Эки лидердин ортосундагы кызуу талаш-тартыш жана АКШнын Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү токтоткондугу тууралуу жарыясынан кийин Дональд Трамп 4-мартта Конгресстин биргелешкен жыйынында сүйлөдү. Ал анда Зеленский ага сүйлөшүү үстөлүнө келүүгө даяр экенин билдирген кат жөнөткөнүн айтты.
"Бүгүн эртең менен Украинанын президенти Зеленскийден маанилүү кат алдым. Анда "Украина тынчтыкка жакындаш үчүн сүйлөшүүнү болушунча тезирээк жүргүзүүгө даяр, тынчтыкты украиндерден артык каалап жаткан эч ким жок", - деп жазылганын Трамп окуп берди.
Так ушундай мазмундагы билдирүүнү Трамптын Конгресстеги кайрылуусун утурлай украин президенти социалдык тармактарга жайгаштырган. Анда Владимир Зеленский жана анын командасы туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн Трамптын күчтүү жетекчилигинин алдында иштөөгө даяр экенин белгилеген. Ошондой эле ал 28-февралда Ак үйдө болгон кайым айтышууга өкүнүп калганын айткан.
"Биздин (өткөн) жума күнү Вашингтондо, Ак үйдө болгон жолугушуубуз күтүлгөндөй өткөн жок. Бул өкүнүчтүү жагдай. Бардыгын оңдоого убакыт келди. Биз келечектеги кызматташтык жана алака-катыш конструктивдүү болушун каалайбыз".
АКШ президенти Украинада согушта ар апта сайын 2 миңдей адам, анын ичинде кырчындай болгон орусиялык жана украиналык жигиттер каза таап жатканын айтты.
Ошондой эле АКШ бул согушка «балким, 350 миллиард доллар сарптаганын», ал эми Европа болгону 100 миллиард доллар коротконун билдирди. Европа лидерлери буга чейин АКШнын расмий өкүлдөрү тарабынан айтылган мындай дооматтарды четке кагып келишкен.
Германиянын Киль институту (Keele University) өзүнүн изилдөөлөрүнө таянып, АКШ Украинага ушул убакка чейин бөлгөн жалпы жардам 114 миллиард еврого жакын каражатты түзүп, эң чоң донор экенин билдирди. Ошол эле кезде институт Европа өлкөлөрү жалпы жонунан 132 миллиард евро бөлгөнүн жазган.
Ак үйдөгү кайым айтышуу эмне болду?
Зеленский 28-февралда Ак үйдөн талаш-тартыштан кийин чыгып кеткен жана эки лидер Украинанын стратегиялык кен байлыктарына байланыштуу келишимге кол коюшкан эмес. Трамп Конгресстеги кайрылуусунда Ак үйдөгү Зеленский экөөнүн ортосундагы кайым айтышты эске алган жок. Анын ордуна теманы башка нукка бурду.
"Биз ал менен жакшы мамиледебиз жана көп нерсе болуп турат", - деди Трамп.
Анын бул билдирүүсү АКШнын Украинага аскердик колдоосун убактылуу токтотконун жарыялагандан бир нече саат өтпөй жасалды. Бирок америкалык лидер бул чечими тууралуу да үн каткан жок.
Сан-Диего мамлекеттик университетинин саясий илимдер боюнча профессору Михаил Алексеев "Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген маегинде Трамп Зеленскийдин айтканын сөзмө-сөз келтирүү менен “Ак үйдөгү сүйлөшүүнү арткы планга койгонун ишарат кылды” деген пикирин айтты.
"Зеленскийдин отставкасы боюнча эч кандай чакырык болгон жок. Украина АКШнын тынчтык орнотуу аракеттерине ыраазы эместиги тууралуу да сөз болгон жок. Ошондой эле Зеленскийдин сөздөрү жетишерлик деңгээлде деталдуу түрдө келтирилди. Муну балким, айрым нерселер ишке аша башташы мүмкүн деген позитивдүү белги катары кабыл алынса болот. Экинчи жагынан биз Украинага аскердик жардамды кайра жандандыруу боюнча эч кандай билдирүүлөрдү уккан жокпуз. Бул жардам азырынча токтотулган. Ошондой эле биз негизги маселе боюнча Путинди токтотуу үчүн кандай ыкмалар же коркутуулар колдонулушу мүмкүн экендиги жөнүндө эч нерсе уга алган жокпуз", - деди Алексеев.
АКШ менен Украинанын келишими
Трамптын бул кайрылуусунан кийин АКШ менен Украинанын келишими тууралуу талкуулар күн тартибине чыкты.
Киевдин кызыкчылыгын коргогон Yorktown Solutions компаниясынын президенти Дэниел Вайдич сейрек металлдар боюнча келишим Украина үчүн да, АКШ үчүн да пайдалуу болот деп эсептейт: "Бул АКШга, Украинага да азыр корголушу керек болгон өзгөчө активдерди берет".
Макулдашуунун натыйжасында түзүлө турган фонд америкалык бизнести Украинаны кайра курууга инвестиция тартууга маанилүү механизм болот деп кошумчалады Вайдич.
Трамп бул келишимди согуш башталгандан бери АКШнын миллиарддаган долларлык колдоосун кайтарып алуунун бир жолу катары алдыга жылдырды.
Украин саясат таануучусу Игорь Рейтеровичтин айтымында, Трамптын сөздөрү Зеленский менен келишпестик бүтүп, экөө тең сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин көрсөтүп турат.
"Трамптын Украинага аскерий жардам көрсөтүүнү токтотуу тууралуу атайын эч нерсе айтпаганы абдан таң калыштуу", - деди Рейтерович "Азаттыктын" украин кызматына берген маегинде.
«Бул маселе жакынкы келечекте, балким, күндөр эмес, сааттарда оң жагына чечилет деп үмүттөнөбүз».
Конгресстеги "эң узун" кайрылуу
Бул Дональд Трамптын 20-январда президенттик кызматка киришкенден бери Конгресске жасаган биринчи кайрылуусу.
АКШ президенти сөзүн "Америка кайтып келди" деп баштап, иммиграция, кылмыштуулук боюнча саясатын жана миллиардер Илон Масктын Өкмөттүк эффективдүүлүк департаментинин (DOGE) мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу аракеттерин мактады.
Трамп ага “жүздөгөн миллиард доллар алдамчылыктын” бетин ачууну тапшырган.
20-январдагы инаугурациядан бери Трамп "нес кылган" стратегиясын жүргүзүп, ички жана тышкы саясаттагы олуттуу өзгөрүүлөрдү жарыялап, шайлоо алдындагы убадаларын аткаруу үчүн көбүнчө Конгрессти айланып өткөн буйруктарды колдонду.
Трамп ошондой эле инаугурациядан бери «өлкө тарыхындагы эң улуу жана эң ийгиликтүү доорду баштоо үчүн бардыгы тез жана талыкпай жасалганын» айтты.
Лас-Вегастагы Невада университетинин саясат таануу боюнча профессору Ребекка Гилл президенттин Конгрессте 100 мүнөттөн ашык сүйлөгөнүн "Трамп үчүн мүнөздүү" деп сыпаттады.
"Менин оюмча анын өтө агрессивдүү жана күрөшкө даяр болуп сүйлөгөнү эч кимди таң калтырган жок", - деди Ребекка Гилл.
Жаңы администрациянын эң талаштуу кадамдарынын бири - АКШнын ири соода өнөктөштөрү болгон Канада менен Мексиканын товарына 25% бажы тарифтери 4-мартта күчүнө кирди. Бул АКШнын акцияларынын эки айдан ашык убакытта эң кескин төмөндөшүнө алып келди.
"Тарифтер Американы кайра-кайра байытуу үчүн иштелип чыккан. Бул азыр болуп жатат жана өтө чукул ишке ашат", - деди Трамп.
Oxford Economics консалтинг жана изилдөө фирмасынын башкы америкалык экономисти Райан Свит тарифтер АКШнын экономикасынын өсүшүн жайлатып, жумушсуздук менен инфляцияны күчөтөт деп эсептейт.
"Экономика быйыл январь айы адаттан тыш суук, Лос-Анжелестеги токой өрттөрү жана саясаттагы улам күчөгөн белгисиздик менен башталды. Тарифтер андан да көп залакасын тийгизиши мүмкүн деген кооптонууну гана күчөтөт", - деди Свит.
Шерине