Расмий документти таап, интернетке жарыялаган "Укуктук медиа борбор" уюмунун өкүлдөрү акимчиликтин мындай аракетин сынга алууда. Алар бул күндөрү белгиленген даректерде кандайдыр бир митингдер өткөнүнөн күмөн саноодо.
Астана акимчилигинин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, баш калаанын тургундары ноябрь айында күн сайын төрт жерде тынч жыйынга катышууга уруксат алышкан. Бирок анда канча адам катышканы, алтургай митингдерди, жүрүштөрдү ким уюштурганы тууралуу так маалымат жок. Документте иш-чаранын күнү, орду жана акимчиликтин жообу жазылган. Акимчилик митинг өткөрүү боюнча бир дагы кайрылууну четке какпай, митинг жана тынч акцияларды өткөрүүгө макулдугун бергени көрсөтүлгөн.
Ай сайын 120 митинг өтөбү?
Астанадагы "Укук медиа борбор" уюмунун жетекчиси Диана Окремова шаар администрациясынын мындай отчетун маалыматты бурмалоо катары сыпаттады.
"Ай сайын 120 митинг болот дешет, декабрь айында андай болгон жок. Январда деле. Балким тизме али даяр эместир. Акимчилик "олуттуу" иштемиш болуп, ушундай бурмалоого барып жатканы көрүнүп турат. Жомоктогудай эле нерсе болууда, "бардым, бирок каякка экенин билбейм, таптым, эмне тапканымды билбейм" дегендей. Алар жөн гана даталарды, даректерди, башкача айтканда, ай сайын бир эле тизмени жазып коюшат. Анан алар эл ушуга ишениши керек деп ойлошобу? Же биз эмне, тынч жыйындарды өткөрүү жагынан баары жакшы деп ишенишибиз керекпи?" - дейт астаналык юрист.
Расмий сайттагы маалыматта акция болгон же болбогону так жазылган эмес. Бирок ошол күндөрү башка жарандардын митинг өткөрүү талабына уруксат берилген эмес. Ошондой эле интернетте былтыр ноябрь айында Астанада өткөн кандайдыр бир пикет же митинг тууралуу маалымат жок.
Бул маселе боюнча "Азаттыктын" казак кызматы Астана акимчилигинин басма сөз кызматы менен байланышты. Мекеме бул боюнча Ички иштер башкармалыгы жооп берерин айтты. Кийин редакция менен байланышкан башкармалыктын өкүлү Мирас Абдырахман жыйында отурганын айткан. Ички саясат башкармалыгынын өкүлү азырынча жооп бере элек.
"Aкция өткөнүн көргөн эмесмин"
Астана шаарындагы "Калемгер" аллеясынан баштап Пушкин көчөсүнө чейинки аралыкта митинг же акция өткөрүүгө уруксат берилет.
"Азаттыктын" журналисти Таскын Болатулы дал ушул аянтка барып, жергиликтүү тургундарга "акимчилик кабарлагандай, былтыр ноябрда күнүгө митинг өттүбү?" деген суроосун узатты. Алардын көпчүлүгү аянтта иш-чара өтпөгөнүн айтышты.
"Мен бул жерден күнүгө өтөм, бирок акция өткөнүн же болот дегенин да көргөн эмесмин. Балдарымды күнүгө ушул аллеяга чыгарып, ойнотом". "Былтыр Абай көчөсү менен Пушкин көчөсүнүн кесилишинде 1-2 жолу митинг болду. Аялдардын укугун коргоого арналган иш-чара дешкен. Башка болгон жок. Ал эми "Калемгерлер" аллеясында бир да жолу өткөн эмес. Мен жакын жашайм. Болсо көрмөкмүн", - дейт астаналыктар.
