Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

"Тумоо жана ыш кыйнады". Өкмөт менен эл абаны эки башка сезеби?


Бишкектеги ыштын бир себеби автоунаалар экени айтылып келет.
Бишкектеги ыштын бир себеби автоунаалар экени айтылып келет.

Баш калаа Бишкектин ыш көйгөйү ушул жумада парламентте көтөрүлдү. Анда депутаттар өкмөттөн абаны булгап жаткан себептерди жоюуну талап кылды. Айрым эл өкүлдөрү соңку жылдары өлкөдө ыштын айынан ден соолугунан ажырагандар болуп жатканын айтышууда.

Саламаттык сактоо тармагындагы жетекчилер ушу тапта өлкөдө жүрөк-кан тамыр, пневмония менен ооругандардын саны өскөнүн, бирок анын ышка байланышы жоктугун айтышууда.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 20-январда ыш көйгөйүн талкуулады. Бул жыйында сөз алган жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев борбор калаанын абасын булгаган себептерди санап өттү:

“Эл аралык уюмдар жүргүзгөн изилдөөгө таянсак, жеке сектордо көмүр жагуу 40% түзөт. Эски унаалардан чыккан газдар 30%, ЖЭБ 15%, шамал менен учкан чаң 13,5%, өнөр жай ишканаларынан чыккан түтүн 1,5%”. Министр буга чейинки жасалган иштердин натыйжасында Бишкектин абасы 2021-жылдагы көрсөткүчкө караганда кыйла жакшырганын да белгиледи.

Бирок депутаттардын айрымдары бул жүйөгө макул болушкан жок. Алар Бишкек дагы деле коюу түтүндүн кучагында калганын белгилешти.

Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

Депутат Балбак Түлөбаев өкмөттү Кара-Кеченин көмүрүнө байланыштуу сынга алды:

“Министрлер кабинетинин мүчөсү "Кара-Кеченин көмүрүн жакканга болбойт, ууланып атабыз" деп моюнга алып жатат. Айылдын баарын ыш каптаган. Шаарды унуттук. Өкмөт бир жагынан уруксат берип, бир жагынан элди ууктуруп жатабы анда?”.

Өкмөт акыркы жылдары бул маселени газдаштыруу менен чечүүгө аракет кылып келет. 2024-жылы Бишкектеги 31 миңдей үйгө газ берилгени кабарланган.

Бирок Түлөбаев иш 8% гана аткарылганын белгилеп, борбор калааны толук газдаштыруу үчүн "Газпромдон" башка дагы компаниялар менен келишим түзүүгө чакырды.

Депутат муну менен катар мэрияда ЖЭБди газга өткөрүүгө акча жоктугун эске салды. Кыргызстанга өкмөт абанын булганышына каршы күрөшүүгө бөлүнгөн каражатты алып, бирок көзгө көрүнөрлүк иш кылбай жатканына нааразы болду.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстан абанын сапатын жакшыртуу үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар насыя алары айтылган. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров коюп, Жогорку Кеңеш ратификациялаган.

Жыйында айрым эл өкүлдөрү ыш калктын саламаттыгына кандай таасир этерине кызыкты.

"Азыр ыш менен күрөшүү башка шаар-айылдарда деле күч. Ушунун айынан ооругандар көбөйүп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинен сурап көрөйүнчү, ооругандардын саны көбөйдүбү?", - деди депутат Жалалидин Нурбаев.

Жыйынга келген саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, ушу тапта өлкөдө жүрөк-кан тамыр, пневмония илдеттерине чалдыккандардын саны өскөнүн айтты. Бирок оорулардын көбөйүшү менен ыштын байланышы бар-жогун тактаган жок:

“Абанын булганышы ден соолукка таасирин тийгизет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында, абага бөлүнүп чыккан уу заттар жүрөк-кан тамыр, дем алуу, аллергиялык жана онкологиялык ооруларга таасир этиши мүмкүн. Бул оорулар түздөн түз абанын булганышына байланыштуу көбөйгөнү байкалган жок”.

"Ыштан дем ала албай калдык"

Анткен менен калк арасында ыштан кыйналып жатканын айткандар арбын. Бишкектин тургуну Айнур астма менен ооруйт. Ал акыркы жылдары кыш келгени оорусу козголуп, кыйналып жатканын айтты:

“Шаардын чок ортосунда жашайм. Ары жакта жеке сектор бар. Чүпүрөк жагышабы, билбейм. Азыр эшик-терезени ачпай отурабыз. Ыш үйгө чейин кирип жатат. Аба таза болбогону үчүн ооруп жатабыз. Аргам түгөнүп, Түштүк Кореядан 1200 долларга аба тазалагыч алдырдым. Өзүм астма менен каттоодо турам. Башында аллергия болуп башталып, кийин ушул ооруга өтүп кетти”.

Ак-Ордо конушунун тургуну Салтанат болсо үч-төрт жылда ыш улам коюуланып, каптап жатканын даттанды:

“Жаңы конушта жети-сегиз жылдан бери жашайм. Үч-төрт жыл болду, ыш аябай каптап жатат. Мен өзүм көмүр жакпайм, үй газ менен жылыйт. Бирок башкалар жагат, сыртка чыга албай калдык. Мурда жок дегенде бир маал үйдүн ичин желдетчүмүн. Азыр ачсаң эле сасыйт. Акыркы кезде өпкөм, мурдум, көзүм ачыша баштады. Үйгө барганда оозу-мурдумду чайкап көпкө турам”.

Анткен менен дарыгерлер ыш дем алуу органдарынын оорусуна себепчи болуп жатат дегенге илимий далил жок экенин айтып келишет.

Коомдук саламаттык сактоо институтунун жетекчиси Жаркынбек Касымбеков буга чейин "Азаттыкка" курган маегинде, ыштын кесепети узак жылдарда билиниши мүмкүн экенин айткан.

Жаркынбек Касымбеков.
Жаркынбек Касымбеков.

“Бул эми саламаттык сактоо тармагына эле тийиштүү маселе эмес. ЖЭБ түтүнү, сапатсыз күйүүчү майлар, бышпаган көмүр менен цехтен чыккан кездеменин түтүнү баары биригип, ушул кырдаалды жаратууда. Ыштын курамындагы РМ 2,5, көмүр кычкыл газы, күкүрттүн оксиди, азоттун диоксиди ж.б. заттар ден соолукка сөзсүз терс таасир этүүдө. Алсак, РМ 10 өпкөнүн альвеолаларына топтолуп, оңой менен чыкпайт экен. РМ 2,5 болсо канга чейин сиңип, бардык органдарга тарап кетет экен”, - деген Касымбеков.

Бишкектеги №3 бейтапкананын дарыгери Апина Алмаматова учурда сасык тумоо күчөп, ал өпкөнүн сезгенишине алып келген учурлар көп экенин айтты. Дарыгер тумоону ыш менен байланыштырууга болбой турганын белгиледи:

“Азыр вирустук инфекция күчөп кетүүдө. Мурда вирустук инфекцияда аллергияны козгогон учурлар аз эле. Коронавирустан кийин аллергия болгон учурлар көбөйүп кетти. Азыр катуу жөтөл болуп жатат. Ошол себептен аллергияга каршы дарыларды жазып жатабыз. Элдин баары өпкөм ооруп жатат дешет. Бирок көбү бронхиалдык астма, бронхит менен келишти. Бул вирустук инфекциядан пайда болгон оору. Албетте, аба булганса, мындай бейтаптардын абалы кыйындашы мүмкүн”.

Биз бейтапканада сасык тумоо жугуп, анысы өтүшүп кеткен бейтаптарга микрофон сундук. Калыс-Ордо конушунан келген Гүлжайна жөтөлү кетпей жатканын ыштан көрдү:

"Бир жума мурда грипп болгонбуз. Бир жумадан бери жөтөл кетпей жатат. Бронхит болуп жатам. Температура болдум. Баарыбыз ооруп, жакшы боло албай жатканымды ыштан көрүп жатам. Биз жакта көмүр жаккандар көп. Эшикке кир жая албай калдык. Жайсаң, кайра жууганга туура келет. Ошол чаңды биз дагы жутуп жатабыз".

World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө өткөн жылы 24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыккан.

IQAIR сайтындагы көрсөткүч боюнча шаардын борбордук бөлүгү 458 индексти көрсөтсө, калаанын башка аймактары 600-760 индекске чейин жеткен.

Аталган сайт бул абалды адам өмүрүнө өтө коркунучтуу деп баалаган. Бул маселе кыргыз парламентинде да көтөрүлүп, өзгөчө кырдаалдар министринин өкүлү ыш жылдан-жылга азайып жатканын айткан. Ал Бишкектеги 3 миңдей маршруттук кичи автобустар чыгарылганын, 40-50гө жакын социалдык имараттардын жылытуу системасы көмүрдөн газга өткөнүн, жылуулук электр борбору оңдолуп, абаны мурдагыдай булгабай калганын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG