Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:08

АКШда тажик жараны террорчулукка шектелип кармалды. "ИМ" тобунан коркунуч күч алдыбы?


Февралдын этегинде АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган тажикстандык жаран "Ислам мамлекети - Хорасан" террордук тобу менен байланышы бар деген айып менен кармалды. Cоңку жылдары кандуу калабаларды пландаган же ишке ашырган деп айыпталган борбор азиялыктардын "кара тизмеси" кеңейип бараткандай.

28-февралда Тажикстандын Ички иштер министрлиги "Азаттыктын" тажик редакциясы - "Озоди" радиосуна 33 жаштагы Мансури Манучехрдин камакка алынганы тууралуу кабарды тастыктады. Ал 26-февралда Нью-Йорктун федералдык сотуна келген учурда "Ислам мамлекети" террордук тобу жана анын Борбор Азиядагы "Вилаят Хорасан" деп аталган бөлүмү менен байланышы бар деген айып менен кармалган. Маалыматка караганда, Мансури Манучехр Түркия менен Сириядагы "Ислам мамлекети" радикал уюмунун тарапташтарына акча жөнөтүп турган.

Мансури мыйзамсыз ок атуучу курал сактоо жана иммиграциялык алдамчылык боюнча да айыпталууда. Федералдык иликтөө бюросунун (FBI) маалыматына ылайык, ал 2016-жылы июнь айында АКШга туристтик виза менен кирип, декабрь айында визасынын мөөнөтү бүткөндөн кийин өлкөдөн чыкпай калып калган.

Мансури Манучехрдин соцтармактардан алынган сүрөттөрү. Коллаж.
Мансури Манучехрдин соцтармактардан алынган сүрөттөрү. Коллаж.

АКШнын Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, 2024-жылы анын жакын туугандарынын бири полицияга кайрылып, Мансури теракт жасашы мүмкүн экенин билдирген. Ошондой эле ал акыркы жылдары радикалдашып, жихадды ачык колдоп сүйлөй баштаганын кабарлаган. 33 жаштагы Мансури Манучехр жүк ташуучу унаа айдап, жан багып жүргөн.

Эгерде ал күнөөлүү деп табылса, 45 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Тергөө ошондой эле Мансур экстремисттик материалдарды сактаганын жана террорчуларды даңазалаганын аныктады.

Тажик жараны АКШда кармалганы тууралуу расмий Дүйшөмбү маалымат бере элек.

Мансури Манучехрдин камакка алынышы АКШ бийлиги "Ислам мамлекети" (ИM) радикал уюму менен байланышы бар делген сегиз тажик жаранын депортациялагандан бир нече ай өткөндөн кийин жана тажик өкмөтү өлкөдө диний экстремизм жана терроризм менен күрөшүп жаткан учурга туш келди.

Белгилей кетсек, 2024-жылы жай айларында АКШда "ИM менен байланышы бар" деп шектелген сегиз тажикстандык кармалган.

Кошмо Штаттарынын Юстиция министрлиги жарыялаган тергөө аныктамасында 2021-жылдын декабрынан 2023-жылдын апрелине чейин Мансур Манучехр Түркия жана Сириядагы "Ислам мамлекети" менен байланышы бар адамдарга болжол менен 70 миң доллар жөнөткөнү көрсөтүлгөн.

"Айыпталуучу [Ислам мамлекетин] колдогон жана [Ислам мамлекети] менен байланышы бар кишилерге миңдеген долларларды чет өлкөгө жөнөтүп турган", - деп билдирди Федералдык тергөө бюросунун директору Каш Пател.

Манучехрден акча алган делгендердин арасында 2024-жылы январда Стамбулдагы католиктердин чиркөөсүнө кол салууга шектелип кармалган, кийин соттолгон киши болгон. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети - Хорасан" террордук уюму мойнуна алган.

АКШнын Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө, Манучехр "буга чейин АКШда катталган [ИМ] чабуулдарын мактаган жана жихадга үгүттөгөн" видеолорду чогултуп жүргөнү белгиленет.

Террордук чабуулдарга катышы бар тажикстандыктар

Манучехрдин иши соңку жылдары ИМ террордук тобу жоопкерчилик алган "куралдуу кол салууларга тиешеси бар" деп айыпталган тажик жарандарынын саны улам өсүп бараткан учурга туш келди.

2024-жылдын январь айынан бери чет өлкөлөрдө, анын ичинен Орусия жана АКШда 30га жакын тажикстандык теракт уюштурууга шек саналып кармалган.

"Крокус сити" борбору.
"Крокус сити" борбору.

Былтыр мартта Москванын четиндеги "Крокус Сити" концерттик борборуна кол салуу болуп, 140тан ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Кол салууга байланыштуу төрт тажикстандыкка айып тагылган.

Орус бийликтери окуяга тиешеси бар деп жалпы 27 киши кармалганын ырастаган. Алардын көбү тажикстандыктар.

2024-жылы 3-январда Ирандын түштүгүндөгү Керман шаарында теракт уюштурулуп, 91 жай тургун набыт болгон. Жардырууга шек саналып эки тажикстандык кармалганы кабарланган.

Ошол эле күнү эки жоочу Стамбул шаарындагы католиктердин чиркөөсүн бутага алышкан. Түрк бийлиги кол салгандардын бири Тажикстандын жараны экенин билдирген.

2023-2024-жылдары Германия, Австрия жана Албания да бир нече тажик жаранын террордук топко байланышы бар деген шек менен кармаган.

Үймө-үй кыдырып, экстремизмге каршы иш жүргүзүлүүдө

Тажик өкмөтү өз жарандарын, айрыкча жаштарды интернетте диний-экстремисттик жана террордук топтордун үгүттөөсүнөн сак болууга чакырат.

2024-жылы өкмөттүн колдоосу менен жүргүзүлгөн изилдөөдө Сирия, Ирак жана Ооганстанда ИМдин катарында согушуп жүргөн Тажикстандын жарандарынын 85% жакыны Орусияда иштеп жүрүп азгырылган мигранттар экени айтылат.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин академиясы жүргүзгөн изилдөөнүн авторлору эмгек мигранттарын тартуу үчүн социалдык тармактардагы "интернет имамдар" колдонуларын эскертет.

Жаштардын террордук топторго кошулуусуна бөгөт коюу максатында тажик бийликтери эми "Үйдөн үйгө" деген акция баштады. Анда миңдеген мамлекеттик кызматкерлер үймө-үй кыдырып, элге "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуунун терс кесепеттерин түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жаштардын террордук топторго кошулуусуна бөгөт коюу максатында тажик бийликтери эми "Үйдөн үйгө" деген акция баштады.
Жаштардын террордук топторго кошулуусуна бөгөт коюу максатында тажик бийликтери эми "Үйдөн үйгө" деген акция баштады.

Тажикстандын Хатлон облусунун айрым тургундарынын "Озоди" радиосуна билдиргендей, кызматкерлер жаштарга радикалдашкан үгүт маалыматтар тууралуу бейформал талкууларды уюштурууда.

Ошондой эле тажик аткаминерлер мектептерде, мечиттерде да утур-утуру жолугушууларды өткөрүп турушат.

"Биз Орусияда же Америкада жашаган тажиктерди көзөмөлдөй албайбыз. Эгер алар террордук үгүттүн кайырмагына түшүп калса, ата-энелердин же тажик бийлигинин колунан эч нерсе келбейт. Бирок биз аракет кылып жатабыз", - деди "Озодиге" жергиликтүү аткаминер.

Тажикстандык серепчилер менен оппозициячыл активисттер, үймө-үй кыдырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн ордуна жумуш орундарын жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө басым кылууга бийликти чакырып келет.

ИМдин Тажикстандагы чабуулдары

14-февралда Тажикстандын башкы прокурору Хабибуллох Вохидзода 2024-жылы өлкөдө терроризм жана экстремизмге байланыштуу 1494 кылмыш катталганын, бул мурунку жылга салыштырмалуу 18% көп экенин кабарлаган.

Башкы прокурор былтыр Нооруз майрамында коомдук жайларда тамак-ашка уу кошуп, жапырт кыргын жасоону уюштурууга аракет кылган 30 шектүү кармалганын билдирди.

Прокурорлордун айтымында, кол салууга айыпталып кармалгандар 8 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган, дагы 10 шектүү издөөдө.

Жыл башында тогуз киши Куляб шаарындагы жардырууга айыпталып кармалган. Анда бийликтеги Элдик-демократиялык партиянын жергиликтүү жетекчиси набыт болгон. Кол салууга да жоопкерчиликти "Ислам мамлекети - Хорасан" террордук уюму мойнуна алган.

"Үгүт кайырмагы"

Тажикстандагы жумушсуздук, кеңири жайылган коррупция жана авторитардык башкаруу сыяктуу көрүнүштөр жаштарды радикал топтордун "кайырмагына" оңой эле түшүрөт.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстан жакыр мамлекеттердин катарына кирет. Президент Эмомали Рахмон отуз жылдан ашык убакыттан башында турган өлкөнүн учурда ички дүң продуктусу (ИДП) киши башына 1 280 долларды түзөт.

Тажикстан - дин эркиндигин чектеген өлкөлөрдүн бири. Өкмөт ислам динин тутунгандарды катуу көзөмөлдөп, бардык диний окуу жайларды жана көптөгөн мечиттерди жаап, өкмөтчүл имамдарды дайындаган. Мектептерде жана мамлектеттик мекемелерде хижаб кийүүгө тыюу салынган. Ошондой эле өлкөдө бети-башын жапкан аялдарга жана сакалчан эркектерге каршы рейддер жүргүзүлүп, алардын сакалын алган учурлар болгон.

Серепчилер Тажикстанда адам укугу бузулган фактылар катталганын утур-утур айтып келишет.

Шерине

XS
SM
MD
LG