Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:34

"Денесинин 60% күйгөн". Газ жарылган үйдөгү кырсык адам өмүрүн жалмады


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылып, 63 жаштагы аялдын өлүмүнө алып келди. Милиция иш козгоп, териштирүү жүргүзүүдө. Адистер газ киргизилген үйлөрдөгү өрт коопсуздугун сактоо керектигин эскертип жатышат.

Денесинин 60 пайызы, ички органдары күйүп калган

Кырсык 19-январда Көк-Жар конушундагы Сейтек көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон. Он кабат үйдүн биринчи кабатындагы батирдин ашканасында газ түтүгү жарылып, өрт тутанган. Жарылуудан батирдин терезелери күбүлүп түшкөн.

Алтынбек Ахматов
Алтынбек Ахматов

“Кошунабыз да. Аман бекен деп эшикке чыктык. Кошуналар үйдүн кожойкесин алып чыгышыптыр. Апа күйүп калыптыр. Шок абалында болду окшойт, көп сүйлөбөй, бир-эки сөздү эле кайталап жатты. Анан эркектер эмне болуп кетти деп үйдүн артына чуркадык”, - дейт кырсык болгон үйдүн тургуну Алтынбек Ахматов.

Жарылуу дем алыш күнү таңкы саат 8-9дар чамасында болгон. Ал маалда бейкапар уктап жаткан тургундар башында эмне болгонун түшүнбөй калганын айтышат. Үйдүн дагы бир тургуну Мадина Ашимова буларды айтты:

Мадина Ашимова
Мадина Ашимова

“Биз жарылган үйдүн так үстүндөбүз. Аябай катуу силкинди да. Мен жер титиреп, катуу кыймылдаса, үй көчүп түшпөсүн деген ойдо балдарымды тургузуп, дароо эле кийиндирип, эшикке чуркап чыктык. Жарылган батирде жашаган эже эшикте отурган экен. Аябай шок абалда, өңү дагы кочкул көк болуп кеткен экен”.

Батирде үч киши: 63 жаштагы аял эки кызы менен турушкан. Газ жарылган учурда апасы бир кызы менен ашканада болгон.

Кырсыктан улам аялдын денесинин 60 пайызы жана ички дем алуу органдары күйүп калган. Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, бир суткага жетпей көз жумган. Жанындагы 38 жаштагы кызынын колу, бети күйүп, учурда Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында жатат.

Турсалиев Темиркан
Турсалиев Темиркан

“2-3-даражадагы күйүктөр. Бети, колдору 15 пайызга чейин күйгөн экен. Кээ бир жерлеринде тереңирээк жарааттары бар. Дагы дарыланып жатат. Бүгүнкү күндө акыбалы жеңилдеп калды”, - дейт Бишкек шаарынын клиникалык тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмүнүн дарыгери Темиркан Турсалиев.

Түтүгүн текшерип, бөлмөнү желдетип туруу зарыл

Учурда газ эмне себептен жарылганы белгисиз. Окуя Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат. Соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалды.

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин директору Эрназарбек Суеркулов газдаштырылган үйлөрдө газ мештин түтүктөрү кандай бекитилгенин сөзсүз текшерип коюу кажет экенин эскертет. Ал өзгөчө айрым учурда газ мешин жылдырып, жууп-тазалаган учурда коопсуздук эрежелерин көз жаздымда калтырбоо керектигин белгиледи:

“Газ мешин ордунан жылдырып, жууп-тазалап, кайра ордуна коюп, бирок түтүгүн бош эле сайып коюшат. Хомутту бекем тартышпайт. Ошол жактан газ акырын чыга берет. Түтүктү ордуна кошкондон кийин бекем катырып көрүп, самынды сууга аралаштырып, көбүк чыгарып, аны менен түтүктү текшерип, газ чыгып жатабы, жокпу, көрүп коюш керек. Андан сырткары, сигнализаторлор бар. Бул сигнализаторлор дагы талаптагыдай иштеп жатабы, үй ээлери тез-тезден текшерип, үзгүлтүккө учуратпай иштетиши зарыл. Дайыма көзөмөлдөп турушу керек”.

Суеркулов белгилегендей, газдаштырылган үйлөрдүн ичин өз билемдик менен кайра пландоо дагы өзүнчө бир көйгөй болууда:

“Газ өткөрүп жатканда көбү батирдин ичин жеке пландоого өтөт: ашкананы башка жакка которуп, конок үйдүн ордуна ашкананы алып барып, же ортосундагы тосмону алып салып, студия кылып жасап алышат. Ушундай эреже бузуулар болуп турат. Аларды иретке келтирмейинче, эреже бузуу жоюлмайынча газ орноткон кызматтар газ бербейт. Уруксат менен газ берилгенден кийин дагы өздөрү билип, үйдүн ичин ар түрдүү пландап, өзгөртүп жасап алган учурлар көп катталат”.

Газды орнотуу жана тейлөө ишин тийиштүү адистер гана жүргүзүп, аны колдонууда бөлмөнү улам желдетип туруу керектигин өрт коопсуздугуна жооптуу мекемелер эскертип келишет.

“Газпром Кыргызстан” ишканасы газ колдонуу эрежелерин тизмектеп, жаңы курулуш нормаларынын алкагында коопсуз эксплуатацияны камсыз кылуу үчүн негизги талаптар бар экенин белгилөөдө. Анын ичинде газ детекторлору жана газ чыга турган маалда газ берүүнү автоматтык түрдө өчүрүүчү электромагниттик клапандарды орнотуу талабы. Бардык жаңы үйлөр ушул коопсуздук стандарттарына ылайык курулуп, аталган приборлор орнотулушу зарыл. Өрткө каршы кызмат да алардын иштешин текшерип турат.

Биринчиден, үйлөрдү уруксатсыз газдаштырууга тыюу салынат. Кырсыкты алдын алуу үчүн бардык иштерди лицензиясы бар уюмдардын квалификациялуу адистери гана аткарышы керек.

Экинчиден, газ жабдууларынын, анын ичинде мештердин, казандардын жана морлордун жарамдуулугун такай текшерип туруу зарыл. Ошондой эле газдын туура күйүшүн камсыз кылуу жана көмүртек кычкыл газынын чыгышына жол бербөө үчүн вентиляциянын жана морлордун абалын көзөмөлдөө өтө маанилүү.

Адистер газ детекторлоруна жана электромагниттик клапандарга өзгөчө көңүл буруу керектигин эскертишет. Бул приборлор дайыма иштөө тартибинде болушу кажет. Детектор газдын чыгышын өз убагында аныктап, сигнал берип, электромагниттик клапанды иштетет, бул мүмкүн болуучу терс көрүнүштөрдү алдын алат. Автоматтык газ башкаруу системалары үзгүлтүксүз тейлөөнү жана жыл сайын текшерүүнү талап кылган татаал техникалык түзүлүштөр.

Кеңири таралган каталардын бири - газ детекторлорун жана электромагниттик клапандарды өчүрүп коюу. Кээ бир тургундар электр энергиясын үнөмдөөгө аракет кылып же жөн гана бул аппараттардын маанилүүлүгүн түшүнбөй, аларды өчүрүп коюшат. Бул мүмкүн болгон газ чыгуу коркунучун бир топ жогорулатат, анткени бул аппараттар өзгөчө кырдаал болгон учурда тез белги берүү үчүн иштелип чыккан.

Ошондой эле, адистер белгилегендей, көптөгөн жарандар газ жабдууларынын техникалык абалын, жарамдуулугун такай текшерип турууга кайдыгер мамиле жасашат. Газ приборлорун колдонууда бөлмөлөрдү туура желдетүү өтөт маанилүү экенин айткан тийиштүү мекемелер жогоруда келтирилген талаптарды аткарбоо ар бир адамдын өзү да, жанындагы кошуналары үчүн да оор кесепеттерге алып келерин эскертишет.

Сегиз айда 35 өлүм катталды

Кыргызстанда өрт коопсуздугуна жооптуу кызматтар түрдүү жагдайда өрт тутанып, адам өмүрүн кыйган окуялар аз эмес экенин белгилешет. Былтыр сегиз айда Кыргызстанда 3 497 өрт катталып, андан 35 адам каза болгонун, бул ага чейинки бир жылда катталган кырсыктын жана киши өлүмүнүн санына барабар экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген.

2023-жылы жалпы 3498 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон. 2022-жылы 3137 өрт кырсыгынан 29 адам мерт кеткен.

Жалал-Абад шаарында былтыр 13-июлда суусундук сатылган күркөдөгү кычкылтек баллону жарылып, бир адам мерт болуп, дагы төрт адам жараат алган. Кырсык "Тору" соода борборунун маңдайында жайгашкан газдалган суу саткан күркөдө болгон. Ошондон улам Жалал-Абадда кычкылтек жана газ баллондор орнотулган коомдук жана соода жайларын текшерүү күчөтүлгөн.

Кыргызстанда соода жайларында, тез татым түйүндөрүндө буга чейин дагы газ баллон жарылган, адам өлүмү менен аяктаган окуялар катталган.

2023-жылы 9-июлда Ош шаарында “Алай” курулуш базарынын жанындагы тамактануучу жайдан газ баллон жарылып, 37 жаштагы тургун көз жумган. 2021-жылы Ысык-Көлдүн Каракол шаарында тез тамактануучу жайда газ баллон жаралып, бир кишинин өмүрүн алган. Ошол эле жылдын 4-январында Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы тамактануучу жайда жарылган газ баллондон 11 адам жараат алып, ооруканага түшкөн. 2019-жылы 8-ноябрда Бишкекте Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги "Антошка" тез татым жайында газ баллон жарылып, бир адам мерт кеткен. Сегиз адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган. Арасында өспүрүмдөр дагы болгон.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG