Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:23

"Абдан катуу үн чыкты. Учак кулап баратат го деп ойлодум". Актаудагы кырсыкта аман калган Ринат


Ринат Асанов
Ринат Асанов

20 жаштагы Ринат Асанов - Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган "Азербайжан аба жолдору" компаниясына караштуу Embraer 190 учагынан аман калган үч кыргызстандыктын бири.

Токмок шаарынын тургуну "Азаттыкка" курган маегинде жабырлануучу катары таанылгысы келбей турганын айтты. Анын келечекте көптөгөн пландары бар, бирок азыр эң негизгиси - саламаттыгын калыбына келтирүү.

"Жакындарыма кат жазсамбы деп ойлодум..."

Ринат Асанов каргашалуу Баку-Грозный рейсине капыстан түшүп калган. Ага күтүлбөгөн жерден "Чеченстандан Кыргызстанга машина айдап келүү" сунушу түшкөн.

"Эми Тилек байке мага чоочун адам эмес (Тилек Осмонов - авиакырсыктан жабыркаган дагы бир кыргызстандык), мен ага жардам берейин дегем. Анын үстүнө ошол кезде мен ишим деле жок, бош жүргөм. Анан мен өзүмө да тажрыйба топтоп, балким, кийин пайдалуу болуп калабы деп жаңы бир ишти сынап көргүм келди".

"Дароо учактын салонунун сол тарабын карадым, анткени ал жерде кандайдыр бир нерсе жетишпегени даана көрүнүп турду. Ал жерде желим бир нерсе үзүлүп түшкөндөй болду, кийин маскалар да түштү"

Ринат Бишкектен Бакуга учуп баргандыктан кийинки учакта уктап келаткан. Ал учакка биринчи сокку тийип, эл дүрбөлөңгө түшкөндө ойгонуп кеткен.

"Мага жарылуу болгондой туюлду. Дароо салондун сол тарабын карадым, анткени ал жерде кандайдыр бир нерсе жетишпегени даана көрүнүп турду. Ал жерде желим бир нерсе үзүлүп түшкөндөй болду, кийин маскалар да түштү. Айрым жүргүнчүлөр орундарынан туруп, дүрбөлөңгө түшүп, ары-бери баса башташты. Стюардесса аларды тынчтандырууга аракет кылды".

Ринат терезенин жанында 35-катарда отурган. Ал эмне болгонун аңдагыча дагы бир "жарылууну" сезгенин айтат.

"Абдан катуу үн чыкты. Башыма ар кандай ойлор келе баштады. Алгач учак кулап баратат го деп ойлодум. Мен өзүмдү тынчтандырууга аракет кылдым, бирок майнап чыккан жок. Артымда Тилек байке отурган, ага суроо бере баштадым. Ал дагы коркуп, эмне болуп баратканын түшүнбөй жатканын айтты, бирок мени тынчтандырууга аракет кылып, баары жакшы болот деди", - дейт Ринат.

Ринат "экинчи катуу үн" чыккандан кийин ажалыбыз жеткен экен деп, эң жаман нерсеге даяр болууну ойлогонун айтат.

"Телефонумду алып, жакындарыма кат жазайын деп ойлодум. Бирок жазган жокмун, кудайга шүгүр... Экипаж учакты чукул кондурууга аргасыз болгонун бизге эскертти. Стюардессалар кантип туура отурууну, коопсуздук курун тагынууну, колду кантип кармоону түшүндүрүштү. Стюардесса "вrace" командасынан кийин жерге конорубузду, ошондуктан даярданып, башыбызды коргошубуз керектигин айтты.

Ошондой буйрукту күткөнүм эсимде. Ал үн чыкканда, мен терезени карап, жерди абдан жакын көрдүм. Ошол маалда катуу корккондон улам эсимди жоготуп, ооруканада гана өзүмө келдим", - дейт ал.

Буга чейин кыргызстандык Тилек Осмонов кыйраган учактан кантип чыкканын "Азаттыкка" берген маегинде айтып берген. Ал башка жүргүнчүлөрдүн жардамы менен оор жараат алган Ринат Асановду алып чыккан.

«Коопсуздук курун чече албай кыйналдык... Ринат көзүн ачып, өзүнө келди, бирок абалы начар болчу. Биз учактан чогуу чыкканбыз", - деп эскерет Тилек Осмонов.

"Машине менен кетсем болобу деп сурадым"

Учак кырсыгынан жабыркагандардын баары Актау шаарындагы ооруканаларга жеткирилген. Ринат дароо Мангыстау облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Ал алгачкы күндөрү комада жатып, "өпкөсү жабыркаган, эки кабыргасы сынып, мээси чайкалган" деген диагноз коюлган. 31-декабрда авиакырсыкка кабылган эки мекендеши - Тилек Осмонов менен Эрлан Жунусалиев болуп атайын рейс менен Бишкекке жеткирилиген.

"Дарыгер келип мени мекениме алып кетишерин айтканда, дароо "Кантип?" деп сурадым. Учак менен кетерибизди айтышты, бирок мен "машина менен кетсем болобу?" деп сурадым"

Ринат Бишкекке учак менен кетерин уккан соң тынчсызданганын жашырбайт.

"Дарыгер келип мени мекениме алып кетишерин айтканда дароо "Кантип?" деп сурадым. Учак менен кетерибизди айтканда "машина менен кетсем болобу?" деп сурадым. Мен наркоздун таасиринде жатып, эмне болуп жатканын толук түшүнбөсөм да, жоопту укканда коркконум анык эле.

Догдур мага бардык жагдайды түшүндүрүп, рейс төрт саатка созуларын, ал эми машине менен кетсек, дээрлик 2 жарым күн жол жүрөрүбүздү айтты. Башка вариант жок экени ачык эле көрүнүп турду. Мени бутума тургузган өзүбүздүн жана казакстандык дарыгерлердин баарына ыраазымын", - дейт кыргыз жигит.

Ринаттын айтымында, дарыгерлер ага кырсык тууралуу жаңылыктарды окуба, социалдык тармактарга кирбе жана интернеттеги убактыңды чекте деп кеңеш беришкен:

Ринат Асанов досу менен ооруканада.
Ринат Асанов досу менен ооруканада.

"Алар мени көп кабатыр болбогун дешти. Азыр эгер күтүлбөгөн жерден учак, авиация жөнүндө видеого туш болуп калсам, жада калса экрандан стюардессаны көрсөм, автоматтык түрдө башка жакка өтүп кетем. Көрө албайм... Мен бир жакка учмак тургай кандайдыр бир транспортко түшкөндөн корком.

Бирок азыр мен дагы эле төшөктө жатам, эч жакка бара албайм, ден соолугумду калыбына келтиришим керек. Доктур жазган дарыларды, витаминдерди ичип атам. Алты айдан кийин кайталап текшерүү болот, балким, дагы тамчылатма алышым керек болот. Окууга бара албайм же иштей албайм, спортко да тыюу салынган", - дейт Ринат Асанов.

"Окуу жана иштөө - максатым"

Ринат дайыма спорт менен машыгып жүргөн. Ден соолугунун чыңдыгы анын кырсыктан кийинки оор абалдан бат чыгып кетишине өбөлгө болду.

"Жада калса дарыгерлер өпкөм таза, башкача айтканда, абалым жакшы болгондуктан тез сакайып баратканымды байкашты. Бирок мен дагы эле реабилитациядан өтүшүм керек. Тезирээк окууга кайтып, иштеп, агам менен Бишкектен батир сатып алуу кыялыма жетсем дейм. Мен Бишкекте окуйм, ал эми агам Токмоктон шаарга күн сайын барып келип иштейт", - деп түшүндүрөт Ринат.

Ринат спорттон оолактап калганына нааразы.
Ринат спорттон оолактап калганына нааразы.

Ал учурда Кыргызстандын эл аралык университетинин IТ тармагындагы бөлүмүндө 4-курста сырттан окуйт. Бирок Ринат кийин геодезист болгусу келет.

"Эки жыл мурун мен Орусияга иштегени баргам. Башында жөнөкөй жумуштарда иштедим, кийин бригадир болдум, башкача айтканда, акырындык менен көтөрүлдүм. Ал жерден геодезия менен алектенген адамдар менен таанышып, бул тармакка кызыгып кеттим. Алар мага көп нерсени үйрөтүштү, мени [сапарларга] ээрчитип алышчу, ал жакта ар түрдүү жумуштарды жасадым. Бирок мен үйрөнө турган, окуй турган көп нерселер бар", - дейт Ринат.

Ринаттын бир агасы жана эки карындашы бар. Алты жыл мурун ата-энеси каза болгон. Бир эжеси турмушка чыккан, экинчиси Москвада иштейт. Азыр Ринат агасы менен жашайт. Ал Ринатты авиакырсыктан кийин Актаудагы ооруканадан алып кетүүгө барган. Эми кенемте алуу боюнча юридикалык маселелер менен да алектенүүдө.

Ринат кийин геодезист болгусу келет.
Ринат кийин геодезист болгусу келет.

Азырынча Ринат эч кандай кенемте ала элек. 2024-жылы декабрь айынын аягында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "кенемте төлөө боюнча Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги иштеп жатканын, анын өлчөмү чукул арада аныкталарын" билдирген.

Ринат мындай кырсыкка эмне үчүн кабылганын ойлобоого сөз бергенин айтат.

"Учакта мен "эмне болсо да, буйруганы" деп ойлогом. Эч кимге таарынычым жок, бул жараткандын буйругу, мен аман калганыма, баса алганыма, дем алганыма ыраазымын. Балким, бир аз тулку боюм ооруп кыйналдым, бирок жалпысынан мен ошол эле Ринатмын, өзүмдү жабырлануучу катары сезбейм. Мен жөн гана жашоомду улантып, өз максатыма жетүүнү каалайм", - деп жыйынтыктады Ринат.

Баку - Грозный багытында бараткан жүргүнчү учак 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган. Грозныйдын аэропорту учакка конууга уруксат бербей, Махачкалага жиберген. Учак Каспий аркылуу Казакстанга багыт алып, аба майданына жетпей кулаган.

Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы аман калган.

Кырсык боюнча иликтөө иштери дагы эле уланууда. Азербайжандын президенти Илхам Алиев 29-декабрда “Азербайжан аба жолдору” компаниясына караштуу Embraer 190 учагы Орусиянын аймагында аткылоого дуушар болгонун билдирип, “Орусиянын расмий структуралары кайдагы бир газ баллондун жарылышы тууралуу версияларды айтып жатканы бизди капа кылып, бир чети таң калтырды”, - деген.

Андан тышкары Илхам Алиев 27-декабрда Азербайжан Орусия тарапка авиакырсыкка байланыштуу үч талабын жеткиргенин айткан. Алар: кечирим суроо, күнөөнү моюнга алып, күнөөлүүлөрдү жазалоо жана жабыркагандарга кенемте төлөп берүү.

Шерине

XS
SM
MD
LG