Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:31

"38 киши каза тапты". Түркияда түркмөн жана өзбек мигранттар аракка ууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Стамбулда соңку беш күндөн бери жасалма алкоголдук ичимдикке ууланып өлгөндөрдүн саны 38ге жетти. Алардын көбү өзбекстандык жана түркмөнстандык мигранттар. 30 киши оор абалда ооруканада жатат. Түрк бийлиги колдо арак жасап саткандарга тыкыр текшерүү жүрүп жатканын жарыялады. 

14-январдан бери Стамбулда жасалма аракка ууланып жалпысынан жүзгө жакын киши ооруканага кайрылганын түрк медиасы жазды. 38 киши каза болуп, сегиз бейтап дарылангандан кийин ооруканадан чыккан.

Жабырлануучулардын бири дарылануудан баш тартса, экөө ооруканадан качып кеткен. 30 бейтаптын абалы оор. Алар өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарга туташтырылганы айтылууда.

Жергиликтүү Sabah басылмасынын маалыматына караганда, каза болгондордун көбү Түркмөнстан менен Өзбекстандын жарандары.

18-январда Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу жасалма аракка ууланып каза болгон өзбекстандыктардын саны 17ге жеткенин кабарлады. Кайра жандандыруу бөлүмүндө дагы үч өзбек жараны оор абалда жатат. Буга чейин Стамбулда жасалма аракка ууланып Өзбекстандын жети, Түркмөнстандын үч жараны набыт болгону кабарланган.

Дипломатиялык мекеме окуяны иликтөө үчүн жергиликтүү бийлик менен кызматташып жатканын кошумчалады. Жасалма спирттик ичимдикке ууланган айрым өзбекстандыктар ооруканага кайрылбай жатканын, бул өтө кооптуу экенин эскертти.

"Айрым мекендештерибиз ууланып, бирок үй шартында дарыланууга аракет кылып, ооруканага кайрылбай жаткан учурлар да катталууда. Алар менен байланышканыбызда ооруканага баруу көп чыгымга алып келиши мүмкүн экенин айтышты. Бирок барбаса кийин бөйрөктүн иштебей калышына, көрүүнүн начарлашына жана дем алуу жетишсиздигине алып келет. Кандай болгон күндө да уулануунун белгилери байкалса, "Тез жардам" чакырып, оорукананын "кызыл зонасына" жатышы керек. Бул кызмат акысыз экенин эскертебиз" деп айтылат билдирүүдө.

Түркиялык адистер ууланууга көбүнчө алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүүдө колдонулган метил спирти (метанол) себеп болгонун белгилешет.

Окуяга түркмөнстандык жубайлар шек саналууда

Ал эми каза болгон түркмөн жарандарынын жалпы саны азырынча белгисиз. Бул маалыматты Түркмөнстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунан алуу дээрлик мүмкүн эмес.

Стамбулда жашаган түркмөнстандык активист Алишер Сахатов бул түркмөн жарандарынын Түркияда жасалма алкоголдук ичимдиктерден каза болушу биринчи учур эмес экенин айтты:

"2020-жылы 50дөн ашык түркмөн мигранттары каза болгон. Ал кезде түркмөн элчилиги алардын сөөгүн мекенге алып кеткен эмес. Ушул күндөрү түркмөн мигранттар менен дайыма байланыштамын. Бир күн мурун 19 жараныбыз каза болгонун уктум. Бирок сандар дайыма өзгөрүп жатат. Бул жолу Түркмөнстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү мекендештердин сөөгүн өлүкканадан алып, мекенине кайтарууну уюштурганы тууралуу такталбаган маалыматтар бар", — дейт Сахатов.

2020-жылы Стамбулда 58 түркмөн жасалма алкогол ичимдикке жапырт ууланган. Анда түрк маалымат каражаттары кабарлагандай, түркмөн мигранттарынын көбү коронавирустан коргонуу үчүн колго жасалган арак ичишкен. Анда түркмөн активисттери Түркияда арактан ууланып өлгөндөрдүн сөөгү мекенине жетпей, ошол жакта жерге берилгенин билдиришкен.

Бул жолу да "окуяга катыштыгы бар" деген шек менен эки түркмөнстандык кармалганы, аларга кылмыш иши козголгону кабарланган.

Жасалма арак чыгарып, сатууга шектелген түркмөнстандык түгөйлөр.
Жасалма арак чыгарып, сатууга шектелген түркмөнстандык түгөйлөр.

Түркмөнстандык түгөйлөр Стамбулдун Башакшехир районунда чакан ашканада жасалма арак жасап, аларды кичинекей желим бөтөлкөлөргө куюп, ар бирин 30 лирадан (болжол менен 1 доллар) сатканын түрк маалымат каражаттары жазды. Алар жашаган үйдөн 50 литр жасалма арак, маңзат, дары-дармек жана жасалма миграциялык документтер аныкталган.

Калаа администрациясынын маалыматы боюнча, 16-январда шаарда жергиликтүү күч органдары тарабынан 32 миң литр спирт конфискацияланган.

"Султангази, Фатих, Бакыркөй, Күчүкчекмеже, Чаталка, Эсенюрт, Зейтинбурну жана Бейкоз рай ондорунда рейддер жүргүзүлүп, тогуз шектүү кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө 227 бөтөлкө контрафакттык ичимдиктер жана дистилляциялык жабдуулар табылды. Кармалгандардын үчөө полицияга сурак бергенден кийин бошотулду, алты кишинин тергөө иштери уланууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми буга чейин Стамбул полициясы шектүү арак сатылган 63 соода жай жабылганын билдирген.

Көйгөй парламентте көтөрүлдү

Жасалма аракка ууланып каза болгондордун маселеси Түркиянын парламентинде да көтөрүлдү. Оппозициячыл CHP партиясынын депутаты Мустафа Адыгүзел 15-январда парламентте сүйлөп атып, өлкөдө спирттик ичимдиктерге салык эселеп өскөнүн, мындан улам "колдо" жасалган арзан ичимдиктерге талап көбөйгөнүн жана коомдун саламаттыгы тобокелге салынып атканын айтты.

"Жасалма арактын айынан жылына бери дегенде 500 киши каза болот. Бул чоң кыргын" дейт түрк депутат.

Дагы бир депутат Жумхур Узун жергиликтүү "Анка" агенттигине курган маегинде жасалма аракка ууланып каза болгондордун көбөйүшүнө өлкөдө спирттик ичимдиктин кымбаттыгы себеп экенин айткан.

"Сандар көрсөтүп тургандай, жасалма алкоголдун баасы дээрлик үч эсе кымбаттады, мындан улам калктын саламаттыгы коркунучта. Себебин изилдегенибизде эки өңүтү бар экенин көрдүк. Биринчиден, элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн кескин төмөндөшү. Экинчиден, алкогол ичимдиктерге салынган салык 300% ашкандыктан баа жогорулады", - дейт депутат.

Жыл башынан бери Түркияда спиртке ууланып каза болгондор жөнүндө утур-утур кабарланып жатат. Расмий Анкара буга тыкыр көз салып, текшерүүлөр күчөгөнүн кабарлаганы менен, серепчилер спирт ичимдиктерди "колдо" саткандардын саны жыл сайын көбөйгөнүн белгилешет.

Белгилей кетсек, 2024-жылы Түркияда алкогол ичимдиктерге салынган салыктын көлөмү 32% түзгөн. Учурда Түркияда эң арзан импорттолгон 70 мл бир бөтөлкө арактын баасы 491 лира (1210 сом).

Түркиянын статистика комитетинин 2019-жылдагы маалыматында бул өлкөдө 15 жаштан жогору курактагылардын дээрлик 15% алкогол иче турганы айтылган. 2022-жылы бул көрсөткүч 12% болгон. Статистика комитетинин 2019-жылдагы маалыматына ылайык, Түркия калкынын 74,4% өмүрүндө бир да жолу спирт ичимдигин татып көргөн эмес.

Ал эми "Өкмөттүн ичимдик саясатына мониторинг жүргүзүү" платформасынын маалыматына ылайык, 2024-жылы жүргүзүлгөн атайын oперацияларда 4 миллион 264 миң литр контрафакт жана контрабандалык алкогол продукция табылган. Анда жасалма жана мыйзамсыз сатылган спирт ичимдиктерин ичкен 47 адам каза болгону белгиленет.

Шерине

XS
SM
MD
LG