Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпыга маалымдоо каражараттарында (ЖМК), социалдык тармактарда жалган маалымат тараткандарга айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады. Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документ Жогорку Кеңешке 4-мартта түшкөн.
Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде фейк аккаунттар соцтармактарга ар кандай окуяларда терс маанай жаратып, кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн катталары жазылган. Социалдык тармактарда коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын, мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузууга багытталган жалган маалыматтарды чыгарган адамга 20 миң сом, андай маалыматты жарыялаган юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу сунушталды.
10-февралда эле Кыргызстанда интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу каралган мыйзам күчүнө кирген.
Мазактоо жана жалаа жабууга байланыштуу арыздарды Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе, жалган маалымат таратты делген адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салынат.
Жарандык коомдун өкүлдөрү, эркин медиалар жана бир катар эл аралык уюмдар мыйзам кабыл алынса өлкөдө пикирин ачык айткандарды жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршы экенин билдиришкен.
Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Ал социалдык тармактарда фейктерге каршы иштей турганы айтылган. Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган жалпыга маалымдоо каражатын соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет. (BTo)
Шерине