Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:56

Саламаттык сактоо: Алымкадыр Бейшеналиевдин "мурасы", талаштуу реформасы


Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлердин айлыгы көтөрүлгөнүн айтып келген. Ал тургай 120 миң сомго чейин айлык алгандар бар экенин билдирген.
Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлердин айлыгы көтөрүлгөнүн айтып келген. Ал тургай 120 миң сомго чейин айлык алгандар бар экенин билдирген.

Саламаттык сактоо министри алмашкандан бери бул тармактагы айрым реформалар жана анын жыйынтыгы талаш-талкуу жаратты. Октябрь окуяларынан кийин мекемени эки ирет жетектеген Алымкадыр Бейшаналиев буга чейин бир катар өзгөртүүлөрдү убадалап, реформалар жемишин бере баштаганын айткан.

Ал дары-дармекти арзандатуу максатында "Эл аман" аптекалар түйүнү ачылып, Кыргызстанда орган алмаштыруу операциялары жасала баштаганын билдирип келген.

Жаңы келген министр болсо боор, бөйрөк алмаштырууга азыр бир дагы ооруканада толук шарт жок экенин айтууда.

Алымкадыр Бейшеналиев баштаган иштер жана алардын тагдыры кандай болот?

Кыргызстанда соңку учурда саламаттык сактоо тармагына байланыштуу нааразылык, сын көп айтыла баштаган. Буга чейин кадыресе эле сатылып келген дары-дармектиерди таппай карайлагандар, бейтапканалардагы абал, шартты айтып арыздангандар арбыган. Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну, ишкер Урмат Байматов жыл башында Фейсбуктагы баракчасы аркылуу ошол кездеги министр Алымкадыр Бейшеналиевге чейин кайрылган. Ал кызын дарылаганда жугуштуу оорулар бейтапканасында жатып чыкканын, бул тармактагы реформалар жемишсиз экенине күбө болгонун "Азаттыкка" айтып берди.

"Инфекциялык оорукананын имараттары салынганына 112 жыл болуптур. Ошол убактан бери актап-сырдап эле ремонт кылып келишиптир. Жаңы имаратты эми кура башташыптыр. Азыр канчалаган стадиондорду, үйлөрдү, имараттарды салып жатышат, эми ушу бир инфекциялык оорукана деле куруп коюшпайбы. Адамдын саламаттыгы мамлекет үчүн биринчи орунда болсо керек деп ойлоп жүргөм. Мамлекет болгон аракетин туризм өңдүү тармактарга жумшап, акча табууну эле ойлоп калыптыр. Элдин саламаттыгы экинчи планга калганын өз көзүм менен көрүп, ынандым. Палаталардын абалы кейиштүү, бейтаптар батпай, коридордо жаткырылган учурлар абдан көп экен. Ошолордун баарына эки медайымды коюп коюшуптур, алардын айлыгы деле жарытарлык эмес экен. Ошончо бейтапты караса, алар деле чарчайт да, 24 саат бою бутуна туруп жүрө албайт. Эмнеге мындай десем, "бизге ушунча эле штат бөлүп берип койгон, башка штат беришпейт" дейт. Негизи акыбал өтө чатак эле экен".

Алымкадыр Бейшеналиев эки ирет саламаттык сактоо министри болду. Биринчи жолу бул министрликти 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин жетектеген жана 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бошотулган. Анын алдында "коррупцияга" байланыштуу айып тагылган да, кыска убакытка камалып чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып коюп, Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган. Көп өтпөй, Бейшеналиев экинчи жолу министр болуп 2023-жылы сентябрда дайындалган.

Ал алгачкы жолу министр болуп дайындалганда бул тармакта реформа жасоо тууралуу кабелтең, катуу убадаларды берген.

Бейшенелиев 2021-жылдан тартып аймактардагы айрым ооруканаларды ирилештирип, борборлорду бөлүмгө айлантып, 20га чукул кургак учук ооруканаларын жапкан. Айрым бир ооруканаларды көп жылдар бою башкарып келген жетекчилерди кызматтан алган. Анын кээ бир чечимдерине байланыштуу нааразылык жаралган.

"Орган алмаштырууга азыр толук даяр эмеспиз"

Туура бир жыл мурда Садыр Жапаров өлкөдө гемодиализ алып жаткан бардык жарандардын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды өкмөт төлөп берерин билдирген. Ошол тапта 2654 бейтап мамлекеттик программа аркылуу гемодиализ алып жатканын, президент алардын ичинен 50 бейтап донор таап, толук медициналык изилдөөдөн өткөнүн, эми бөйрөк алмаштырууга даярдык иштери башталганын белгилеген.

Бейшеналиев январь айынын аягында Жогорку Кеңеште орган алмаштырууга байланыштуу маалымат берип, буга даярдык бар экенин айткан.

"2024-жылы Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен органдарды алмаштыруу планын баштаганбыз. Азыркы кезде биздин адистердин бардыгы бөйрөк алмаштыруу боюнча өзүбүздө эксперимент кылып жатат. Урологиялык борбордо дагы адистер даярдыктан өтүп келди, эми жасай баштайт. Мен өзүм хирургмун, көп жылдык стажым бар. Органдарды алмаштырууда, чоң операцияларды жасоодо жабдуулар, каржылоо өтө маанилүү эмес. Бул жерде адамдык фактор маанилүү. Азыр бөйрөк алмаштыруу боюнча эки фанат бар. Алар бардык ишти өздөрүнө алды. 25 бөйрөк алмаштыруу бекер жасалды. Анткени Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен бекер болуп жатат. Бизде көп жылдардан бери жүлүн алмаштырууну жасай албай жүрүшкөн. Бул боюнча дагы эки фанат азыр аябай аракеттенип, учурда дем алыш сайын бирден бейтаптын жүлүнүн алмаштыруу боюнча операция болуп жатат. Анын каражатын дагы президентибиз Садыр Нургожоевич берип, маселе чечилип жатат. Ошондой эле кохлеардык имплантация деген бизде 30 жылдан бери жасалбай, бейтаптап кыйналып жүргөн. Азыр биздин адистер муну өздөрү кыла баштады. Президент беш кохлеардык имплантка акча берип, өзүбүздүн бюджеттен дагы акча бөлүнүп, мындай импланттар коюла баштады. Анан боор алмаштыруу боюнча июлда эки бейтапка ийгиликтүү операция жасалган. Азыркы кезде дагы боор алмаштырууга биздин адистер даярданып жатат. Боор алмаштырууга клиникалык ооруканаларда даярдык жүрүп жатат", - деген эле Бейшеналиев.


Ал кызматтан кеткенден кийин, ордуна дайындалган Эркин Чечейбаев болсо орган алмаштырууга азыр эч бир оорукана толук даяр эместигин билдирген. Ал парламенттин комитет жыйынында буга жетиштүү шарт жок экенин билдирген:

Эркин Чечейбаев.
Эркин Чечейбаев.

"Менин маалыматым боюнча, Бишкекте эки ооруканада шарт түзүлүп жатат. Бирок азыркыга чейин аягына чейин чыга элек. Адистер Түркияга барып окуп келип жатышат. Бирок инфраструктуранын өзү азыр даяр эмес. Адистер бар, Түркияда көп жылдан бери иштеп жүргөн кыргыз хирургдар бар. Операция, операциядан кийинки реабилитацияга шарт түзүп беришибиз керек. Экинчи жагынан, биз донорлукту легалдаштыруубуз керек".

Жаңы министрдин мындай маалыматына Алымкадыр Бейшеналиев жооп берген жок. Бул макала жазылып жаткан чакта экс-министрдин өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Былтыр боорду алмаштыруу программасынын башталышы үчүн президенттик фонддон 1 миллион доллар бөлүнгөн. Расмий маалыматка караганда, ушул тапта Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жабыркап келет жана алардын теңи трансплантацияга муктаж. Кыргызстандык бейтаптар орган алмаштыруу үчүн көбүнчө Түркия менен Индияга барышат.

"Эл аман" элге-журтка жакын болбой калдыбы?

Алымкадыр Бейшеналиевдин дары саясаты анын реформасынын эң негизги талаш-тартыштуу бөлүктөрүнүн бири болуп калды. Соңку жылдары дары таңкыстыгы күчөп, баалары кескин кымбаттады да, бул маселе парламентте бир канча жолу көтөрүлдү. Жыл башында парламентте комитет жыйынында депутат Чолпон Султанбекова ошол кездеги министр Бейшеналиевге канча жылдан бери калыптанып калган система талкаланганын, анын кесепети тийип жатканын айткан:

Чолпон Султанбекова.
Чолпон Султанбекова.

"Мен мурдагы эле жеке фирмалар алып келген система жакшы экен деп ойлоп калдым. Азыр болсо дарылар жетишпей жатат. Жогорку Кеңеште ар кандай маселер каралганда ошонун 80% дары-дармек тууралуу болду. "Жетпей жатат, келбей жатат, таппай жатат" деген сөздөр болду. Азыр эми силер өзүңөрдүн ыйгарым укугуңарды ИИМге өткөрүп коюпсуңар. Катуу ооруганда сайыла турган морфий өңдүү дарыларды ИИМден сурагыла, ошолор айтса беребиз деп коюпсуңар. Бул системада эмне болуп жатат, мен түшүнбөй калдым. "Кыргызфармацияны" түзгөндө, президентибиз деле айтты эле, дары-дармек кымбаттаган маселени чечебиз, калкка жардам беребиз деп. Ал ишкана ошондой ой менен түзүлгөн да. Бирок бүгүнкү күндө жашообузда кыйынчылыктар пайда болуп жатпайбы".

Кыргыз өкмөтү 2023-жылы мартта Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" ишканасын түзгөн. Анда бул ишкананын негизги максаты жана милдети - мамлекеттик медициналык мекемелерди, андан кийин калкты кыйла жеткиликтүү баадагы дары-дармек, медициналык буюмдар менен камсыз кылуу деп айтылган эле. Бейшеналиев "Кыргызфрармациянын" эсебинен ооруканаларга дары-дармек кыйла арзан алынып келип жатканын, бирок каржылоо жаатында көйгөй бар экенин белгилеген.

Бирок жакында эле бул ишкананын жетекчиси иштен алынганы белгилүү болгон. Депутаттар анын себебин сурашканда, Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кызматтан алынганын айтып, себебин президенттин сурагыла дегендей жооп берген.

Кыргызстанда "Эл аман" деген мамлекеттик дарыкананалар 2023-жылдын аягынан бери ачыла баштап, алардын саны учурда өлкө боюнча 100гө жеткени кабарланган.

Мындай аптекаларды ачуунун негизги максаты - калкты жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо деп айтылган. Бирок учурда "Эл аманга" байланыштуу дагы сын-доомат көп. Бейшеналиев кызматтан кетер алдында парламентте Эл аман дарыканалары мамлекеттик дегени менен, мамлекеттик эмес экенин, учурда дарылар 10% гана арзан сатылып жатканын, ага Кыргызфармациясы арзан дары-дармек бере албасын айткан:

"Азыркы кезде "Эл аманда" дарылар 15-20% арзан болуп жатат. Бул өзүнчө мамлекеттик ишкана, 30% министрликке, калган 70% Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна карайт. Бул дарыканалардын келечеги бар, себеби биз атаандаштыкта ута баштадык. Көбү азыр "Кыргызфармация" менен Эл аманды" чаташтырып жатат. "Эл аман" деген дарыларды кичине арзан алып келип жаткан "Неман" деп эле койгула. "Эл аман"мамлекеттик деп айтылганы менен, "Кыргызфармация ал жакка дары бере албайт мыйзам боюнча. "Кыргызфармация" менен "Эл аманды" кошпогула. Биз азыр мыйзамды, уставды өзгөртөлү деп жатабыз. Биз Садыр Нургожоевичке дагы чыктык. Уставга ылайык, "Кыргызфармацияга" арзан дары келип жатат. Аны "Эл аманга" алалы десек, бизди Эсеп палатасы менен УКМК келип текшерип, бизди салып кетип жатат".

Медицина жаатындагы экперт Айбар Султангазиев экс-министрдин дары саясатын сынга алды:

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

"Канча жылдан бери эле ар бир келген өкмөт реформа кылабыз, реформа жасаш үчүн ушул министрди коюп жатабыз дейт. Мындай караганда, бир дагы реформа ишке аша элек. Бизде 250 оорукана, медициналык борборлор бар. Ошолордун баарына дары, медициналык буюм-тайымдарды сатып алууну "Кыргызфармацияга" берип койгон. Бул туура эмес болгон. Бир мамлекеттик ишкананын андай ишти кылганга алы келбейт, мүмкүнчүлүгү жок. Билим, күч, киши жетишпейт. Биз азыр көп ооруканаларда дары жетишпей жатканын байкап жатабыз. Андан сырткары "Эл аман" дарыканаларын ачышты. Жеке менчик компаниялардын иштеп жаткан жолдорун бузуп салышты. Көп заводдор менен байланышы үзүлүп калды. Биздин мамлекетте көп дарылар катталбай калды. Ошондуктан азыр аптекаларда дагы дары жетишпей жатат. Дарылардын көп түрлөрү жок болуп калды. Дагы бир чоң кемчилик Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун жоюп салганында болду. Ал жактагы акчалардын баарын Саламаттык сактоо министрлигине которуп салышкан. Фонд өз функцияларын аткарбай калды. Жыл сайын кайсы ооруканага канча каражат бериш керек, канча дарыгер иштеши керек дегенди эсептеп чыгуу - оор жумуш. Аталган фонд ушундай жумушту аткарчу. Алардын функциясынын көбүн жоюп салды. Азыр эми аны кайра мыйзам менен мурунку абалына келтиргени жатышат. Бирок бул жерде кеминде 1,5 жыл жоготуу болуп жатат. Бейшеналиевдин ишинин жакшы жери бейтапкана, оорукана, бөлүмдөрдүн баарын бириктирип, бир жетекчи дайындап койду. Аны ушул жактан баалаш керек. Анын кээ бир чечимдери жакшы эле болчу. Аларды бат аткарам деп мыйзамсыз жолдорду тандачу. Чечимдер бат аткарылат, ал кээде керек, анткени бюрократия жакшы иштерге тоскоолдук жаратат. Бирок мыйзамды сактабай, көп каталар да кетти".

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо тармагындаги ири жетишкендиктердин бири катары дарыгерлердин айлыгы көтөрүлгөнүн айтып келген. Ал тургай 120 миң сомго чейин айлык алгандар бар экенин билдирген:

"1-сентябрдан тарта дарыгерлердин айлыктары дагы 50% көтөрүлдү. Медайымдардыкы 20%, кенже медперсоналдыкы 10% өстү. Ошондо азыркы кезде Ош жана Бишкекте тез жардамда иштеп жаткандар 50 миңден 70 миңге чейин алышат. Аймактарда мен айтып кеткен педиатр, анестезиолог-реаниматолог, неонатолог адистердин баары 60 миңден 120 миңге чейин алышат. Кадрлар тартыш деп келгенбиз. Айлык көтөрүлгөндөн кийин көп аймактарда кайра келип иштей башташты. Бишкекте дарыгердин дефицити чоң болчу, муну 50% жаптык. Азыркы кезде дагы алып жатабыз".

Бейшеналиевдин бул билдирүүсү талаш-талкуу жараткан. Соцтармактарда дарыгерлер айтылган суммадан кыйла аз акча аларын тастыктаган билдирүүлөр чыккан.

Жаңы дайындалган министр Эркин Чечейбаев жергиликтүү басылмалардын бирине берген комментарийинде дарыгерлер учурда ар кандай коэффициенттерди жана кошумча акыларды кошкондо 35-40 миң сом аларын билдирген.

“Мен финансисттерден маалымат сурасам, 120 миң сом айлык алган дарыгерлер чынында бар экен. Мага төрт дарыгерди айтышты. Алар бийик тоолуу аймакта, жогорку коэффициенттер, түнкү кезметтер менен иштешет. Алар иш жүзүндө ооруканада эле жашашы мүмкүн. Мына ошолордуку салыктан кийин 120 миңдей чыгат экен. Бирок өлкөдө дарыгерлердин орточо айлыгы 35-40 миң сом”, - деген Чечейбаев.

Эксперт Айбар Султангазиев айлык маселесине да токтолду:

"Чынында эле Бейшеналиев айлык акылардын көтөрүлүшүнө аракет кылды. Мурун беш-алты миң алышса, азыр 30 миңге жакындап калды. Инфляция үч жыл ичинде 40% ашты. Дарыгерлердин айлыгы жашоосуна жетпейт. Азыркы алган акчасы мурунку эле беш-алты миң сомго эле теңелип калды. Бул жактан дагы башка аракеттер жасалышы керек эле. Бүгүнкү министр болсо экинчи чекке аша чаап бараткандай. Ал киши ооруканалар, тигил-булар менен көп иштеген эмес. Диссертациясын профилактика боюнча жазган. "Чуркагыла, тамеки чекпегиле, пайдалуу тамак жегиле" деген чакырык менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда иштеп келген. Ошол боюнча диссертация жазган. Бул деле сөзсүз керек. Бирок бүгүнкү күндө биздегидей жакыр элде анын баары ишке ашпайт. Анын баары бай мамлекеттерде ишке ашат. Биз бүгүнкү күндө ооруканаларды өзүнө келтирип, мамлекеттик диагностикалык борборлорду куруп, аймактардагы ооруканалардын шартын жакшыртышыбыз керек. Ошондуктан кайсы бир сөздөрдү байкап айтышы керек. Айлык акыларды көтөрүшүбүз керек дейт. Ооба, ал сөзсүз керек. Бирок ошол эле маалда бюджеттин мүмкүнчүлүгүн билиши керек. Профицит болду дегенибиз менен, каражат баары бир тартыш. Ооруканаларды жеке менчиктей акы төлөөгө өткөрүш керек дейт. Ал дарыгерлердин кызыкчылыгын карап жатат. Ал бейтаптардын кызыкчылыгын караган жок. Алар ооруканага кайсы акчасын төлөйт, шарты, мүмкүнчүлүгү барбы дегенди да ойлонушу керек".

Президенттик администрациянын соңку жыйынында Саламаттык сактоо министрлигине сын-доомат көп айтылганда, Алымкадыр Бейшеналиев бир жылдын ичинде 90 күн чет өлкөлөрдө иш сапарда болуп, өкмөт өкүлдөрүнүн арасында рекорд койгону белгилүү болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG