Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:50

Баткен: Облус башчынын сынга кабылган мамилеси, коомдогу талап


6-марттагы жолугушуудан алынган сүрөт, коллаж
6-марттагы жолугушуудан алынган сүрөт, коллаж

Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча келишиминин алкагында Достук айылынан көчүп жаткан элге мамилеси сынга кабылып, эскертүү алды. Ал эмоцияга алдырганын айтып, элден кечирим сурады.

Бул көрүнүш мамлекеттик кызматкерлердин этикасы тууралуу талкууларга жем таштады.

Баткендин Достук айылынын тургундары менен облус бийлигинин жолугушуусу орток пикирде эмес, жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгы менен коштолгону 7-мартта белгилүү болду.

Социалдык тармактарда тараган тасмаларда президенттин өкүлү Айбек Шаменов добушун өктөм чыгарып, элди кекетип урушуп жатканы коомчулуктун бүйүрүн кызытты.

6-марттагы жолугушууда Достук айылынын элин Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечимине байланыштуу талкуу болгон.

Жыйында Достуктун айрым тургундары беш сотыхтан эмес, 10 сотыхтан жер берүүнү суранышкан.

"Силер азыр 5 сотых деп жатасыңар. Биз орустардай эмеспиз да, үйдүн ичинде ажаткана болбойт. Үйгө ажаткана жакын болуп калат. Жок дегенде 12 сотых кылып берсеңер".

Айбек Шаменов анда мамлекет адамдарга турак жай салып бербей турганын айтып, өктөм добуш менен орой мамиле кылган.

"Угуп коюңуз, аксакал. 5 сотых жерге үй салып беребиз, беш сотых жер жөн беребиз короо кылып аласыздарбы, же келечекте үй саласыздарбы... Эгер түшүнбөсөңөр айткыла, орусча айтып берейин. Эгер анда да түшүнбөсөңөр англисче айтып берейин. Сиз угуп жатасызбы мени?!"

Жолугушууга катышкан жергиликтүү тургундардын бири “Азаттыкка” Шаменовду элдин пикирин сыйлабаган, эл менен эсептешпеген жетекчи катары сыпаттады. Ал аты-жөнүн ачык берүүнү каалаган жок.

“Орой мамиле кылууга жетекчинин укугу жок. Эл башчысы болуп тургандан кийин элди канаатандырып сүйлөп, кичи пейил болуш керек”.

Достук айылынын дагы бир тургуну Сайидбурхан Жапаров облус башчысы өзү чече албаган көйгөйлөрдү президентке же жогорку кызмат адамдарына жеткириши керек деп эсептейт.

“Биздин элдин оюн угуп, өзү чече албаган маселени “менин колумдан келбейт, мен жогору жактарга жеткирейин” деген мамиледе болуш керек эле. Бул киши жогору жакты ойлобой өзү билемдик кылды. Биз андан учурда жашап жаткан жердеги бак-дарактарыбызды, теректерибизди кыйып кетели дедик. Мисалы, карап көрүңүз, жүгөрү эксең деле бир жылда түшүмүн аласыз. Ал эми теректердин үзүрүн 10-20 жылга барып көрөсүң да. Бул киши терегиңе, талыңа тийбе дейт. Биз өкмөт салып берген үйдүн бир жерине да тийген жокпуз. Эгер бул маселелерди өзү чече албаса жогорку жактагылар менен кеңешсе болот эле да”.

Чек ара: Достук айылы 3-4 айда көчүрүлөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:41 0:00

Коомдогу сын-пикирлерден көп өтпөй эле президент Садыр Жапаров облустагы өкүлүнө оозеки эскертүү бергенин мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Мамлекет башчысы кызмат адамдары этикалык нормаларды сактоо жана калкка урмат-сый менен мамиле кылуу үчүн өзгөчө жоопкерчиликтүү экенин баса белгиледи. Айрыкча ыйык Орозо айында мындай жүрүм-турумга жол берилбейт. Президент мамлекеттик бийликтин бардык өкүлдөрүн жарандар менен иштөөдө урмат-сый жана сылыктык принциптерин бекем сактоого чакырды”, - деп айтылат маалыматта.

Буга карабай социалдык тармакта Шаменовдун кызматтан кетишин талап кылгандар бар.

Юрист Асылбек Конгуров жетекчинин элге мамилесине байланыштуу өлкө башчысына кайрылуу жолдоп, аны кызматтан алууну талап кылгандардын бири:

“Мамлекеттик кызматтын өзүнүн этикасы бар. Ар бир мамлекеттик кызматкер ошол талаптарды сакташы керек. Бул облустагы эң чоң кызмат орду. Ошол кызматка кесипкөй адам барышы керек. Чек ара маселесине байланыштуу ал жердеги жашап жаткан адамдар өтө сезимтал болуп калышкан. Мен ал кишинин аракетин сынга алып, керек болсо анын кетишин талап кылып жатам".

Айбек Шаменов кийинчерээк УТРКнын Баткен облустук бөлүмүнө маек берип, жергиликтүүлөрдөн кечирим сурады. Ал Достуктан көчүп жаткандарга мурдагыдай 20 сотых эмес, 30 сотыхтан жер бөлүнөрүн кошумчалады:

“Элдин сунуштары менен ойлонуп чечим кабыл алдык. Кечээги чечимден сырткары азырынча 10 сотых жерге үй куруп беребиз, 10 сотых келечекте турак жай салганга бөлүнөт, өздөрү көргөн Кызыл-Белден 10 сотых айыл чарбага бөлүнүп берилет. Жалпы 30 сотых. Эл менен жолукканда 20 сотых тууралуу сөз болгон. Эл менен жолукканда чындыгында эмоцияга алдырып коюп, Достук айылынын элинен кечирим сурайбыз”, - деди Шаменов.

  • Айбек Шаменов бул кызматка президенттин жарлыгы менен 2024-жылдын 24-декабрында дайындалган. Ага чейин УКМКнын төрагасынын орун басары, Антитеррордук борборунун директору кызматын аркалап турган. Шаменов тууралуу ачык булактарда маалымат дээрлик жок.

Достуктун тургундары менен болгон жолугушуудан кийин коомчулукта мамлекеттик кызматкерлердин, жетекчилердин этикасы, кадр маселеси боюнча да талкуулар жүрүп жатат.

27-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алып жатканын жарыялаган.

5-мартта бул маселе Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлгөн. Парламенттин борбордук трибунасынан сөз алган депутат Султанбай Айжигитов Достук айылын алмашуу чечимин "туура эмес" деп эсептей турганын билдирип, "сунушталып жаткан документ бекитилсе, Тажикстан Ворух анклавына коридор аларын" айткан.

Ошол эле күнү Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы депутатты өз катарынан чыгарган. Фракция лидери Динара Ашимова Айжигитов "фракциянын саясий позициясына туура келбеген ой айтканын" билдирген.

6-мартта президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо келишимдери тууралуу “Кабар” агенттигине маек куруп, эки өлкөнүн чек ара маселеси түбөлүк чечилип жатканын белгиледи жана Айжигитовдун сөзүнө комментарий берип, ал "билип туруп манипуляция кылып жатканын" айткан.

  • Достук – Баткен шаарынан 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган.


2022-жылы да чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик толугу менен талкаланып, атайын план менен кайра курулуп, түптөлгөн. Социалдык мекемелер, мектеп, баары жаңыланган.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо иштери тууралуу расмий Дүйшөмбү азырынча маалымат бере элек.

Достуктун тургундарын Чет-Булак жерлигине көчүрүү жакынкы күндөрү башталарын, үч-төрт ай ичинде элди көчүрүп чыгуу аяктай турганын буга чейин облустук бийлик "Азаттыкка" билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG