Ал документтерди учурда Францияга качып, башпаанек сураган сержант Алексей Жиляев бөлүшкөн.
База 2022-жылдын февралынан 2024-жылдын июнь айынын ортосуна чейин улук генералдардан тартып, катардагы аскерге чейин жана "жалданып" согушка тартылган кеминде 10 өлкөнүн жарандары ооруканада дарыланып чыккан маалыматты камтыйт.
Жараат алып ооруканага түшкөндөрдүн дээрлик көпчүлүгү орус армиясынын катарында согушта жүргөн непалдыктар экени белгилүү болду.
Согушта жараат алган сербиялыктар
Орусия Украинага басып кирүүдөн мурда "Карышкыр" (Волк) жалданма батальонун түзгөн босниялык Давор Савичич, кийин Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын негизги башкармалыгынын (ГРУ) полковниги болуп чыкты.
Сербиялык жалданма аскерлер тобу 2014-жылдан бери Украинадагы урушта орус армиясынын катарында согушат. Орусиянын толук масштабдуу агрессиясы башталардан мурда, 2021-жылдын аягында Давор Савичич "Карышкыр" (Волк) деген аскердик бөлүгүнө мекендештерин жана орусиялыктарды тарта баштаган.
"Карышкырлар" "Редут" деп аталган жеке менчик компания менен келишим түзүп барган. Бул 2022–2023-жылдары ГРУнун (орус армиясынын чалгын кызматы) колдоосу менен аскерлерди согушка тартуунун кадимки схемасы болгон.
Мурдагы жалданма жоокердин "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, алар курулуш компаниясында кара жумушчу катары жасалма документтер менен кетишкен.
Савичич "ЧВК Вагнер" менен келишим түзүп, взводду жетектеп, Сириядагы согушка да катышкан. 2018-2019-жылдары ал Донбасска кайтып келип, ал жерде ГРУнун адистеринин тобунда инструктор болгон.
2023-жылы "Азаттык" радиосунун орус тилиндеги "Система" жана "Схема" иликтөө долбоорлору Киев, Харьков жана Донецк облустарында салгылашкан "Карышкыр" тобунун айрым документтерин талдап чыккан.
Журналисттер орус армиясынын чалгын кызматы "Редут" менчик аскердик компаниясы менен кызматташарын аныкташкан.
Коргоо министрлигинин Аскердик Медициналык Башкармалыгынын маалымат базасында Давор Савичич ГРУнун полковниги экени көрсөтүлгөн. 2022-жылдын 17-июнунда Савичич оң далысынан жараат алган. Ал учурда орус аскерлери Луганск облусундагы Северодонецкиге чабуул жасоого аракет кылышса, Украинанын куралдуу күчтөрү Харьков облусунун Изюм аймагында контрчабуулга өткөн. Савичич кайсы жерде жарадар болгону белгисиз. Жараат алгандан эки күндөн кийин, 19-июнда ал Москвадагы ооруканага жеткирилип, эки жумадан кийин айыгып чыккан.
Маалымат базасында Савичичтен башка "Редут" компаниясында жана башка орусиялык аскердик түзүлүштөрдө согушкан башка сербиялыктар да бар экени айтылат.
Алсак, 30 жаштагы Предраг Маткович "ВКонтакте" социалдык түйүнүндөгү баракчасында Украинадагы согушта түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган. Ал фронтто жараат алган эмес, бирок өнөкөт оорусу күчөп, 2023-жылдын май айында ооруканага түшкөн.
"ВКонтактеде" "Донецк партизаны" деген ылакап ат менен катталган Александр Кандич 2023-жылы эки жолу жараат алып, акыры кызматтан бошотулган. Бирок ал Сербияга кайтып келгени же Орусияда калганы белгисиз.
Бүгүнкү күнгө чейин 33 жаштагы Владо Станичтин Украинага каршы согушка катышканы тууралуу так маалымат жок. Бирок ал 2023-жылдын 24-августунда "Одноклассники" сайтына Орусиянын желеги жана колунда Калашников автоматы менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган. 2024-жылы апрелде ал жараат алып ооруканага түшкөн.
Тизмеде айыгышкан согушта жүргөнүн жашырбаган сербиялык жоокерлер да бар. Мисалы 2014-жылдан бери орус армиясынын катарында согушуп жүргөн Деян Вуйчич же 2024-жылдын май айында Крымда, андан кийин Краснодардагы деңиз флотунун госпиталында даарыланган Зиворад Радожичичти айтсак болот.
Сербиянын бардык жарандары Украинага каршы согушка катышканы үчүн өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
24-февралда Орусиянын Украинага кол салышына үч жылдыгында Расмий Белград Киев жана Европа өлкөлөрү даярдаган Украинадагы согуш боюнча резолюция долбоорун колдоду. Анда Орусиянын агрессиясы айыпталып, согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтотууну жана Украинага келтирилген зыяндын ордун толтуруу талап кылынат.
Кийинчерээк өлкөнүн президенти Александр Вучич бул долбоорду колдоп добуш бергенин "ката" деп сыпаттап, жоопкерчиликти өз мойнуна алган.
"Эч кимге ээ-жаа бербегендер"
Британиянын Коргоо министрлигинин 2024-жылы апрелде тараткан билдирүүсүнө ылайык, Орусиянын бийлиги чет элдиктерди армияга азгыруу үчүн Украинадагы согушка орус тарапта согушууга макул болгон чет өлкөлүктөргө бир жолку 2000 доллар төлөм, андан тышкары 2200 доллар айлык акы, Орусиянын паспорту, бекер медициналык тейлөө жана бекер билим алууну убада кылышкан. Бозгундагы орус сержант Алексей Жиляевдин айтымында, 2024-жылдын орто ченинде чет элдик согушкерлер айына 640 миң рублга чейин маяна алып турган, бул орусиялык аскер кызматкерлери алган айлыктан үч эсе көп.
"Менин биринчи жолуккан чет элдик аскер Кытайдан келген Ван Сю болчу. Өз өлкөсүндө сегиз жыл снайпер болуп кызмат өтөптүр. Госпиталда даарылангандан кийин биздин экинчи ротанын запастагы бөлүгүнө жөнөтүлгөн. Ал орус тилинде эки гана сөздү билчү, андыктан мен анын котормочусу да болчумун. Анын айтымында, 254-полкто беш кытайлык кызмат өтөгөн, ал жактагы командир кытай тилин билчү экен. Эки мекендеши фронтто каза болуптур, өзү жарадар болуп Роговодогу (Луганск облусу) госпиталга документтери жок жөнөтүлгөн. Кийин бардыгын калыбына келтирүүгө аргасыз болгон", - дейт Жиляев.
Кытайлыктардын аты медициналык башкармалыктын базасында да чыкты. Алардын бири 2023-жылдын ноябрында ооруканага түшкөн, 36 жаштагы Дуан Вэй.
Ал "Свобода" радиосу менен байланышканда Кытайдын жараны экенин жана согушка катышканын ырастап, башка комментарий берүүдөн баш тартты. Базадагы маалыматка ылайык, 2023-жылдын 19-октябрында мина жарылганда буту жана жамбашы жабыркаган. Кытайлык жоокер бир ай ооруканада жаткан.
Алексей Жиляевдин айтымында, чет элдик жалданма аскерлерге берилген чоң маяна көп учурда өзүн актаган эмес. Ал 283-резервдик батальондогу непалдыктар "эч кимге ээ-жаа бербегенин" жашырбайт.
"Аларга англисче кайрылса да буйрукту аткарбай, өз алдынча бир нерсе кылып, ары-бери басып жүрүшчү экен. 2024-жылдын 20-январында аларды 488-полктун чопкутталган танктарынан алып, күзөткө коюшкан. Орус тилин билбегендиктен көп буйруктарды түшүнбөй, атышууда үч непалдык жараат алган", - дейт Жиляев.
Журналисттер социалдык тармактарга сүрөттөрүн жана видеолорун утур-утур жарыялап турган бир канча непалдыкты аныкташкан. 98-аба-десанттык бөлүгүнүн 43 жаштагы катардагы жоокери Пахари Пракаш айыгышкан согушта жүргөнүн Тик Токтогу баракчасында байма-бай көрсөтүп турган.
Орусияга Катмандудан келген Пракаш Тик Ток баракчасын госпиталда жатканда ачкан. Кийин согушта тарткан видеолорун жайгаштырган. Видеолордун биринде ал 2023-жылдын 8-сентябрында Орусиянын аскер формасын кийип бийлеп, ал эми кийинкисинде майыптардын арабасында ооруканада отурат.
Пракаштын ооруканада жатканда "эң жакшы досторум" деген кубалык жана ганалык жалданма аскерлер менен видеолору бар. "Орус армиясында баарыбыз бирбиз" деп жазылган видеонун астында. Былтыр сентябрда Ghanaweb сайты Гананын 14 жараны чоң акы төлөө убадасынa азгырылып, кийин Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө аргасыз болгонун жазган.
2024-жылы CNN телеканалы Орусия Украинага каршы согушка Непалдын 15 миңдей жаранын жалдаган болушу мүмкүн экенин кабарлаган. Кабарчылар Орусия тарабында согушкан 38 жаштагы Хадка Рамчадра менен байланышкан. Ал 2023-жылдын аягында жараат алып, мекенине кайтып келген.
Украинадагы согушта ок тийген дагы бир непалдык, 28 жаштагы Прабин Бардева 2024-жылдын башында ооруканага жаткырылган. Анын аялы Kantipur басылмасына маек куруп, күйөөсү Орусияда дарыланып жатканын тастыктаган. Ал ошондой эле Прабин 2023-жылдын августунда Непалдан Индияга барып, орус армиясынын катарына кошулуу үчүн ортомчуларга 900 000 рупий (10,000 доллардан ашык) бергенин айткан. Америкалык телеканал жана бир катар непалдык саясатчылар өлкөнүн жарандарынын Украинадагы согушка баруусуна негизинен Орусиянын паспортун алуу себеп болорун жашырышпайт.
Непал - Индия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан Гималайдагы чакан, кедей өлкө.
Орус паспортун ойлогон чет өлкөлүктөр
Орусиянын Башкы Аскердик Медициналык Башкармалыгынын маалымат базасындагы чет элдиктердин дээрлик төрттөн бири непалдыктар.
Коңшу Индиянын жарандары да бар. Алсак 291-мотоаткычтар полкунун жоокери 21 жаштагы Гуприт Сингх 2024-жылдын апрель айында оор жарааты менен ооруканага түшкөн.
Индиянын The Tribune басылмасы 2024-жылдын 6-мартында Пенджаб провинциясындагы Харта айылынан турист болуп Орусияга кеткен Гуприт Сингх ата-энесин жаңы жылы менен куттуктап, видео жөнөткөнүн жазган.
Кийин ал агынан жарылып, өзү менен кошо бир канча индиялык жигитти виза тартибин бузганы үчүн Орусиянын коопсуздук кызматы күч менен согушка алып кеткенин жана келишим түзүүгө аргасыз болгонун айткан.
Сингхтин окуясын Индиянын The Wire басылмасынын макаласы да ырастайт. Анда 2024-жылдын сентябрь айында орус армиясынан чыгып, мекенине кайтып келген бир нече индиялыктар менен маек жарыяланган.
Алардын бири Ядав ошол жылдын май айында Чеченстанда дарыланып жатканда Гуприт Сингх аттуу мекендешине жолугуп калганын, анын "бир колу такыр иштебей калганын" айтат.
