4-мартта АКШ президенти Дональд Трамп Конгрессте туруп, Зеленскийден кат алганын жана анда украин лидери сүйлөшүүлөрдү баштоого даярдыгын билдиргенин айтты. Бул Трамптын президенттик кызматка киришкенден бери Конгресске жасаган биринчи кайрылуусу. Анын кызматка киришкенине 50 күндөн ашты.
Армения менен Абхазиядан ташылып келген автоунаалардын ээлери машинелерди мыйзамдаштыруунун жол-жобосуна нааразылык билдирип, Бишкектеги Горький паркына акцияга чыгышты. Чогулгандар өкмөт сунуштаган 100 миң сомду азайтууну, катталган аймагына жараша номур берүүнү суранып, президентке кайрылышты.
Трамп 5-мартта Конгресстеги кайрылуусунда Зеленскийден кат алганын айтып, ал тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярдыгын билдиргенин айтты. Трамп бул кайрылуусун АКШ Украинага аскердик жардамды убактылуу токтотуп койгондон бир нече саат өтпөй жасады.
АКШ президенти Дональд Трамп өткөн жумада Ак үйдө Украина президенти Владимир Зеленский менен кайым айтышкан соң Киевге аскердик жардамды убактылуу токтото турууну чечти. Кремль бул чечимди кубаттады. Украинанын өкмөт башчысы АКШ менен алаканы сактап калууга дилгир экенин билдирди.
Украинада согуш башталганда Казакстандын бийлиги атайын каттамдарды уюштуруп, өз жарандарын өлкөдөн чыгарып кеткен. Бирок Марат Дарменовдун үй-бүлөсү Украинада калып, согуштун каарын тарткан жергиликтүүлөргө тилектештик көрсөтүп келет.
Трамп Украинага бардык аскердик жардамды убактылуу токтотту. Кыргызстанда 12 жылдык окутууга байланыштуу маселе кайрадан күн тартибине чыкты. Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөт башчылары Дүйшөмбүдө жолугушту.
Ак үйдө Зеленский менен кайым айтышкандан кийин Трамп Украинага бардык аскердик жардамды убактылуу токтотту. Бул тууралуу бир катар медиа жогорку даражалуу аткаминерлерге таянып жазышты. Алар "бул убактылуу гана чечим" деп белгилешти. Трамп Зеленскийдин “согуш дагы көпкө созулат” дегенин сындады.
Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор Бишкекке чогулуп, президент Садыр Жапаровду парламентте кабыл алынган жаңы мыйзамга кол койбоого чакырды. Алар кодексте жарандардын менчик укугу сакталбай калганын айтып, кабатыр болушууда.
Лондондо Европа лидерлеринин Украина боюнча саммити өттү. Британ премьер-министри Кир Стармер анын өлкөсү Киевге эки млрд долларлык жаңы аскердик жардам көрсөтөрүн билдирди. Жыйындын соңунда согушту токтотуу боюнча жаңы тынчтык планын иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.
Февралдын этегинде АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган тажикстандык жаран "Ислам мамлекети - Хорасан" террордук тобу менен байланышы бар деген айып менен кармалды. Cоңку жылдары кандуу калабаларды пландаган же ишке ашырган деп айыпталган борбор азиялыктардын "кара тизмеси" кеңейип бараткандай.
"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун журналисттери Орусиянын Коргоо министрлигинин Башкы аскердик медициналык башкармалыгынын маалымат базасын анализдеп чыгышты.
Бир эле мезгилде эки шаарда же эки мамлекетте жашап көрдүңөр беле? Бельгия менен Нидерланддын чек арасындагы Барле шаарчасынын тургундары күнүгө бир нече жолудан улам бир өлкөгө кирип-чыгышат. Ал жакта чек ара үйлөрдү, ишканаларды, дүкөндөрдү, мэрияны бөлүп өтөт, айланада 30 анклав орун алган. Бирок тосмо, дубал көрө албайсыңар. Нидерланд тилинде сүйлөгөн жергиликтүүлөр кадам сайын өткөн чек араларга карбай ынтымактуу жашаганын айтышат.
Дагы жүктөңүз