Израил 15 айдан бери биринчи жолу миңдеген палестиндерге Газанын түндүгүнө кайтууга жол ачты. Казакстанда 2022-жылдагы Январь окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыкты. АКШнын миграциялык саясатындагы өзгөрүүлөрдөн улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда жүргөн же бул өлкөгө барганы жаткан жарандарды миграциялык мыйзам жоболорун так сактоого чакырды.
Жекшембинин кечинде Израил Газанын тургундарын тилкенин түндүк тарабындагы үйлөрүнө өткөрө баштады. АКШнын президенти Дональд Трамптын анклавда кайра куруу иштери аяктагыча газалыктарды араб өлкөлөрүнө көчүрүү тууралуу сунушу сынга кабылды.
Казакстанда сот 2022-жылдагы Январь (Каңтар) окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыгарды.
Түркмөнстандын Балкан облусунун коопсуздук органдары мамлекеттик кызматкерлерден президент Сердар Бердымухамедов менен анын атасынын сүрөттөрү бар гезит-журналдарды "тиричиликке колдонбойбуз" деген тилкатка кол коюуну талап кылууда.
Түркиянын Анталия шаарында жашаган кыргызстандык келин түрк күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылганын "Азаттыкка" айтып берди. Буга чейин социалдык тармактарда келиндин денесинде көгала издер бар экени жана колу бычак менен кескиленгени жарыяланган.
Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылып, 63 жаштагы аялдын өлүмүнө алып келди. Милиция иш козгоп, териштирүү жүргүзүүдө. Адистер газ киргизилген үйлөрдөгү өрт коопсуздугун сактоо керектигин эскертип жатышат.
Кыргызпатент мекемесинин басма сөз катчысы Мээрим Ташыбекова шылуундарга алданганын айтып чыкты. Ал октябрдын башында белгисиз номерден чалган адамдар өздөрүн күч органдарынын жана Улуттук банктын өкүлү катары тааныштырганын, аларга ишенип банктардан ири суммада насыя алганын айтууда.
АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн Мексика менен чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялап, CBP One тиркемеси иштебей калды. "Азаттык" ушул тапта Мексикада жүргөн айрым кыргыз жарандары менен байланышты.
Мексиканын бийлиги АКШдан артка кайтарылган жарандары үчүн баш калкалоочу жайларды даярдап жатат. Бирок президент Клаудия Шейнбаум үчүнчү өлкөлөрдүн мигранттары кабыл алынбай турганын билдирди. Президент Трамп АКШ-Мексика чек арасына 1500 аскер жөнөтүү тууралуу буйрукка кол койду.
Баш калаа Бишкектин ыш көйгөйү ушул жумада парламентте көтөрүлдү. Анда депутаттар өкмөттөн абаны булгап жаткан себептерди жоюуну талап кылды. Айрым эл өкүлдөрү соңку жылдары өлкөдө ыштын айынан ден соолугунан ажырагандар болуп жатканын айтышууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ушу тапта Орусиянын көзөмөлүндөгү аймактардан Киев юридикалык негизде баш тартпасын билдирди. Муну менен бирге ал согуштун активдүү баскычын токтотууну колдоорун кошумчалады.
АКШнын президенти Дональд Трамп 20-январда инаугурациядан кийин дароо мыйзамсыз миграцияны ооздуктоого киришти. Америкадагы кыргызстандык мигранттарды бул чечимдер канчалык түйшөлтөт? Трамптын алгачкы кадамдары дүйнөгө, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир тийгизиши мүмкүн?
Дагы жүктөңүз