Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

АКШ же Евробиримдик: Украинага ким көп жардам берди?


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

2022-жылы Орусия Украинага ар тараптан басып киргенден бери АКШ, Евробиримдик жана башка союздаштар Киевге жардам берүү үчүн жалпысынан 287 млрд доллардан ашык сарпташканын Дүйнөлүк экономика боюнча Киль институту билдирди.

АКШ Украинага 122 млрд доллардан ашык каржылык, гуманитардык жана аскердик жардам көрсөткөн бирден бир ири донор болуп саналат.

Еврошаркеттин бардык мамлекеттери жана Еврокомиссия 2022-жылдын январынан 2024-жылдын декабрына чейин АКШ менен бирдей өлчөмдө – 121,87 млрд доллар жумшаган.

Бирок бул көрсөткүчтөр качкындарга берилген жардамга келгенде өзгөрөт.

Евробиримдик украиналык качкындарга көмөк көрсөтүү үчүн кошумча 131 млрд доллар сарптаганын Киль институту белгилейт. БУУнун маалыматы боюнча учурда шаркетте 4,4 млн украиналык качкын жашап жатат.

Бул көрсөткүчтөр Украинага, анын ичинде качкындарга көмөктөшкөн Евробиримдиктин жалпы жардамы 251 млрд доллардан ашык сумманы түзөт дегенди билдирет.

Бул сан 2022-жылы октябрда жарыяланган Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨУ) эл аралык миграция боюнча баяндамасындагы качкындарга байланыштуу чыгымдардын негизинде аныкталган. Андан бери шаркеттин көпчүлүк өлкөлөрү украиналык качкындарга каржылык колдоону азайтты.

Евробиримдиктеги украиналык качкындардын басымдуу бөлүгү иштеп, ошол өлкөлөрдүн улуттук экономикасына салым кошууда. Польшада украиналыктардын болжол менен "65% иш менен камсыз болгон".

АКШ жакында украиналык качкындарды колдогон негизги "Украина үчүн биригүү" программасын токтотту.

Ички коопсуздук департаментинин маалыматы боюнча 2024-жылдын апрелине карай бул программанын алкагында 236 миңден ашуун украиналыктар АКШга көчүп келүүгө уруксат алышкан. Бирок АКШ бул программага чектелген каражат бөлгөн жана алардын жашоо чыгымдарын жабуу үчүн Кошмо Штаттарда каржылык жактан колдой турган демөөрчү табуу талап кылынган.

Бардык жардам белекпи?

Украинага жардамдын бир бөлүгү насыя түрүндө берилип, аны Киев кайтарып бериши же камакка алынган орусиялык активдерден түшкөн кирешеден төлөнүшү керек.

АКШ, Евробиримдик жана башка өлкөлөр Москва Украинага басып киргенден кийин Орусиянын Борбордук банкынын 300 млрд доллардай каражатын камакка алган.

Январда Еврокомиссия камакка алынган орусиялык активдерден алынган кирешенин эсебинен 3 млрд еврону Киевге жөнөткөн.

Ошол эле учурда АКШ жана башка өлкөлөр берген жардамдын бир бөлүгү Украинага жетпейт. Анткени ал акча аскердик техника сатып алууга же чет өлкөдө коргоо өндүрүшүнө инвестициялоого жумшалат.

Мисалы, 2024-жылы Конгресс бекиткен 61 млрд долларлык жардам пакетинин 7 млрд доллары 155 миллиметрлик снаряд сыяктуу жабдууларды өндүрүүнү жакшыртууга жумшалары пландалганын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору билдирди. Жардам пакетинин башка миллиарддаган сумманы түзгөн бөлүктөрү Украинанын америкалык курал-жарак өндүрүүчүлөрдөн жабдууларды сатып алуусуна сарпталат деп күтүлүүдө.

Орусиянын согуш машинеси менен салыштырганда Украинага берилген жардам канчалык кымбат?

АКШ 2022-жылдын январынан 2024-жылдын декабрына чейин Украинага жардам көрсөтүүгө 23 триллион долларлык ички дүң өндүрүмүнүн (ИДӨ - GDP) болжол менен 0,53% сарптады. Бул жылдык ИДӨнүн 0,2% азыраак сумманы түзөт. Еврошаркетке мүчө өлкөлөр жана институттар 2021-жылы 17,1 триллион доллар жылдык ИДӨсүнөн 0,7% бөлүшкөн. Ал эми Орусия 2023-жылы аскердик муктаждыктарга 2 триллион долларлык ИДӨсүнүн дээрлик 6% сарптаган деп билдирет Стокгольмдогу Тынчтыкты изилдөө эл аралык институту (SIPRI).

Шерине

XS
SM
MD
LG