Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:05

Түндүк Корея суу астында жүрүүчү өзөктүк кеме курганын билдирди


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын аскердик кемелерди куруу ишканасында.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын аскердик кемелерди куруу ишканасында.

Түндүк Корея өзөктүк реактору болгон, баллистикалык ракеталарды ташууга мүмкүнчүлүгү бар суу астында сүзүүчү кеменин курулушу тууралуу билдирүү жасады. Кемени куруучу ишкананы өлкөнүн лидери Ким Чен Ын 2-мартта текшергенин Кореянын Борбордук телеграф агенттиги жазды.

Бул өзөктүк кеменин курулушу тууралуу жасалган биринчи расмий билдирүү болду. 2023-жылдын октябрь айында Түштүк Кореянын чалгындоо кызматы бул кеменин курулушу боюнча иш башталганын маалымдаганын “Рёнхап” агенттиги жазды.

2024-жылдын январына карата курулуш башталгыч этапта болгону белгиленген, ал эми Сеулдун чалгынчылары сөз реактордуу кеме жөнүндө экенине так ишене алышкан эмес.

2023-жылдын сентябрында Түндүк Корея суу алдынан өзөктүк сокку урууга кудуреттүү биринчи тактикалык кемени сунуштаган. Ошол маалда Ким Чен Ын суу астындагы флотту кеңейтүү тууралуу планын жарыялаган.

Учурда Түндүк Кореяныкы дүйнөдөгү эң чоң флоттордун бири болуп саналат. Ар кандай эсептөөлөргө караганда, өлкөнүн флотундагы суу астында жүрүүчү кемелер 70тен 90го чейин жетет.

Шерине

XS
SM
MD
LG