Орусиянын Коргоо министрлиги 9-мартка караган түнү өлкөнүн аймагынан 88 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу “Свобода” радиосу жазды.
Алардын 52си Белгород облусунан, Липецкиден 13ү, Ростодон 10, Воронежден 8, Астрахандан 3, ал эми Рязан жана Курск облустарынан жана Краснодар аймагынан бирден дрон атып түшүрүлгөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.
Белгород облусуна дрон кулап түшүп, курулуп жаткан турак үй өрттөнгөн. Ал өрт ыкчам кызмат тарабынан өчүрүлгөнүн облус губернатору Вячеслав Гладков билдирди. Электр зымдары жабыркаган.
Дрон чабуулу коркунучунан улам Орусиянын Авиация кызматы Казанда, Астраханда, Волгоградда, Нижный Новгороддо аэропорттордун ишине чектөө киргизип, эрте менен ал чектөөлөр алынды.
9-марттын таңында Чебоксарыдагы “Буревестник” мамлекеттик мунай ишканасына дрондон чабуул коюлду. Чувашияныны башчысы Олег Николаев билдиргендей, жараат алгандар жок, жеринде куткаруучулар иштеп жатат. Бул дрон Чувашияга чейин учуп барган алгачкы учур болrп калды. Чебоксары орус-украин чек арасынан 970 чакырым алыста жайгашкан.
Шерине