытайдын Коргоо министрлиги бул машыгуу аскердик ишенимди бекемдөө жана кызматташтыкты тереңдетүү максатын көздөй турганын билдирди.

Ага Орусиянын Тынч океан флоту, Кытайдын 45-аскердик-деңиз эскорту жана 10дон ашуун ирандык кемелер катышмакчы. Ошондой эле Пакистан, Азербайжан, Казакстан, Оман, Индия жана Түштүк Африка мамлекеттеринен аскердик байкоочулар чакырылган.

Бул үч өлкө бир нече жылдан бери Батыштын санкцияларына туш болуп, аскердик жана экономикалык жактан өз ара байланыштарын кеңейтип келишкен.

Кытай акыркы айларда деңиздеги аскердик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө өзгөчө басым жасап келет. Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун маалыматына караганда, Кытайдын аскер-деңиз флоту учурда дүйнөдөгү эң ири флот болуп саналат жана 234 кемеси бар. Салыштырмалуу, Америка флотунда 219 аскердик кеме бар.

Бирок АКШ техникалык артыкчылыгын сактап калууда.

Байкоочулар белгилегендей, Кытай, Орусия жана Ирандын бул биргелешкен машыгууусу дүйнөлүк державалардын стратегиялык атаандашуусу күчөгөнүн дагы бир жолу далилдеп турат.

Батыш мамлекеттери муну тынчсыздануу менен кабыл алууда, анткени бул үч өлкө аскердик жана экономикалык кызматташтык аркылуу АКШнын глобалдык таасирин азайтууну көздөйт.

Шерине

XS
SM
MD
LG