Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

"Шылуундар 800 миң сомдон ашык насыя алдыртышты. Кантип төлөйм?"


Мээрим Ташыбекова.
Мээрим Ташыбекова.

Кыргызпатент мекемесинин басма сөз катчысы Мээрим Ташыбекова шылуундарга алданганын айтып чыкты. Ал октябрдын башында белгисиз номерден чалган адамдар өздөрүн күч органдарынын жана Улуттук банктын өкүлү катары тааныштырганын, аларга ишенип банктардан ири суммада насыя алганын айтууда.

Ташыбекова милиция жазылган арызды карабай жатканына нааразы. "Азаттык" бул окуя тууралуу жабырлануучунун өзү менен маектешти.

- Мээрим айым, сиз Фейсбукка шылуундарга алданып калганыңызды жаздыңыз? Ошол окуяны өзүңүздөн уксак.

- Өткөн жылы 10-октябрда мага жашыруун номерден чалуу келген. Мен мамлекеттик кызматкер болгондуктан бардык чалууларды алууга, аларга сылык жооп берүүгө милдеттүүмүн. "Алло" десем эле, бейтааныш адам “так, Ташыбековасызбы?” дейт.

Ооба десем, "милициянын капитанымын" деп айтты. Мен "Фейсбукка туура эмес бирдеме жаздымбы же иним кырсыктады эле, ал бир нерсе болгонбу?" деп коркуп кеттим. Чалган адам орусча “Каримова деген аялды тааныйсызбы? Сиз ага ишеним кат берген экенсиз, азыр сиздин атыңыздан бардык банктан насыя алып жатат” деп калды. Мен таң калып, андай аялды тааныбай турганымды айттым.

Анан ал "канча банкта эсебиңиз бар?" деп сурады. Мен аны чын эле тергөөчү экен деп ойлоп, баарын айтып бердим. Сиздин “баланча банкта 100 миң сомуңуз бар экен, ошону да алам деп жатат, кайсы банкта эле?” деди. Менде ошончо суммадагы үй алам деген акча бар эле, "ооба, бар" десем “ошол акчаңыз коркунучта, аны сактап калуу үчүн тезинен транзиттик эсепке которуңуз” десе, дароо эле дароо чечип алып, айткан эсепке которупмун. РСК банктан айлык аларымды айтып, ал жактагы акчамды да которуп салдым. Өзүн тергөөчүмүн деп тааныштырган адам мени менен сүйлөшүп жатканда "Улуттук банктын оператору" деп дагы бир адам менен байланыштырган.

Анысы “баланча деген адамдан арыз түштү, алар сиздин атыңыздан аккаунт ачып, акча алганы жатыптыр” деп түшүндүрүп берди. Банктык операциянын баарын билет экен, мурда ошол чөйрөдө иштеген окшойт деп ойлойм. Булар ушундай коркутуп ишендирет экен, бир чети гипноздоп салганбы айтор эмне болуп алданганымды билбейм. Болбосо, акыл-эсим соо, билимдүү эле адаммын да, алардын айтканын аткарганыма өзүм да ишене албай турам.

- "Милициянын капитанымын" деген адам сизге өзүн тааныштырды беле?

- Атын жазып алдым эле азыр унутуп жатам. Улуттук банкта иштейм деген адам өзүн Сергей Балабаев деп тааныштырган. Капитанмын дегени "баланча кабинетте отурам, табелдик номерим мындай" деп баарын айтып берген.

Анан ал "ИИМ, УКМК жана Улуттук банк атайын операция жүргүзүп жатабыз, ошого жардам бергенге даярсызбы?" деди. Мен макул болуп, алар сураган маалыматтын баарын бердим. Азыр сиз “шылуундарды токтотуу үчүн өзүңүз насыя алышыңыз керек, биз сиздин атыңыздан алынган насыяны дароо жабабыз” деди.

Анан “Банкта маалыматтарды кылмышкерлерге жашыруун берип тургандар иштейт, аларга да ишенбеңиз, киргенде сумкаңызды оң жактан сол жакка илип коюңуз, биз ал жердеги камерадан баарын карап турабыз” деп айтты.

