Түркиянын Анталия шаарында жашаган кыргызстандык келин түрк күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылганын "Азаттыкка" айтып берди. Буга чейин социалдык тармактарда келиндин денесинде көгала издер бар экени жана колу бычак менен кескиленгени жарыяланган.
Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылып, 63 жаштагы аялдын өлүмүнө алып келди. Милиция иш козгоп, териштирүү жүргүзүүдө. Адистер газ киргизилген үйлөрдөгү өрт коопсуздугун сактоо керектигин эскертип жатышат.
Кыргызпатент мекемесинин басма сөз катчысы Мээрим Ташыбекова шылуундарга алданганын айтып чыкты. Ал октябрдын башында белгисиз номерден чалган адамдар өздөрүн күч органдарынын жана Улуттук банктын өкүлү катары тааныштырганын, аларга ишенип банктардан ири суммада насыя алганын айтууда.
АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн Мексика менен чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялап, CBP One тиркемеси иштебей калды. "Азаттык" ушул тапта Мексикада жүргөн айрым кыргыз жарандары менен байланышты.
Мексиканын бийлиги АКШдан артка кайтарылган жарандары үчүн баш калкалоочу жайларды даярдап жатат. Бирок президент Клаудия Шейнбаум үчүнчү өлкөлөрдүн мигранттары кабыл алынбай турганын билдирди. Президент Трамп АКШ-Мексика чек арасына 1500 аскер жөнөтүү тууралуу буйрукка кол койду.
Баш калаа Бишкектин ыш көйгөйү ушул жумада парламентте көтөрүлдү. Анда депутаттар өкмөттөн абаны булгап жаткан себептерди жоюуну талап кылды. Айрым эл өкүлдөрү соңку жылдары өлкөдө ыштын айынан ден соолугунан ажырагандар болуп жатканын айтышууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ушу тапта Орусиянын көзөмөлүндөгү аймактардан Киев юридикалык негизде баш тартпасын билдирди. Муну менен бирге ал согуштун активдүү баскычын токтотууну колдоорун кошумчалады.
АКШнын президенти Дональд Трамп 20-январда инаугурациядан кийин дароо мыйзамсыз миграцияны ооздуктоого киришти. Америкадагы кыргызстандык мигранттарды бул чечимдер канчалык түйшөлтөт? Трамптын алгачкы кадамдары дүйнөгө, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир тийгизиши мүмкүн?
Президент Жапаров дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер тууралуу мыйзамга кол коюп, андагы талкуу жараткан маселелерди түшүндүрдү. Ал диний агымдар жөнүндө сөз кылып, тармакты иретке келтирүү зарылдыгын белгиледи. Мыйзамды парламент былтыр 26-декабрда кабыл алган.
20 жаштагы Ринат Асанов - Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган "Азербайжан аба жолдору" компаниясына караштуу Embraer 190 учагынан аман калган үч кыргызстандыктын бири.
Абактагы адвокат Самат Матцаковдун жактоочулары эки айдан бери тергөө иштери жүрбөй жатканына нааразы. АКШда мигранттарга чек арадан легалдуу кирүүгө жол ачкан CBP One тиркемеси иштебей калды. "Сапат" билим берүү мекемесинин окуучуларынын ата-энелери президентке кайрылды.
Президент Трамп шайлоо мыйзамсыз миграцияга каршы катуу күрөшкө аттанганын жарыялады. Жаңы президент кол койгон ондогон документтердин арасында Париж келишиминен чыгуу, Капитолийдеги башаламандыкка катышкан деп айыпталган 1,5 миң кишиге ырайым берүү, ТикТоктун ишин узартуу сыяктуу чечимдер дагы бар.
Дагы жүктөңүз