"Даабат боюнча сунуш бергиле"
Президент Садыр Жапаров дин мыйзамына кол койгону жөнүндө 21-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлап, талаш жараткан үймө-үй кыдырып даабат айтуу маселесине кенен токтолду. Жапаров мыйзамды артка кайтарууну сурангандар менен кошо кабыл алууну өтүнгөн жарандар дагы көп болгонун белгиледи.
Негизги талаш жараткан маселе үй кыдырып диний үгүт айтууга байланышкан.
“Бизде ушул кыдыруу маселеси толук жолго коюла элек болуп жатат. Анткени кыдырууга чыкканга ким уруксат берет, кимдер кыдырууга чыга алат, билими кандай болуш керек, кимдер даабат айта алат, кандай баракчаларды же китептерди таратса болот, аларды ким текшерүүдөн өткөрүп берет деген сыяктуу суроолор тартипке салына элек. Үй-бүлө, бала-чакасын карабай, ачка таштап коюп 3 күнгө, 40 күнгө, 4 айга чейин кыдырууга чыгып кеткен жарандарыбыз болуп жатат. Ушул кантип болсун? Үй-бүлөсүн эң жок дегенде тамак-аш менен толук камсыз кылып коюп анан кыдырууга чыкса болбойбу”, - деп жазды президент.
Мамлекет башчы динге, андагы даабатка каршы эмес экенин белгилеп, муфтият жана Аалымдар кеңеши үй кыдырып үгүт айтуу эрежелери боюнча сунуш иштеп чыкса, маселени кайра карап көрүүгө даяр экенин айтты.
Жапаров азыркы мыйзамда даабатты мечиттерде, той-топур, тажия болгон жана башка эл чогулган базарларда айтса болорун кошумчалады.
Диний агымдар
Президент соңку учурда ар кандай туура эмес агымга үндөп, баракча, китеп тараткандар көбөйгөнүн белгилеп, радикал топтор үй кыдырып үгүт айтууну пайдаланып жатканына токтолду.
Садыр Жапаров Кыргызстанда 33 агым бар экенин айтып, алардын айрымдары тыюу салынганына карабай ишмердигин улантып жатканын билдирди.
“Келечегибизге коркунуч жаратып бара жатат. Мусулман өлкөлөрдө (мисалы, Сирия жана башка мусулман өлкөлөрдө) мусулмандар эле бири-бири менен “менин уюмум туура, сенин агымың туура эмес” деп таасир талашып кырылышып, миллиондогон мусулмандардын каны төгүлүп жатканын көрүп жатабыз го. Ошол өлкөлөрдө илгертен бери мына бүгүнкү бизге окшоп ар кайсы чачыранды, радикал агымдарга бөлүнгөндөрдүн кесепетинен келип чыгып жатат. Тарапташтарынын саны өскөндөн кийин топ-топ болуп таасир талашмай... Албетте, аларды кызыкдар болгон сырткы күчтөр да бирине экинчисин тукуруп, козутууда. Канчалаган адамдардын каны төгүлүп кетти. Ошондуктан алакандай кыргызстандыктар бир эле салттуу динибиз менен жашайлычы. Ушуну жолго койгонго муфтият менен дин аалымдары жардам бергиле да”, - деп жазды Жапаров.
Президент бул көрүнүштөргө кеч болуп кете электе көңүл буруу зарыл экенин кошумчалады. Кыргызстанда сот тарабынан тыюу салынган жана ага карабай, ишмердигин улантып жаткан агымдарды тизмектеди.
Талаш-талкуу жараткан долбоор
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 2024-жылы август айында Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштап, андагы айрым беренелер дин чөйрөсүндө талаш-тартыш жараткан. Андан кийин мыйзам долбоорун атайын жумушчу топ кайра иштеп чыккан.
