Кыргызстандын энергетика тармагындагы абал парламенттик комитетте талкууланып, анда алдыдагы иш-аракеттер боюнча маалымат берген министр өлкөдө мындан ары инфляциянын көрсөткүчүнө жараша жыл сайын 1-майдан тартып электр жарыгынын баасы көтөрүлө турганын билдирди. Айрымдар кымбаттоого жараша электр энергиясы жеткиликтүү болушу керектигин белгилеп, азыркы тапта өчүрүүлөр болуп жатканын сынга алууда.
Жарыктын баасы жыл сайын көтөрүлөт
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 14-январдагы жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев быйылкы жылдын 1-майынан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга жогорулай турганын билдирди. Министрдин айтымында, 1 кВт саат электр энергиясынын наркы 1 сом 37 тыйынга чыгат.
Ибраев мындай чара инфляциядан улам көрүлүп жатканын белгиледи:
"Былтыр 1 сомду 11 тыйынга көтөргөнбүз. Быйыл инфляцияга байланыштуу 26 тыйын кошулат. Бүгүнкү күндө Финансы, Экономика министрликтери менен ушуну караштырып жатабыз. Ошентип, 2026-жылы 33 тыйын, 2027-жылы 40 тыйын, 2028-жылы 50 тыйын, 2029-жылы 62 тыйын болуп кошулат. Өнөр жайдагы керектөөчүлөр бүгүнкү күндө 3 сом 18 тыйын төлөп жатса, май айынан баштап 3 сом 49 тыйын төлөйт".
Ибраев Кыргызстанда электр энергиясынын баасы башка өлкөлөргө салыштырганда бир топ төмөн экенин айтып, кошуна мамлекеттерди мисал кылды:
“Кыргызстанда калк электр энергиясын 1 сом 11 тыйындан сатып алып жатса, Өзбекстанда 2 сом 60 тыйын. Украинада 3 сом 90 тыйын, Азербайжанда 4 сом 70 тыйын, Казакстанда 4 сом 90 тыйын. Орусияда 6 сом 60 тыйын”.
"Чайнек сайсам жарык өчүп жатат"
Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев электр жарыгы кымбаттаганы менен аны камсыздоо сапаты тиешелүү деңгээлде болбой жатканын айтып сындады:
"Мисалы, мен өзүм эле "Аристонду" жана бир электр чайнегин сайсам, жарык өчүп жатат. Анда мен эмнеге төлөп жатам? Же болбосо силер айтып жаткан 5 кВт Таласта жок, демек, андан ылдый. Кечээ элди кыдырганда баары эле "Акылдуу эсептегичти коюп койду, акчасын төлөп жатабыз, анан неге биз жакшы колдоно албайбыз" деп айтып жатты. Бул туура эле да, төлөгөндөн кийин ошого жараша алышы керек".
Эл өкүлүнүн суроосуна энергетика министри Таалайбек Ибраев:
"Бизде акылдуу эсептегич менен башкарганга мүмкүнчүлүк болуп жатат. Биринчи себеби ошол айылда же кесилиште жүк көп болсо жарыкты өчүрбөй туруп, жүктү азайтып, эл текши колдонгон оор учурдан өтүп кеткенден кийин кайра көбөйтүп жатабыз. Муну кылбасак подстанция, линия өрттөнүп кетет", - деп жооп берди.
Кыргызстанда суук түшкөнү жер-жерлерде жарык өчүрүлүп, ыңгайсыздык жаралып жатканын жергиликтүү тургундар айтып жатышат.
Баа инфляцияга дал келеби?
Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев министрликтин бааны көтөрүү ыкмасы тууралуу мындай пикирин билдирди:
“Бир фазалуу электр энергиясын колдонуучуларда 220 вольт болушу керек. Андай болгон жок. Азыр 160-170 гана вольт болуп жатат. Ал эми үч фазалуу колдонуучуларда 360 вольт болушу керек эле, алардыкы 280-290. Тариф саясаты тууралуу айта турган болсок, Статистика комитетинин маалыматы боюнча 2024-жылы инфляция 5,4% түздү. Ал эми Энергетика министрлиги кечээ жарыялап жатат 23,4% көтөрөбүз деп. Бул туура эмес, анткени Министрлер кабинетинин мурунураак чыккан токтому одоно бузулууда”.
Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстанда инфляция көрсөткүчү 6,3% түзгөнүн билдирген. Ал эми учурда 1 сом 11 тыйындык электр энергиясынын баасына 26 тыйын кошулса бул тариф 23,4% жогорулады дегенди түшүндүрөт.
"Жарыкты үнөмдүү пайдалангылачы"
Буга чейин Энергетика министрлиги декабрь айынын башында электр энергиясын колдонуу тарыхый чекке жеткенин билдирген.
Президент Садыр Жапаров электр жарыгы арзан болгондуктан аны эл үнөмдүү колдонбой жатканын айткан:
“Элибиз дагы кайдыгер болуп жатат. Арзан деп эле электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай жатат. Жөнөкөй эле бөлмө ичиндеги жарыкты кереги жок учурда өчүрүп турушпайт. Мен муну көп жерден көрүп, “кирбеген убакта бөлмөдөгү жарыкты өчүрүп койсоңор боло” деп эскертип да жүрөм. Ар бир күйүп турган жарык үчүн Токтогул суу сактагычынан суу кетип жатат. Ошондуктан үнөмдүү пайдалангылачы”.
Кыргыз өкмөтү энергетика тармагына 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Бул аралыкта электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айлануу дымагы бар экенин билдирген.
Бул үчүн өлкөдө жүздөн ашуун чакан гидроэлектр станцияларын жана Күн менен шамалдан энергия алган станцияларды куруу пландалып жатканы кабарланган.
Шерине