Ал эми "Inucobo" жаныбарларды коргоо ассоциациясы социалдык тармактагы баракчасында 24-ноябрда митинг өткөрүүгө акимчилик уруксат бербегенин кабарлаган. Ошол эле күнү активисттер митинг боло турган "Жерүйык" аянтында эч кандай иш-чара болбогонун видеого тартып, ачыкка чыгарышкан.
Казакстандык жарандык активисттер 2023-жылы Украинадагы согуштун 500 күндүгүнө карата тынчтык митингин өткөрүүнү пландашкан. Бирок Астананын бийлиги буга да макул болбой койгон. Кийинчерээк калаа акими Жеңиш Касымбек өзү түшүндүрмө берүүгө аргасыз болуп, баш тартуу чечиминин артында саясий мотив жок экенине ынандырууга аракет кылган.
"Акимчилик формалдуу же башка негиздер менен баш тартпайт. Документтер, арыздар мыйзам чегинде каралат. Шаарда мындай иш-чараларды өткөрүүгө боло турган жерлер белгиленген. Демек, ошол учурда ал жер бош эмес болгон же документтер, башкача айтканда, маалымкат туура эмес болгон", - деди аткаминер.
Белгилей кетсек, коңшу Казакстанда 2020-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, акция өткөрүүнү каалагандар кеминде беш күн мурда жергиликтүү бийликке маалымкат жөнөтүүгө милдеттүү. Укук коргоочулар жана активисттер бийликтин мындай эрежесин мыйзамсыз жана "жарандардын тынч жыйын уюштуруу укугунан пайдалануусуна каршы талаптар камтылган" деп сындап келишет.
Акордо өлкөдө тынчтык митингге уруксат берилет деп ынандырганы менен нааразылык акциялары адатта камакка алуу менен аяктайт. Жалгыз чыккан пикеттер, социалдык тармактардагы билдирүүлөр үчүн да айып пул салынат. Ал эми митинг жарыяланган күндөрү шаарларда жол кыймылына чектөө киргизилип, уюлдук байланыш жана интернет жай иштеп калат.
Алсак, соңку бир канча жылдан бери 8-мартта Казакстанда аялдардын коопсуздугу маселесине арналган жөө жүрүштү өткөрүүгө уруксат берилбей келет. Адатта расмийлер жөө жүрүштү өткөрүү "коомдук тартипке коркунуч келтирет" деген жүйө менен уруксат бербейт.
Быйыл да абал өзгөргөн жок. Алматынын администрациясы 8marchkz активисттерине 8-мартта митинг өткөрүүгө уруксат бербегенин уюштуруучулар Инстаграм баракчасына жарыялашты. 13-январда алар Алматы шаарынын мэриясына 8-мартка карата митинг өткөрүү тууралуу билдирүү жана жөө жүрүш өткөрүү боюнча арыз жолдошкон.
15-январда митинг өткөрүүгө уруксат берилбей турганы жөнүндө жооп келген. Катта "коомдук тартип бузуу коркунучу бар" деген жүйө келтирилген.
Былтыр да казакстандык феминисттерге жөө жүрүш өткөрүүгө акимчилик уруксат берген эмес. Бирок 7-мартта расмий иш-чарага окшош "Аялдардын татыктуу жашоосу үчүн" митинги өткөн. Активисттер бир акцияга уруксат берип, экинчисине тыюу салуу менен бийлик "оюндун шарттарын акимчилик белгилейт" деген ойду айткысы келген болушу мүмкүн деп божомолдошту.
2022-жылдын башында Казакстанда социалдык талаптарды койгон тынч митингдер өлкө аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон.
Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев "чет жактан үйрөнүп келген 20 миң террорист ири шаар Алматыны басып алганын" айтып, күч органдарына аларды атууга буйрук бергенден кийин кеминде 238 адам өлтүрүлгөнү, алардын 19у укук тартибин коргоо органдарынын кызматкери экени маалымдалган.
Нааразылык акциясына чыккандар террористтер болгонун тастыктаган маалыматын бийлик алигүнчө жарыялай элек.
Шерине