Трамп Украинага аскердик жардамды убактылуу токтотту
Украин президенти менен Ак үйдө болгон кайым айтышуудан кийин АКШ лидери Дональд Трамп Украинага бардык аскердик жардамды убактылуу токтотту. Администрация бул тууралуу расмий билдирүү таратпаганы менен, бир катар медиа жогорку даражалуу аткаминерлерге таянып жазышты. Алар "бул убактылуу гана чечим" деп белгилешти. Трамп Зеленскийдин “согуш дагы көпкө созулат” дегенин сындады.
Шерине