Орус армиясы Украинанын Курахово жана Шевченко багыттарында катуу чабуулга өттү. Фронттогу кырдаалга көз салган украиналык DeepState долбоорунун маалыматына караганда, Курахово шаарынын батыш ыптасында салгылашуу жүрүп жатат.
Орусия Украинанын Курахово жана Шевченко багыттарында катуу чабуулга өттү. Газа тилкесинде Израил армиясынын соккусунан кеминде 67 киши набыт болду. Өзбекстанда социалдык тармактардын колдонуучулары Гайрат Дустовдун 15 суткага камалганына каршы флешмоб уюштурушту.
АКШнын Жаңы Орлеан шаарындагы 15 кишинин өмүрүн алган кол салууну Федералдык иликтөө бюросу теракт деп иликтеп баштады. 1-январда көчөдө жаңы жыл тоскону чогулгандарды машинеси менен тебелеп, кийин туш келди ок чыгарган адамдын тек-жайы аныкталды.
Жаңы Орлеанда 15 кишинин өмүрүн алган кол салуу теракт катары иликтене баштады. “Сапат” жалпы мүлкү, мөөрү “Маариф” фондуна өткөрүлүп берилгенин билдирди. УКМКнын төрагасы Ташиев алдыдагы эки жылда коррупцияга каршы күрөш күчөрүн билдирди. Оренбургдагы жол кырсыгында 4 кыргызстандык каза тапты.
"Сапат" эл аралык билим берүү мекемеси лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун, "өз укугун мыйзам жана эл аралык укук негизинде коргой турганын билдирүүдө. Мекеме бардык мүлкүн жана расмий мөөрүн “Маарифке” өткөрүп бергени 2-январда жарыялады.
Учурда жүздөгөн борбор азиялык мигранттар Мексика менен Америка Кошмо Штаттарынын чек арасындагы депортациялоо борборунда кармалып турат. Алардын катарында быйыл март айында президент Жо Байден баштаган бир нече кызмат адамдарын сотко берген өзбекстандыктар да бар.
2024-жыл аяктап баратканда, кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек арасы толугу менен чечилгенин билдирди.
Казакстандын Актау шаарындагы учактын кыйроосунан аман калган кыргызстандыктар Бишкекке жеткирилди. Жабыркагандарды мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурулган. Экөөнүн абалы туруктуу болсо, үчүнчүсү жандандыруу бөлүмүндө жатат.
"Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чыгып кетти. Таанымал укук коргоочу бул кадамга белгисиз адамдардын коркутуусунан жана мазактоосунан кийин барганын билдирди.
“Женго” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкектеги №1 тергөө абагында мекеменин кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынганын адвокаты билдирип чыкты. Маалыматты Акыйкатчы институту дагы тастыктады.
Дагы жүктөңүз