Президент Садыр Жапаров автотранспорт салыгын толугу менен жойгон жарлыкка кол койду. Өзбекстанда Гүлнара Каримова аялдар колониясынан жатак абакка которулганы белгилүү болду. Израилде митингге чыккандар 400 күндөн ашуун хамасчылардын барымтасында отурган туткундарды бошотууну талап кылды.
Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова эски жыл соңунда Ташкент облусунун Зангиата районундагы №21 аялдар колониясынан жатак абакка которулганы белгилүү болду.
5-январда Баткенде Арка-2 айылында белгисиз жарылуучу заттан жарат алган энеси менен кызынын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатат. Бирок биринчи келгендегиден кыйла жакшырып калганын айтышты. 32 жаштагы келин 11 жаштагы кызы менен короосундагы эски темир-тезекти жыйнап жатканда жарылуу болгон.
Жаныбек Жакыпов эс-учун жоготуп койгондо жергиликтүү тургундар менчик клиникага алып барышканын, жакынкы күндөрү мекенине кетерин айткан аудиону Ассол Молдокматова таратты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык каналдар аркылуу өз жаранын издеп жаткан.
Тибеттин бийик тоолуу райондорунун биринде жер титиреп, 100дөй киши каза таап, 150дөн ашуун адам жараат алганын Кытай медиасы кабарлады. АКШнын Чикаго шаарында кыргызстандык жаран киши колдуу болду.
Тибеттин бийик тоолуу райондорунун биринде жер титиреп, 100дөй кишинин өмүрү кыйылды. 150дөн көбү жараат алганын Кытайдын медиасы кабарлады. Магнитудасы 6,9га жеткен зилзалада көп имарат урап калган. Зилзала Кытайдын Тибет автоном аймагынын аймагында, Непал менен чек арага жакын жакта катталды.
Тибеттин бийик тоолуу райондорунун биринде жер титиреп, 120дан ашуун кишинин өмүрү кыйылды. 150дөн көбү жараат алганын Кытайдын маалымат каражаттары кабарлады. Күчү 6,9 баллга жеткен зилзалада көп имарат урап калган.
Тажикстандык Сайфиддин Тажибаев Сириянын жаңы армиясында жогорку кызматка ээ болгону кабарланды. Ал өз өлкөсүндө "чет элде согушка жана террордук актыларга аралашкан" деген шек менен издөөдө жүрөт.
35 жаштагы казак жараны Ауэз Капсаланов мындан үч жыл мурда Январь окуялары маалында Алматынын борбордук аянтында атып өлтүрүлгөн. Ал 2022-жылдын башындагы кандуу окуяларда набыт болгон 238 кишинин бири.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Курахово шаарын толук өз карамагына алганын жарыялады. Киев бул маалыматты ырастай элек. Болгону ал жакта соңку бир суткада отуздай кагылышуу болгонун гана билдирди. 5-январдын таңында украин армиясы Орусиянын Курск облусунда жаңы чабуулун баштады.
5-январда Баткен облусунун Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Арка-2 айылында белгисиз зат жарылып, эки адам жараат алды. Каргаша 32 жаштагы келин кызы менен короосунда эски темир-тезекти жыйнап жатканда болгон.
Орус армиясы Украинанын Курахово жана Шевченко багыттарында катуу чабуулга өттү. Фронттогу кырдаалга көз салган украиналык DeepState долбоорунун маалыматына караганда, Курахово шаарынын батыш ыптасында салгылашуу жүрүп жатат.
Дагы жүктөңүз