Аида (аты-жөнү өзгөртүлдү) соңку алты жылдан бери Түркиянын Анталия шаарында жашайт. Беш жылдыздуу мейманканалардын биринде коом менен байланыш бөлүмүндө эмгектенип келет.
"Азаттык" менен байланышкан Аида 2021-жылы түркиялык жигитке турмушка чыкканын, бир жылдан кийин уулдуу болгонун айтты. Бирок күйөөсү аны адегенде сөз менен кемсинтип, басынтып жүрсө, быйыл жыл башында кол көтөргөн.
"Эки саат тынбай сабады"
Аида дароо полицияга арыз менен кайрылып, ажырашканга бел байлаган. Полиция көп өтпөй күйөөсүнө "ага 20 метрден жакын жолобоо" чечимин чыгарган.
Кыргыз келин 20-январда жумуштан үйүнө кайткан маалда үйүнө жашыруун кирген күйөөсү ага бычак менен кол салган.
"Саат бештерде жумуштан үйгө кайтып бараткам. Бирок ичимде бир башкача сезим пайда болуп, апама чалдым. Ал да акыркы күндөрү мени ойлоп, кыжалат болуп жаткан. Короону карасам, күйөөмдүн машинеси жок болчу, апам менен сүйлөшүп, үйгө кирдим. Көрсө, эшиктин аркасында бычак менен күтүп туруптур. Апам мунун баарын көрдү, укту. Күйөөмө жалдырадым, кыйкырдым, бирок ал уккан да жок, токмоктой баштады. Бычактын сабы менен башка койгулады, бутка сайды. Ал маңзат колдонуп алганы аз келгенсип, сыра ичип жатты. Жөн киши мындай нерсени кылбайт. Кыйкырыктан кошуналар полиция чакырышыптыр. Алар келбесе мени эбак өлтүрмөк. Эки саат токмоктоп, зордук-зомбулук көрсөттү".
Полиция кыргыз келиндин күйөөсүн кармап, тергөө абагына жеткирген. Аиданы ал күнү оорукананын тез жардам бөлүмүнө оор абалда алып барышкан.
Өзүн коргойм деп жатып колун бүт бойдон кескилетип алган Аида буга чейин күйөөсү "сени өлтүрүп койсом эртең эле бошонуп чыгам" деп коркутканын, уулун ойлоп гана мындай кордукка чыдап жүргөнүн айтып отурду.
"Түркияда адам өлтүргөн киши деле сыртта жүрбөйбү. Күйөөм буга чейин мени сабап жатканда "полицияга берген күндө деле 15-20 күндө кайра бошонуп чыгып, сени өлтүрүп кетем" дечү. Акыркы жолу сабап жатканда деле ошентти. Азыр мен үчүн бул өлкө абдан кооптуу болуп калды", - дейт келин.
Учурда анын жанында Орусиядан барган агасы, Анталиядагы Башкы консулдуктун кызматкерлери бар. Аида соттун чечими тез арада чыкса уулунун документтерин колуна алып, Кыргызстанга чыгып кетүүнү көздөп турат.
"Менин азыр негизги максатым - мыйзам чегинде уулумду алуу, күйөөмдү аталык укугунан ажыратуу. Анткени мындай зөөкүр адамга баланы таштап кете албайм", - дейт Аида.
Түрк жараны кандай абалда аталык укугунан ажырайт?
Аиданын Түркиядагы жактоочусу, кыргызстандык Гүлмира Түркмен аны менен бир ай мурун таанышканын, күйөөсү менен ажырашууга жардам сурап кайрылганын айтат.
Адвокат Анталиядагы Үй-бүлө сотуна арыз менен кайрылып, 20-январда күйөөсү Аидага кол салгандан кийин кылмыш иши козголгонун да белгиледи. Учурда тергөө иши жүрүп жатканын, кыргыз келин көрсөтмө бергенин, анда ал күйөөсүн аталык укугунан ажыратуу тууралуу арыз жазганын "Азаттыкка" айтты.
Гүлмира Түркмен Түркияда атаны баладан толугу менен укугунан ажыратууну сот гана чечерин, айырм бир гана кырдаалдарда андай чечим кабыл алынарын билдирди:
"Кандай абалда аталык укугунан ажырайт? Эгерде атасы психикалык ооруга чалдыккан болсо, мисалы, шизофрения. Же оор кылмыштарга барса, маңзат колдонуп, эч бир ишке жарабай калса гана түрк жараны аталык укугунан кол жууйт. Сот баласын апасында калтырган күндө да атасын бир жумада бир же бир айда бир көрүүгө укуктуу деген чечим чыгарат.
Ал эми кыргызстандык келиндин окуясында биз дароо ажырашууга арыз бердик. Бирок Түркияда бул иштер бир жылдан кем эмес убакытка чейин созулушу мүмкүн. Баласы кимдин колуна калары да ошол сотто чечилет. Азырынча уулуна камкордук көрүүнү энесине тапшырууну талап кылдык. Педагог жана башка адистер менен сүйлөшүлгөндөн кийин гана баласын багуу укугу кыргыз келинге берилет. Учурда дал ушул нерсе боюнча иштеп жатабыз".
Гүлмира Түркмен Анталия шаарында жеке юридикалык фирманы жетектейт. Ал бир жылдан бери дал ушул ажырашуу жараяндары боюнча иштеп жатканын белгилейт.
Күйөөсүнөн токмок жеген Аиданын кайындары менен байланышкан жактоочусу небересин Түркияда алып калуу үчүн алар да адвокат жалдаганын айтты.
"Атасы баласы бир жылдан бери өзгөрүп кеткенин айтты. Кырдаалды түшүнүп турганын, келинине жардам берерин айтып жатат. Бирок небересин өтө жакшы көрөрүн, кандай жол менен болсо да аны чет өлкөгө чыгарып кетүүгө тоскоолдук кыларын жашырган жок. Алардын да адвокаттары бар", - деди жактоочу Гүлмира Түркмен.
23-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Анталияда сабалган кыргызстандык келин тууралуу маалымат таратып, 21-январда Анталиядагы консулдукка билдирүү түшкөнүн кабарлаган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жана Түркиянын укук тартибин коргоо органдары менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында келиндин баласы ошол эле күнү апасына берилген. Буга чейин балаын күйөөсү алып койгону айтылган.
"Жергиликтүү полиция жабыркаган аялдын күйөөсүн кармап кеткен жана козголгон кылмыш ишинин алкагында иш-чаралар уланууда”, - деп жазылган маалыматта.
Министрлик бул маселени көзөмөлдөп турарын жана Анталиядагы консулдуктун кызматкерлери жабыркаган тарап менен байланышта болуп, укуктук жардам жагынан көмөктөшөрүн кошумчалаган.
Маликанын окуясы да чоң резонанс жараткан
2017-жылы кыргызстандык Малика Ноотиеванын окуясы Түркияда чоң резонанс жараткан. Анталия шаарына бала багуучу болуп иштегени барган Малика 2016-жылы тааныш кызынын тилине кирип, каргашалуу окуяга кабылган. Түрк жараны М.Й. кызга зомбулук көрсөтүп, башына темир менен бир канча жолу чаап, жолдун жээгине таштап кеткен.
Кыздын мээсине үч жолу, жалпысынан жети операция жасалган. 58 күн ал жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Кийин бир канча ай Анталиянын Акдеңиз ооруканасында реабилитациядан өткөн.
Маликанын иши боюнча сот алты жылга созулуп, 2022-жылы гана сот 54 жаштагы М.Й. аттуу жаранды "киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен 13 жылга эркинен ажыраткан.
Маликанын кызыкчылыгын коргогон адвокат Энис Зияли соттун чечимине каршы Түркиянын Жогорку сотуна кайрылган. Бул арыз учурда каралып жатканын, кандайдыр бир чечим чыга электигин "Азаттыкка" билдирди.
Учурда Малика Токтогул районунда ата-энеси менен жашайт. "Азаттык" аны менен каргашалуу окуядан сегиз жыл өткөндөн кийин байланышып, абалын сурап билди.
"Ден соолугум кудайга шүгүр жакшы. Үйдөмүн. Атам жанымда. Апам бүрсүгүнү Орусияга кетет", - деп кыска жооп берди Малика.
Буга чейин "Азаттык" Малика Ноотиевага жардам көрсөткөн ыктыярчылар, Анталияда жашаган кыргызстандык мигранттар, түркиялык укук коргоочулардын ишмердиги тууралуу макалаларды жарыялаган.
Түркияда жашаган кыргызстандык кыз-келиндер зомбулукка кабылган фактылар буга чейин да катталган.
- 2023-жылы декабрь айында Анталия провинциясына караштуу Серик районунда кыргызстандык Д.К.нын токойдо көмүлгөн сөөгү табылган. Аны өлтүрүүгө шектүү түрк жаранына "атайылап адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө абагына камалган. Ал суракта кыргыз келин өзү каза болгонун, аялдын сөөгүн көөмп салганын айтып, кийин күнөөсүн мойнуна алган.
- Чорлу шаардык соту 2021-жылы кыргызстандык Аят Адсызды мыкаачылык менен өлтүргөн кайнатасы Фехми Адсызды өмүр бою эркинен ажыраткан. Үрөй учурган окуя 2021-жылы 12-октябрда Текирдаг аймагында болгон. 30 жаштагы Аят Адсыздын өлүмү Түркияда резонанс жаратып, Башкы консулдук окуянын иликтенишине тыкыр көз салган. Маркум келиндин жашы жете элек эки баласы Түркиянын Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министрлигинин карамагына алынган.
- 2018-жылы Денизли аймагындагы Памуккале районунда кыргызстандык кыздын өлүмүнө шектүү жаран кармалган. Памуккале шаарында касапканада иштеген адам кызды үйүнө жеткирүүнү сунуштаган. Кыз макул болбогондон кийин аны күч менен автоунаасына салып, ээн талаага алып барган. Андан кийин зордуктап, машине менен тебелеткен.
- 2020-жылы Анталия шаарында 23 жаштагы кыргызстандык кыз бейтааныш адамдын кол салуусунан каза тапкан.
Түркия Стамбул конвенциясынан чыккан
Түркия 2021-жылдын 1-июлунан тарта "Стамбул конвенциясы" деп аталган аялдарга зордук-зомбулукту токтотуу боюнча эл аралык документтен расмий түрдө чыккан. Мындай чечимди түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган кабыл алган.
Стамбул, Измир, Анкара сыяктуу ири шаарларда миңдеген киши нааразылык акциясын өткөргөн. Алар анда "Биз Стамбул конвенциясынан баш тартпайбыз", "Биз унчукпайбыз, коркпойбуз, баш ийбейбиз" деген ураандар жазылган плакаттарды кармап чыгышкан.
Европа Кеңешинин 2011-жылы Стамбулда кабыл алынган бул келишими үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө өтө маанилүү укуктук документ болуп эсептелет. Аны кеңешке кирген бардык 47 мамлекет жактырган.
Расмий Анкара Стамбул конвенциясынан чыгуунун кымындай да терс таасири болбогонун баса белгилеп келет. Ошондой эле Эрдоган 2025-жылды "Үй-бүлө" жылы деп жарыялап, жаңы үйлөнгөн жубайларга колдоо көрсөтүлөрүн белгилеген.
Бирок "Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз" платформасынын статистикасына ылайык, Түркияда 2024-жылы 397 аял киши колдуу болуп, жүздөгөн аялдын өлүмү иликтенбей калган. Алардын ичинен канчасы чет өлкөлүк кыз-келин экени айтылган эмес.
Ошондой эле Түркия полициясынын KADES деп аталган мобилдик тиркемеси бар. Тиркеме аркылуу кыз-келиндер зордук-зомбулук, куугунтук жана коркутуу сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жардам алат. Аны чет өлкөлүктөр да колдоно алышат.
Ал эми Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев "Азаттыкка" билдиргендей, учурда бул өлкөдө 32 миңден ашык кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын дээрлик көпчүлүгү кыз-келиндер.
Шерине