Газа: Согушту токтоткон келишимдин шарттары
АКШнын президенти Израил менен ХАМАС радикал уюмунун ортосунда ок атышууну токтотуу келишими жетишилгенин 15-январдын кечинде жарыялады. Көп өтпөй ЦАХАЛ Газага аба соккуларын улантканы кабарланды. Израилдин бийлиги ХАМАС менен акыркы мүнөттөрдөгү пикир келишпестик келишимди толук бекитүүгө жолтоо болуп жатканын билдирди. ХАМАСтын өкүлдөрү арачылар жарыялаган макулдашуунун жол-жоболорун сактоого даяр экенин ишарат кылышты.
Шерине