Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:15

"Мурдуңду тыкпа, сүйлөбө". Лидер аялдарга эркектер бут тособу?


Аялдар маршы. Бишкек шаары.
Аялдар маршы. Бишкек шаары.

Кыргызстанда аялдар кыймылынын жүз жылдыгы өлкөдө бир катар таанымал кыз-келиндер камалып, соттолгон учурга туура келди.

Соңку жылдары бийликке сын айткандардын камалышы, бейөкмөт уюмдарда иштегендерди “чет элдик өкүл” деп тааныган жана сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар лидерликке, жарандык активизмге умтулган аялдардын үмүтүнө суу септиби? Авторитардык өлкөдө кыз-келиндер эмнеге өз оюн ачык айтуудан чочулайт жана мунун коомго кандай кесепети болушу мүмкүн?

Ооганстандын жолу, Отунбаеванын кайрылуусу

Мындан туура бир кылым мурда - 1925-жылы март айында Кыргызстанда аялдар катышкан биринчи курултай өткөн.

Бул датага карата Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева элге видео аркылуу кайрылуу жасады. Ал Ооганстандагы аялдардын учурдагы оор абалын мисал келтирип, кыргыз жарандарын гендердик теңчиликти сактоого чакырды.

Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

“Мен теңчилик үчүн күрөштү эч качан токтотпоо керектигин азыр өзүм Ооганстан боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясын башкарып, эмгектенип жатканда ушул өлкөнүн мисалынан көрүп турам. Чынында Ооганстандагы аялдар менен кыздардын бир гана аба жутканга укугу бар деген ойго келип калам. Андан башканын баарына тыюу салынган. Соңку үч жыл ичинде “Талибан” өкмөтү шариятка жүйөлөп элүүдөн ашык жарлык чыгарды. Анын ичинде кыздарга 6-классты аяктагандан кийин билим алууга, университеттерге окууга тыюу салынган. Аялдарга жана кыздарга парктарга, спорттук залдарга, асыресе мончого барууга уруксат жок. Отуз километрден алыс жерге коштоочусу жок барууга болбойт аялдарга. Мамлекеттик кызматтарга, улуттук жана эл аралык бейөкмөт уюмдарга иштөөгө жол жабык. "Хижаб кийинүүнүн эрежеси башка жана мыкты түрү - бул себепсиз үйдөн чыкпоо" деп аялдар өкүнүп айтып калат. Өлкөнүн жарым эли камалып, үйдө отурат. Ушундай учурду бизде элестетип көргүлөчү? Биздин өлкөнүн аялдары жашоонун бардык чөйрөсүндө илимге, искусствого, саясатка, экономикага, билим берүүгө жана медицинага баа жеткис салым кошуп келе жатышат. Бүгүнкү милдетибиз - жетишкендиктерди андан ары өнүктүрүү. Ар бир аял өзүн корголгон жана кадыр-барктуу, эркин сезе турган коомду түзүү. Бир нерсени эстеп жүрөлү, консервативдүү жана зомбулуктуу практикага кайтуу бир паста. Абдан тез жүрүшү мүмкүн. Теңчилик - бул кыймыл-аракет, ал өзүнөн өзү келбейт. Ал ар бирибиздин аракетибизден жана чогуу жүргүзгөн ишмердигибизден жаралат. Бул биз, баарыбыз эркектер менен аялдар, мамлекеттик түзүмдөр жана жарандык коом бирге басчу орток жол. Бул күн аялзатына карата тилектештиктин, колдоонун жана урматоону эске салган күн болсун”.

Бүгүн укук коргоочу аял, эртең сиз...

Кыргызстанда соңку жылдары бир катар таанымал аял ишмерлер, журналисттер камалып, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынды. Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасулова өлкөдөн чыгып кетти.

“Интербилим” коомдук уюмунун жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева коомдук, саясий иштерге активдүү аралашып жүргөн аялдардын бири. Ал жакында эле Ош шаардык кеңешинин калаадагы бак-дарактарды кыйган токтомун жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылган.

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

“Аймактагы укук коргоочуларга митингге чыгып, акцияга чыгууга бөгөт коюлган. Өз үнүбүздү бийликке жеткирип, Конституцияда ыйгарылган эркин жүрүш, пикет, акцияларды аянтта өткөрө албайбыз. Бизге чектеп берген жер тар, адамдар келбейт, көрүнбөйт. Экинчи жагынан сотко бергенден кийин аңдуулар бар. Үчүнчүдөн, цензура. Азыр жалган жалаа боюнча мыйзам кабыл алынбадыбы. Биз өзүбүздүн социалдык медиага жазган билдирүүбүздү да этияттап, илинип калбайлыбы деп абайлап жазып калдык. Үнүбүздү мурдагыдай жеткире албайбыз. Укук коргоочуларды саясатка аралаштырбай турган “Чет элдик өкүл” мыйзам кабыл алынды. Бийликтен маалымат алуу, чечимине катышуу үчүн реестрге киргиле деген мажбурлоо болушу мүмкүн. Бизге кайрылган аялдардын, балдардын муктаждыктардын бийликке жеткирип, маселени чечкиле деп талап кое албай жатабыз. Жабыркаган адамдардын үнү жогору жакка жетпей калууда”.

Мамасалиева мындай чектөөлөр акырындап кыргыз аялдарынын лидерликке умтулуусун, коомдук-саясий көйгөйлөрдү чечүү каалоосун өчүрүшү мүмкүн дейт.

“Аялдардын лидерлиги карып баратат. Биз эле 50дөн ашып калдык. Азыркы кырдаалды көрүп, укук коргоочу болгусу келген жаш кыздардын шагы сынып калды да. Акыркы беш-он жылда укук коргоочу аялдар чыкпай да калышы мүмкүн. Активдүү кыздар жакындарынын, коомчулуктун басымына да кабылууда. "Үйдө эле отура бербейсиңби, камалып кетесиң" деп тыйган учурлар бар. Аялдар бир нерсе жазса, айтса эле эркектердин сынына кабылат. Лидерлик деген бир гана укук коргоо жаатына же саясатка эле тиешелүү эмес да. Башка жаатта дагы лидерлер болушу мүмкүн. Бирок укук коргоочуларга келген кысым акырындап аларга да жетиши мүмкүн. Азыр мамлекеттик иш-чараларга журналисттер же укук коргоочулар барган жок. Илимдеги аялдарды көтөрмөлөп чакырышууда. Бирок катаал система бара-бара алардын дагы шагын сындырышы мүмкүн. Лидер болуш үчүн эркиндик керек. Эркиндик жок жерде аялдар лидер боло албайт. Бизде эркиндик бар дешет, бирок биз мурунку демократиянын, эркин доордун жемишин азыр жеп атабыз. Келечекте кандай болорун айтуу кыйын”, - дейт Мамасалиева.

Медиа серепчи Аскер Сакыбаева мындай басымдар медиа чөйрөсүн да тарытып, журналистикада аялдардын ролун төмөндөтөт деп эсептейт. Ушу тапта Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы абакта алты жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.

“Активдүү, ой-пикир айткан айткан кыз-келиндерди сөз менен басмырлоо күчөп жатат. Ушул риторика күчөп отуруп, 19-кылымга кетип калабызбы деп чочулайм. Билинбей эле "үйдө отур, балаңды бак” деген түшүнүк орноп калышы мүмкүн. Кысымдан улам акыркы жылдары журналистика чөйрөсү да тарып барат. Өз алдынча иштеген, азганактай ЖМКлар туш-тараптан кысылып, эскертүү алып, өзүн-өзү цензуралап иштеп, иликтөөлөр азайып кетти. Убакытты, адамдык ресурсту, финансыны талап кылган бул жанрды кыздар жакшы өздөштүрүп жатат эле. Жакында "туура эмес пикир" үчүн 20 миң сом айып салган мыйзам ишке кирбедиби. Акыл-эси бар адам мындайда унчукпай, өзүн цензуралай баштайт. Эркин ой айтуу да коркунучтуу болуп калды. Азыр эми өз оюн ачык айткан кыз-келиндерди, айрыкча чек ара маселесинде сүйлөгөндөрдү “акылың жетпеген ишке кийлигишпе, Баткенди көрдүң беле, үйдө отур” деп жаалап жатышат. Мен Баткенди көрбөсөм да жарандык оюмду айтканга укугум бар да. Эмне үчүн аны башкалар тыйышы керек?”.

Кыргызстандагы теңчиликке Батыш суктанабы?

Кыргыз бийлиги көп жылдан бери аялдардын саясатка аралашуусун өз жетишкендиги катары сыпаттап келет.

Алсак, Аялдар кыймылынын жүз жылдыгына арналган форумда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандагыдай гендердик теңчилик эч бир өлкөдө жок экенин белгиледи.

“Кечээ жакында Европарламенттин депутаттарын кабыл алдык. Ошол жерде кыргыз айымдары тууралуу сөз болгондо айттык. Биздикиндей гендердик теңчилик Германияда да, Францияда да, Англияда да жок. Парламентте ар бир үчүнчү орунду аялга берип жатабыз. Ал бир дагы өлкөдө жок”.

Анткен менен азырынча Кыргызстанда Европа өлкөлөрүндөй күч түзүмдөрүн, жада калса РИИБлерди жетектеген аялдар да жок. Ушу тапта өкмөттүн өзүндө бир гана аял министр иштеп жатат.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев аялдар гендердик теңчилик үчүн күрөшүп, бир катар укукка ээ болгон күндөн тарта Батыш өнүгүү жолуна түшкөнүн эске салды.

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

“Биздин коомдо аялдардын активдүү болушу аялдарга эле керек деген түшүнүк бар. Бул туура эмес. Аялдардын коомдук-саясий турмушка катышуусу - жалпы коомдун кызыкчылыгы, коомдун өнүгүүгө болгон мүмкүнчүлүгү. Аялдардын саясатта активдүү болушу ошол эле коомдун пайдасына иштейт. Тарыхка карасак, Батышта аялдарды чектеген патриархаттык маданият өкүм сүргөн. Аябай өнүккөндөрү да гендердик теңчиликке кечээ эле, 150-50 жыл мурда эле жеткен. Британияда суфражист аялдар жүрүшкө чыгып, акырындап феминисттик кыймылдар пайда болуп, башка өлкөлөргө жайылып, өз укугун талашып жатып эркектер менен бирдей укукка жетишкен. Анализдерге, аргументтерге карасак, аялдар экономикалык, саясий жактан активдүү өлкөдө гана өнүгүү болот экен. Анткени мурда унчукпаган коомдун тең жарымы катышуу, үн катуу, билим алуу, иштөө аркылуу өз көз карашынын, мүмкүнчүлүгүнүн негизинде коомго салым кошо алган. Ошону биз түшүнүшүбүз керек. Эң билимдүүлөр, эң тажрыйбалуулар аялбы же эркек болобу коомго бирдей кызмат кылууга тийиш. Активдүү аялдардын көп болушу келечек үчүн да керек, анткени билимдүү эненин бала тарбиялоодогу ролу да башкача болот”.

Саясий серепчи Алмаз Тажыбай уулу аткаруу бийлигинде аялдардын санын көбөйтүү зарыл экенине токтолду. Ал кыргыз бийлиги айткан айрым жетишкендиктер аялдардын өзүнүн жеңиши экенин белгиледи.

“Учурда аялдардын укугун бузуу, фемицид өңдүү терс көрүнүштөр болуп жатат. Бирок ага карабай убагында демократиянын шары менен аялдарды саясатка катыштырып, көп жетишкендиктер болгонун да айта кетели. Аялдардын саясатка катышуусу менен, бейөкмөт уюмдарда иштегени менен, журналист аялдардын чагылдырышы менен убагында аялдардын укугун коргогон көп мыйзамдар кабыл алынган. Жергиликтүү жана Жогорку Кеңештерге аялдарга квота берилгени аялдардын өз укугун талашканынан, активдүүлүгүнөн улам болуп жатат. Жетекчи аялдар көп болсо андан жакшы болмок. Мен байкагандан бизде эркектерден он эсе мыкты аялдар бар. Бирок кайсы бир психологиядан улам чектелип калган. Президент аткаруу бийлигине аялдарды көбүрөөк тартса дейм”.

Өткөн жылы кыргыз бийлиги жетекчиликке даярдалган аял кадрлардын резервин түзүүнү ниет кылып, 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жарлыгына кол койгон.

Президент Садыр Жапаров быйылкы 8-марттагы куттуктоосунда бул программа ишке ашырылып жатканын белгиледи.

“Өлкөбүздө аялдардын экономика, саясат жана коом турмушуна батыл аралашуусун камсыз кылууга багытталган 2030-жылга чейин аялдар лидерлигин илгерилетүү боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылууда. Программанын алкагындагы иш-аракеттер кыргыз айымдарынын дараметин ачуу, алардын экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөө жана карьералык жактан өсүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө өбөлгө болот”, - деп жазылган Жапаровдун куттуктоосунда.

Жакында сунушталган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзамында аялдарга 30 мандат берүү каралган.

"Аялдар күчтүү, бирок ага өзү ишенбейт"

Эгемендик алгандан бери кыргыз аялдары экономиканы алга жылдырган күчкө айланганы айтылып келет. Бирок ошого карабай аялдар лидерликке, жетекчилик кызматка умтулбай жатканын ишкер Рысгүл Акимжанова мындай сыпаттады.

Рысгүл Акимжанова
Рысгүл Акимжанова

“Аялдарга тоскоолдук бардык тармакта бирдей эле да. Анан аялдарды эркектер өтө кылдат колдонуп келет. Ошол эле үйдө болсун, саясатта болсун. Аялдардын бири-бирине тилектештиги күч болсо, бири-бирин колдоп турса ийгиликке жеткенге, коомду алга жылдырганга жакшы болмок. Тилекке каршы андай эмес. Биздин кыргыз аялдары абдан күчтүү. Бардык тармакты алдыга тартып жүрөт. Бирок өзүнүн күчүн сезбегени мени абдан өкүндүрөт. Биз дайыма ичтеги, тыштагы, коомдогу жетишкендиктердики өз жеңишибиз катары тааный албайбыз. Күйөөсү, туугандары, сырткы факторлор аркылуу аял ийгиликке жетет деген стереотиптер орноп калган. Ошол эле маалда өзүн өнүктүрүү болобу, билим берүү болобу айтор кайсы жыйынды караба аялдар катышып, өздөрүн өнүктүргөнгө дайыма умтулуп келишет. Бирок кайра эле өзүнө ишенбегени үчүн эркектер эмнени айтса, ошону аткарышат. Кээде алар аркылуу эркиндикти чектеген мыйзамдар кабыл алынып, "эки аял алуу" сыяктуу диний көз караштар таратылып жатат. Ошол эле маалда өз оюн айткан, позициясы бар аялдарга өтө чоң чабуул болуп жатпайбы. Аларга ошол эле башка көз караштагы аялдар асылышат. Аялды аялдын колу менен талкалоо жүрүп жатат десек болот”.

Депутат Элдар Абакировдун пикиринде лидер, тың аялдар көп болушу үчүн үй-бүлөдөгү тарбия моделин өзгөртүү керек.

“Кызды үйдөн атасы же апасы болобу, чөйрө болобу басмырлабашы керек. Кыргыздын кыздын кырк чачы улуу деген баалуулуктары кала бергени оң. Кыз - бул эне, келечектеги аял. Бирок кыздарга тыюу күчөдү дегенге кошулбайм. Анткени азыр активдүү болгусу келген жаштарыбыз, анын ичинде кыздар арбын. Мисал катары айтсак, IT тармагында лидер кыздарбыз көп эле”.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында өлкөнү бир жылдан ашуун аял президент башкарган. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийинки убактылуу өкмөттүн тушунда Роза Отунбаева президент болуп турган.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук күч алганы айтылып келет. Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталды.

Шерине

XS
SM
MD
LG