Ошол эле айда гезит Сингх Орусиядан үйүнө кайтып келгенин кабарлаган. Айыл тургундары басылманын журналистине, Сингх согушта жаагынан оор жараат алганын, анын жакындары бетин жаап-жашырууга аракет кылышканын айтышкан. Алар ошондой эле Гуприт Орусиядагы госпиталдан качып, араң мекенине чыгып кеткенин белгилешет.
2024-жылы Лиман багытында согушкан 283-бөлүктөн тышкары 254-запастык бөлүккө да чет өлкөлүктөр жигердүү тартылган. Алексей Жиляевдин айтымында, Пески айылындагы убактылуу жайгаштыруу пунктунан ал элүү кубалык жана ондогон сириялыктарды жолуктурган.
2023-жылдын сентябрь айында кубалыктардын орус армиясына жапырт тартылганы, аларды жалдаган түйүн ачыкка чыкканда белгилүү болгон.
Быйыл февралда "Схема" иликтөө долбоорунун журналисттери Украинада туткунга түшкөн кубалык жалданма жоокерлердин бири менен сүйлөшүп, дагы бир нечесинин аты-жөнүн аныктаган.
36 жаштагы Франк Дарио Яроссей Манфуга өзү менен кошо бир нече кубалык жигит алдамчылык жол менен
Украинага каршы согушка алынып келингендерин айткан. "Схеманын" иликтөөчү журналисттери кубалыктардын көбү жакырчылыктын айынан жана сербиялык, непалдыктар сыяктуу эле "күчтүрөөк" паспорт алуу үчүн өз каалосу менен согушка тартылганын баса белгилешет.
Изилдөөчү Орландо Гутеррес-Боронаттын айтымында, согушка аскер жалдагандар Кубанын өкмөтү менен тыгыз байланышта болгон.
Жалпысынан медициналык башкармалыктын маалымат базасында жүздөн ашык адам бар, алардын арасында чет өлкөлүктөр да болушу мүмкүн. Алар согуш башталганга чейин Орусияда жашаганбы же чет өлкөдөн келгенби белгисиз. Көптөгөн ысымдар жана фамилиялар белгилүү бир өлкөлөргө мүнөздүү, бирок адамдын жарандыгын башка ачык булактардан текшерүү мүмкүн эмес.
Ошондой эле журналисттер 2022-2024-жылдар аралыгында Орусиянын аскеринин катарында согушка катышып, жараат алган Босния жана Герцеговина, Египет, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Тажикстан, Мексика, Шри-Ланка, Сенегал жана Молдованын жарандарынын аты-жөнүн талдап чыгышкан.
Tизмеде, аты-жөнү жана фамилиялары боюнча, Пакистан жана Колумбиядан келгендер болушу мүмкүн экени белгиленет. 2024-жылы жайында орус бийликтери Венесуэла өкмөтүнүн жардамы менен Украина тарапта согушуп жүргөн эки колумбиялыкты кармап, соттогон. Бирок Колумбиянын жарандарынын Орусия тарапта жүргөнү тууралуу буга чейин эч кандай маалымат берилген эмес.
Aты-жөнү жазылган чет өлкөлүктөрдүн Украинадагы согушта өз ыктыяры менен жүргөнүн айтуу өтө кыйын. Анткени Орусияда жашап иштеген Борбор Азия жана Түштүк Кавказ өлкөлөрүнүн көптөгөн жарандары мобилизациянын курмандыгы болушкан.
Буга чейин "Азаттык" орус армиясы Украинадагы согушка борбор азиялыктарды жалдаган, азгырган жана мажбурлаган учурлар бар экенин жазып, согушта кыргызстандыктар кайтыш болгон бир нече жагдайды аныктаган. Украинада согушта набыт кеткендердин көбү орус түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар экени белгилүү болгон. Кыргызстандын канча жараны кан күйгөн согушка тартылганы тууралуу маалымат жок.
Макаланын авторлору: Марк Крутов, Майк Экель, Сергей Добрынин, Иван Гуттерман, Войтек Гроец, Карл Шрек, Лукас Жалалис.
Шерине