Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:47

Мектептерде сабак учурунда кол телефон колдонууга тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мектептеринде сабак учурунда мобилдик телефондорду колдонууга тыюу салынды. Мындай буйрук өлкөнүн бардык мектептерине жиберилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 1-радиого курган маегинде билдирди. Анын сөзүнө караганда, ар бир класста кол телефондор үчүн атайын кутучалар болот.

Министрлик мектептерде окуучуларга сабак учурунда кол телефон колдонууну тыюу боюнча атайын токтомдун долбоорун иштеп чыккан. Ага ылайык, балдар мектепке кирген учурда кол телефонун үнсүз режимге коюп, класстардагы атайын кутучуларга салышы керек. Мобилдик телефонун колдонууга танаписте же чукул кырдаал жаралган учурда гана уруксат берилет.

Мектептерде окуучулардын сабак учурунда кол телефон колдонуусуна тыюу салуу демилгеси утур-утур көтөрүлүп келет.

Мугалимдер бала телефонго алаксып, сабакка көңүл бурбай жатканын айтып даттанышса, айрым эксперттер телефон бала үчүн маалымат издөөчү булак экенин белгилеп, тескерисинче аларга аны туура колдонууну үйрөтүгө тийиш деген пикирлерин айтышкан.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG