Каңтар окуяларында жалпысынан он кыргызстандык жаран кармалган, алардын баары бошотулган. Эки кыргыз жараны каза болгон.
17-январда Казакстанда сот 2022-жылдын январь окуялары маалында Кошмамбет айылындагы убактылуу кармоочу жайда болгон кыйноо фактылары боюнча өкүм чыгарды. Ал жерде жүзгө чукул өзбек, кыргыз, казак жарандары, анын ичинде кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кыйноого кабылганы маалым болгон.
Сот полиция кызматкерлери Бауыржан Сопоков, Арман Шойбеков, Берик Адилбеков, Олжас Айдарханов, Серик Турпанов жана Нурсултан Хамитовду кармалгандарга "кыйноо көрсөткөн" деп таап, ар бирин үч жылдан эркинен ажыратты.
Айыпталуучулар коюлган күнөөнү мойнуна алышкан жок.
Сот жараяны былтыр 16-сентябрда башталган. Полиция кызматкерлери "адамдын ар-намысына шек келтирген, ырайымсыз мамиле кылуу, кыйноо" жана "бийлигинен жана кызматтык милдетинен аша чабуу" беренелери менен айыпталган.
Прокуратуранын версиясына караганда, 2022-жылдын 7-январында чек ара кызматынын атайын бөлүгү башалмандыктын болжолдуу катышуучуларын колго түшүрүү максатында Алмата-Бишкек кан жолунда Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын жүздөгөн жаранын кармаган. Кошмамбеттеги убактылуу кармоочу жайга 98 киши жеткирилген. Аларды камоо боюнча эч кандай документтер толтурулган эмес. Дал ошол жерден кармалгандар ырайымсыз кыйноого дуушар болушкан.
Адвокат: Иш сотко "чийки" келди
Жабырлануучу өзбекстандыктардын адвокаты Айна Шорманбаева соттун чечимин "өтө жумшак" деп баалап, доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрыларын билдирди. "Бул иште 44 жабырлануучу бар, бирок 98 адам болушу керек эле" деген адвокат, тизме тергөө органдарына 2022-жылы эле берилгенин кошумчалады.
"Тергөөнүн өз убагында толук эмес, башкача айтканда, адилет соттук териштирүү укугунун бардык стандарттарын бузуу менен жүргүзүлүп жатканы кыжырдантпай койбойт. Тергөө ар тараптуу, объективдүү, өз убагында жана толук болушу керек эле. Бардык стандарттар бузулуп, иш сотко "чийки" келген деп эсептейбиз. Бардык жагдайлар такталган жок. Айыпталуучулардын бардыгынын аты-жөнү тактала элек. Ал эми [кыйноого кабылгандар] баары эле жабырлануучу катары таанылган эмес", - деди Шорманбаева.
Адвокат ошондой эле ал укугун коргогон 23 өзбекстандык жабырлануучунун жыйырмасына Казакстанга беш жылга кирүүгө тыюу салынгандыктан, тергөө жана сот жараяндарына келе албай калганын айтат.
"Бул далилдерди жана өзүн коргоо аракетин жок кылуунун бир ыкмасы болгон деп эсептейм. Тергөө учурунда Казакстандан депортацияланбаган үч жабырлануучу гана сотко келди" - дейт Шорманбаева.
Жабырлануучу тараптын жактоочулары буга чейин айыпты кайра карап чыгууну жана ишти Карасай райондук сотунан башка сотко өткөрүп берүүнү өтүнүшкөн. Адвокаттар окуя Карасай районунда болгондугу үчүн бул иште кызыкчылыктардын кагылышы болушу мүмкүн экенин, 44 эмес 98 киши жабырлануучу катары таанылышы керектигин айтышкан.
Судья Динмухаммед Адайбаев ишти башка сотко өткөрүүгө негиз жок экенин айтып, өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан.
"Кандуу январь айыкпаган жара бойдон калууда"
2022-жылы январдагы башаламандык маалында коңшу өлкөнүн мамлекеттик телеканалдарынын биринде башы-көзү көгөрүп, таяктан шишиген кыргызстандык жигит "кагылышууларга катышуу үчүн акча алганын" айткан видео көрсөтүлгөн. Кийин ал таанымал музыкант Викрам Рузахунов экени, кыйноодон улам жалган айыпты мойнуна алууга аргасыз болгону ачыкка чыккан.
Рузахуновдун адвокаты Елена Жигаленок "Азаттыктын" казак кызматына телефондон берген комментарийинде соттун өкүмүнө нааразы экенин айтты.
Анын айтымында, сотко чейинки териштирүүдө жабырлануучунун саламаттыгына келтирилген залал эске алынып, 146-берененин 2 жана 3-пункттары боюнча айып тагылган.
Бирок Жигаленек Казакстандын Башкы прокуратурасы сотко чейинки тергөөгө бир күн калганда эч кандай түшүндүрмөсүз эле иштин классификациясын биринчи бөлүккө өзгөртүп, сотко жөнөтүлгөнүн белгилейт. Адвокат бул боюнча арызданганын, бирок ал канааттандырылбай калганын айтат.
"Алар муну кысым астында кайра өзгөртүшү мүмкүн. Анткени кыргыз музыканты кыйноо кабылып, эл аралык резонанс болгон. Кыязы алар жөн гана бардыгы тынчып, унчукпай калышы үчүн бирок ошол эле учурда көп жыл жоопко тартпагандай чечим чыгарды", - деп божомолдойт адвокат.
Жума күнү 50гө жакын полиция кызматкери сотко "кесиптештерин колдоо үчүн" келишти. Сот имаратынын жанында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, атайын күчтөр тартылды.
Викрам Рузахунов да сот имартынын алдында күчөтүлгөн коопсуздук чаралары- жабырлануучу тарапка "сес көрсөтүү" ыкмасы экенин, жарым-жартылай болсо да күнөөлүүлөр жазасын алганын Фейсбук баракчасына жазды.
"Тилекке каршы, бул жараян адилеттүүлүккө карай жасалган кичинекей гана кадам. Системанын тынымсыз басымына карабай, Казакстанда адам укуктары үчүн күрөш уланып жатканын дагы бир жолу көрсөттү. Кандуу январь айыкпаган жара бойдон калууда. Бирок бүгүнкү күндө жарым-жартылай болсо да, адамдын ар-намысын тебелеген кылмыштар үчүн күнөөлүүнү таап, жазалоо жаатында кадам ташталды. Эл аралык укук коргоочулар жабырлануучулардын иштерин мындан ары да көзөмөлгө алып, алардын укуктарын толук калыбына келтирүүгө аракет кылууну убада кылышты", - деп жазды Рузахунов.
Чолпонбектин үрөй учурган окуясы
Коңшу өлкөдөгү кандуу тополоңдо эмерек орнотуучу болуп Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков да кыйноого кабылган.
Ал 2022-жылы 8-январда Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда кармалган. Коңшу өлкөнүн күч кызматкерлери андан талап-тоноочулук жана башаламандык боюнча айыптарды моюнуна алууну талап кылышкан.
Чолпонбек буттары сынып, сөөктөрү шымын тешип чыкканда гана уруп-сокконду токтотуп, "Тез жардам" чакырышканын айтып берген.
"Эки бутум тең шылкылдап калыптыр. Ооруканага алып барышканда ал жерден дарыгерлер сөөктөрдү туштап, гипске салышты. Мага "операция кыла турган болсок, өтө көп каражат керек болот, андан көрө Кыргызстанга барганда жакшылап операция жасатышың керек" дешти. Менин телефонумду биринчи кармалганда эле алып коюшкан, наркоздон кийин бир да телефон номерди, өзүмдүкүн да эстей албай койдум. Болгону Алматыдагы жашаган жеримди билем, палатадагы башка бейтаптарга келгендерге "ушул дарекке барып, менин бул жакта экенимди айтып койгулачы" деп сурандым. Эч ким макул болбоду. Он күндөй жатканымда врач мага "сени чыгарабыз, бара турган жериң барбы?" деди. Мен ага жашаган дарегимди айтып, менчик болсо да "Тез жардам" чакырып берүүсүн, акчасын өзүм төлөй турганымды айттым. "Тез жардам" унаасы мени катталып, жашап жаткан досумдун үйүнө алып келгенде гана алар мага байланыша албай, издеп жүрүшкөнүн билдим", - деген Чолпонбек.
Эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда ал 20-январда Кыргызстандын Алматыдагы консулдугунун жардамы менен "Тез жардам" унаасында чек арага жеткирилген.
Чолпонбекти кыргыз-казак чек арасында Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунун атайын автоунаасы күтүп турган. Элчиликтин кызматкерлери коштоп, Алматыдан бери келген Чолпонбекти казакстандык чек арачылар кайра текшерип, Казакстанда жүрүү мөөнөтүн өткөрүп жибергени үчүн айыппул төлөтүшкөн.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Чолпонбек Сыдыковдун сабалышына байланыштуу 2022-жылы Казакстандын Бишкектеги консулун чакырып, бул жарандын саламаттыгына оор залал келтирген казак күч кызматкерлери тууралуу нота тапшырган.
Андан бери Чолпонбекке Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунда бир канча жолу оор операция жасалган.
Каңтар окуяларында жалпысынан он кыргызстандык жаран кармалган, алардын баары бошотулган. Кандуу тополоңдо эки кыргыз жараны каза болгон.
Каңтар окуясынан кийин кармалгандар сабалганы тууралуу маалыматтар байма-бай чыккан. Кармалгандар полиция аларды ур-токмокко алганын, ысык үтүк басып, "кылмышты моюнга алдыруу үчүн" ток менин кыйнаганын айтышкан. Айрым жарандар "тишимди жулуп, тырмагыма ийне сайды" деп даттанышкан.
"Азаттыктын" казак кызматы ооруканада оор абалда жаткан жарандар да СИЗОго жеткирилип, ур-токмокко алынганы тууралуу иликтөөлөрдү жарыялаган. Расмий Астана адегенде ал кыйноолорду четке кагып, кийин жүздөгөн арыздан кийин ондогон киши кармалганын мойнуна алган. Азыр алардын көбүнө сот өкүмү чыккан.
Коңшу Казакстандагы кандуу январь окуяларында 238 адам каза болгон. Алардын алтоо убактылуу кармоочу жайларда кыйноого кабылып, көз жумган. Мындан үч жыл мурун Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Ризабек Ожаров алардын экөө Алматыдагы убактылуу кармоочу жайда, үч киши Чыгыш Казакстан облусунда, дагы бирөө Талдыкоргондо каза болгонун билдирген.
2022-жылы жазында президент Касым-Жомарт Токаев жаңы башкы прокурор Берик Асыловду жамаатына тааныштырып, ага "кыйноо сыяктуу орто кылымдагы көрүнүштү" жок кылуу милдетин койгон. Прокурорго Январь окуясын тыкыр иликтеп, жарандардын укугун коргоону тапшырган.
Көп өтпөй Алматы облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы Серик Күдебаев "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, нааразылык акцияларында кармалган адамдарга кыйноо көрсөткөн" деп айыпталып, 10 жылга кесилген.
Шерине