Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембинин кечинде украин аскерлери Курскидеги бир нече айылдан сүрүп чыгарылганын билдирди. Буга чейин 8-марттан тарта мекеме дагы төрт айылдын орус армиясынын көзөмөлүнө өткөнүн маалымдап келген. Мындан тышкары министрлик дрондор украин күчтөрүнүн автокербенине чабуул коюуда деген видеону жарыялап, алар Суджа шаарынан чегинүүдө деп жазган.
Украиналык DeepState долбоору орус армиясы Курск облусундагы эки кыштакты кайтарып алганын бышыктады. Бирок украин куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы бул маалыматты тастыктай элек.
Былтыр августта украин аскерлери Курск облусунун айрым райондорун ээлеп алып, операцияны өз аймагын коргоо максатында жүргүзгөнүн билдирген.
Ал арада 10-мартта Орусиянын аскерлери Запорожье облусун артиллериядан аткылаганын аймактын губернатору Иван Федоров маалымдады. Анын айтымында, жер там жана чарбалык курулуштар жарым-жартылай талкаланды, 79 жаштагы аял жабыркады.
Украин күчтөрүнүн башкы командачылыгы дүйшөмбүгө караган түнү каршы тарап 176 "Шахед" жана башка дрондор менен сокку урганын билдирди.
Маалыматта 130 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнү, бутага Харьков, Полтава жана Киев облустары алынганы айтылат. Натыйжада айыл-чарба ишканасында өрт тутанды, техника жабыркады, турак жайлар, машинелер зыян тартты. Жарадар болгондор тууралуу кабарланган жок.
Орусия кошуна өлкөсүнүн жарандык жайларын жана карапайым адамдарды аткылаганын танып келатат.
Шерине