Документ боюнча президент дин аалымдары менен жыйын өткөргөн, андан кийин парламентте коомдук талкуу дагы уюштурулган. Ал талкууларда айрым дин аалымдары долбоордон үй кыдырып үгүт айтууга тыюу салуу сунушун алып салууну өтүнүшкөн.
Алардын бири мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев парламенттеги коомдук угууда ушул маселени кайра карап көрүүнү өтүнгөн:
“Муну сураныч, өтүнүч, аманат катары айтып коюшум керек. Ушуга тыюу салбастан, имамдардын көзөмөлүндө мусулмандын зыярат кылуусу токтобой эле боло берсе деген алардын чоң суранычы. Калгандары боюнча талкуу болду. Орчундуу маселеси ушул деп ойлойм”.
Муфтият жана Аалымдары кеңеши үймө-үй кыдырып үгүт айтууга тыюу салуу маселесине каршы болгон эмес.
Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) башчысы, муфтий Абдулазиз Закиров башка жерлерде даабат айтууга болорун белгилеген.
Документтин баяндамачысы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов үймө-үй кыдырууну ар кандай секталар, экстремисттик топтор дагы пайдаланып жатканын, тыюу салуу сунушу бардык конфессияларга тиешелүү экенин түшүндүргөн.
Ошентип, президенттин акыркы билдирүүсүнөн улам үймө-үй кыдырып үгүт айтуунун эрежелери так иштелип чыкса, бул маселе кайра каралышы мүмкүн десек болот.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Жолборс Жоробеков даабат маселеси буга чейин коомдо ар кандай пикирлерди жаратып келгенин айтты. Ал бийликтин динге үгүттөөнү иретке салуу аракетин колдогондордун бири.
“Президент туура айтат, даабат болушу керек. Жакшы сунуш иштеп чыгышсын. Даабат мындай жерде болот, аны кимдер айтат дегендей жобо болуш керек. Муфтият кагаз бериши керек деген сыяктуу эрежелер иштелип чыгышы зарыл. Сунуш бергиле деди. Мамлекет динден бөлүнгөн. Бул эмнени түшүндүрөт? Мисалы, мамлекеттик кызматтагы кишилер Куранды түшүндүрүп, талкуулаганга акысы жок. Бирок элдин турмушу, анын коопсуздугу мамлекеттин карамагында”, - деди Жоробеков.
Алымча-кошумча болушу мүмкүнбү?
Азыркы кабыл алынган мыйзам - диний чөйрөнүн ишмердигин жөнгө салган жаңы документ. Жаңы мыйзамдын демилгечилери 2008-жылы кабыл алынган документ заман талаптарына жооп бербей калган деп эсептешет. Жаңы документте никаб, паранжы маселеси, диний негизде партияларды жана башка саясий уюмдарды түзүүгө, саясий ишке аралашуусуна жол бербөө сыяктуу жоболор бар.
Диний серепчи Тимур Козукуловдун пикиринде, мыйзам иштей баштагандан кийин анын аткарылышына жараша өзгөртүүгө дуушар болушу мүмкүн. Козукулов бул мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин белгилейт.
“Мыйзам эртең ишке киргенден кийин жагдай көрүнөт. Баары идеалдуу болуп кетет дегенден алыс болушубуз керек. Балким, ушул мыйзам эң идеалдуу вариантта кабыл алынды. Мыйзамдын эң негизги максаты - дин чөйрөсүн иретке келтирүү. Жагабы-жокпу, мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Бул мыйзам мага жакпайт деген болбошу керек. Мен айтып өткөндөй, жагдайына жараша айрым жерлерин өзгөртө берсе болот. Башка мыйзамдар деле ушундай болот”, - деди ал.
Кыргызстанда мыйзамдар президент кол койгондон 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргызстандын Баш мыйзамында дин мамлекеттик башкарууга аралашпай турганы жазылган. Конституция ар бир жарандын дин тутуу эркиндигине кепилдик берет.
Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөн ашык медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны 399, калгандары башка диндерге таандык.
Шерине