Мен алардын айтканына көнүп "Айчүрөк" дүкөнүндөгү “Мбанкка” (АКБ “Кыргызстан” -ред.) барып, 200 миң сом насыя алдым. Телефондон чалгандарга бардык кыймыл-аракетимди айтып турдум. Кечинде сабакка бармакмын, “ал жакка эмнеге барасыз, акчаны тезинен которуңуз” деп шаштырышты. Акчаны “Бакай банктан” Бекмырза Каримов деген адамдын атына которупмун кийин эстесем. Ошентип 10-октябрдан 16-октябрга чейин алар айткан банктарга барып, насыя ала бердим. "Мбанк" тиркемесинен дагы онлайн 100 миң сом насыя алдым. “Оптима банктан” 150 миң, “Компаньон банктан” 150 миң, РСК банктан 100 миң сом алдым. Банктардан акча алганда насыя тарыхы башында көрүнгөн эмес. "Мбанктыкы" эле чыгып жаткан. Азыр насыя берүү оңой болуп калган турбайбы, ошону шылуундар өз пайдасына колдонот экен да.

- Алданып калганыңызды качан билдиңиз анан?

- “Демир банкка” ошолордун айтканы менен барсам, “насыяңыз 800 миңден ашып кетиптир, эч бир банк сизге насыя бербейт, биз дагы бере албайбыз” деп айтышты. Менин ошентип банк кызматкери менен сүйлөшкөнүмдү тигилер угуп турушту. Анткени банкка барганда "телефонду күйгүзүп кой, бул атайын операция, эмне дегенин билишибиз керек" дешкен. Акча берилбей турганын уккандан кийин “эми башка операция бар, кылмышкерлер уурдаган акчанын изин табуу үчүн дагы 1 млн сомдой акчаны башка эсепке салыңыз” дей баштады. Ошондо "элге карыз алдырса, УКМК эмне болгон кызмат?" деп таң калдым. Андан кийин "алтын шакек-сөйкөң болсо, ломбардга коюп, акча алып бер" дегенде шек санай баштадым. Бир таанышыма айтсам, “келесоосуңбу, алдап кеткен турбайбы” деди.

Алданып калганымды билгенден кийин да шылуундар чалып жатышты. Алар менен сүйлөшкөнүмдү жаздырып алгам. Бир номерин блокко салып койсом, кайра башка номерден чалып, “бул эмне кылганыңыз?” деп догурунуп, урушуп жатпайбы.

- Алданып калганыңызды билгенден кийин арыз жаздыңызбы?

- Адегенде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жазгам. Эртеси, УКМКга да бардым. Бир кызматкери арызымды алып калган. Түштөн кийин “чын эле УКМК же Улуттук банкта иштеген кызматкер алдап кетсе, чара көрмөкпүз, бул эки адамдын ортосундагы иш экен” деп айтты. Андан кийин ИИМге бардым. Алар ишти Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тергей турганын айтышкан. Бирок ошол 17-октябрдан бери иш жылбай жатат. РИИБнүн жетекчисине улам чалып турдум. Бир жолу чалганда “такыр бошобой жатабыз, саммит бүтсүн” деген. Ал бүткөнчө күттүм. Бирок азыркыга чейин иш ордунан жылбай жатат. Кайсы банктык эсепке, кимдерге которгонумдун баары турат, банктын квитанциясына чейин бергем.

- Күздөн баштап эле Улуттук банк, ИИМ ушундай шылуундар пайда болгонун эскертип келет. Сиз ал маалыматтарды окуган жок белеңиз? Эмнеге чалганда эле телефонду өчүрүп салган жоксуз?

- Ошол өзүмө да таң калам. Пресс-катчылардын атайын тайпасы бар. Ал жакка деле жазсам болмок экен. Тигилер УКМК, Улуттук банктын кагаздарын жөнөтүп жатышты да. Мөөрү, иш кагазын түп нускадан айырмалай албайсыз. Мага "мына насыяңызды жаптык" деп квитанцияларды жөнөтүп жатышкан. Көрсө анын баары жасалма экен. Аябай психолог болушат экен. Жаман оюмда атайын операцияга жардам берип жатам деп ойлодум да.

- Алар сиздин номериңизди кайдан тапты? Интернеттен бир нерсе сатып алдыңыз беле?

- Фейсбуктан, Инстаграмдан бир нерсе сатып алган учурлар көп эле болот. Анан калса менин номерим бардык эле жерде ачык жарыяланып турат. “Түндүктө” биздин бардык маалыматтарыбыз ачык, канча айлык алып, качан декларация тапшырганыбызга чейин көрүнүп турат. Анан калса мамлекет бизге "ар бир чалган адамга сылык жооп бергиле" деген талап коет. Ошого жараша мамлекет өз кызматкерлеринин коопсуздугун да коргошу керек деп эсептейм.

- Жакындарыңыз ушундай абалга дуушар болгонуңузду билиштиби?

- Башында айткан эмесмин, анткени апамдын жүрөгү ооруйт. Анан иш жылбай жатканда Свердлов райондук прокуратурасына арыз жазгам. Аларга "чакырууну паспорттогу дарекке жибербегиле, вотсап номерим, почтам ушу" деп жазып бергем. Болбой эле чакырууну каттоого турган үйүмө, Кеминге жөнөтүп салышыптыр. Апам аны окуп, “ай, бул эмне шумдук?” деп чалганда ачык айтууга туура келди.

- Азыр насыя төлөп жатасыз да?

- 800 миң сомдон ашуун насыя моюнумда. Тигилердин айтымы менен айрымдарын бир жылдык убакытка алгам. Алардын үстөк пайызы, туум дегени бар. Азыр иштеп, айлыктан төлөп жатам. Кокус иштебей калсам, эмне болорун билбейм. Кечээ ачык айтып чыккандан кийин элдин реакциясын көрүп, акыбалым начарлап кетти.

Акыркы убакта кайсы иш болбосун УКМКнын төрагасы өзү киришпесе, иш бүтпөй жатканын байкап жүрөм. Камчыбек Кыдыршаевичтен ушул ишти көзөмөлүнө алышын суранат элем, медиага ошон үчүн чыгып атам. Себеби, мендей болуп алдангандар көп экен. Мен жазгандан кийин көбү мага "мен дагы алдангам" деп жазып жатышат. Анан банктар улам барган кишиге насыя бере бербей, "эмнеге насыя алып жатасыз, бирөөлөр ал деген жокпу?" деп сураса деп ойлойм. Бүгүн текшерип чыгалы, эртең келиңиз деп айтса деле болот да. АКШда улам эле бир паспорт менен ар кайсы банктан насыя алган кишиге шек саноо менен карашат экен. Бизде да ошондой кылса болмок.

Окурмандарга бейтааныш номерлерди албаңыздар деп айткым келет. "УКМКдан же Улуттук банктанмын" десе, мен дагы ошол жерде отурам деңиз. Булар көбүнчө орусча билген, билимдүү адамдарды тузакка илишет экен, кыргызча эле "түшүнбөйм, эмне деп жатасың?" деп телефонду өчүрүп салыңыз.

"Азаттык" Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматына маалымат сурап кайрылды. Суроого тескөөчү, милициянын капитаны Назгүл Иманбаева жооп берди:

"2024-жылдын 17-октябрында Свердлов РИИБүнө М.Т. аттуу жаран кайрылган. Себеби, белгисиз адамдар өздөрүн Улуттук банктын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынанбыз деп алдоо жолу менен ишенимине кирип, 825 миң сомун алдап котортуп алганын билдирген. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен иш козголгон. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат", - деди Назгүл Иманбаева.

Мээрим Ташыбекова менен маекти видеодон толук көрө аласыз.

Эске сала кетсек, 2024-жылы октябрда Ички иштер министрлиги жарандарды шылуундар телефон аркылуу тоноп, элдин 903 млн сом акчасын уурдаганга жетишкенин билдирген.

Ага чейин Улуттук банкка шылуундарга алданганы тууралуу жарандардан ай сайын 300дөн 500гө чейин арыз түшөрүн билдирип, жарандарды сак болууга чакырган.

Аталган банктын жетекчисинин орун басары Мэлс Аттокуров Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып соңку кезде онлайн насыя алуу маселесине байланыштуу кайрылгандар көбөйгөнүн белгилеген.

"Айына 300-500гө чейин арыз түшүп жатат. Акыркы үч айда миңдей кайрылуу болду. Мунун ичинде ар кандай маселелер менен арыздангандар бар. Ал онлайн насыя боюнча кечээ эле эки-үч арыз түштү, август айында ушундай арыздар көбөйдү. Улуттук банк тартип коргоо органдары менен тыгыз иштеп атабыз. Жумушчу топ менен атайын роликтерди иштеп чыгып, жарандарды этият болууга чакырып жатабыз", - деген Улуттук банктын төрагасынын орун басары.

Шерине

XS
SM
MD
LG