10-мартта “Ынтымак ордодо” Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны азайтуу жөнүндө президент Садыр Жапаровдун жарлыгын ишке ашыруу боюнча Министрлер кабинетинин жыйыны болду.
Жыйында юстиция министри Аяз Баетов 2025-жылдын 1-октябрына чейин Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору кызматын аркалоо менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштей турганы белгилүү болду. Бул чечим сөз болуп жаткан институтка мамлекеттик башкаруудагы реформаларды ишке ашырууга кеңири ыйгарым укуктарды берери айтылды.
“Биз бүгүн президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекеттик башкарууну реформалоонун жаңы, радикалдуу этабын баштайбыз. Бул жөн эле кезектеги демилге эмес – бул өлкөбүздөгү бардык өнүгүү процесстерин тездетүүгө багытталган чечкиндүү, ал тургай, радикалдуу кадам”, - деген Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттин айрым кызмат көрсөтүүлөрү аутсорсингге берилерин кошумчалады.
Өкмөт бири-бирин кайталаган жана натыйжасыз мамлекеттик органдарды аныктоо, мамлекеттик кызматтарды автоматташтырып, бюрократияны азайтуу, айрым кызматтарды жеке секторго берүү жана чыгымдарды кыскартуу планы бар экенин билдирди.
Кыргызстанда ушул тапта 16 министрлик бар. Ошондой эле министрликтерге караштуу мамлекеттик агенттик, комитеттер менен фонддор иштейт.
Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары,
Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматы менен кошо премьер-министрдин орун басары кызматын аркалайт. Андан тышкары Бакыт Төрөбаев өкмөт башчынын орун басары жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп иштейт.
2021-жылы Кыргызстанда бюджеттик каражатты үнөмдөө жана артыкбаш мекемелерди азайтуу максатында өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилип, мамлекеттик агенттик, комитеттер менен фонддор министрликтерге кошулган.
Жакында эле Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги болуп түзүлдү.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги болуп өзгөртүлдү. Ал түз эле өкмөткө караштуу болуп калды. (EBm/BTo)
Шерине