Орусияда миграция мыйзамдарын, эрежелерин бузган деп шек саналып “тобокел тобуна” киргизилген кыргызстандык жарандардын саны өсүүдө.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнөн "Азаттыкка" билдиришкендей, 1-мартка карата бул тизмеге 83 миң кыргызстандык жаран киргизилген.
Өкүлчүлүктүн маалыматында, 2025-жылдын башынан бери тийиштүү документтерин мыйзамдаштырып, аталган тизмеден чыгып кеткен кыргызстандыктар да болду. Ошол эле учурда түрдүү себептер менен тизмеге кирген жарандар да көбөйүүдө.
Миграция өкүлчүлүгү учурда Орусиядагы мекендештерге "тобокел тизмеден" чыгуунун жол-жобосун түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Өкүлчүлүктүн маалымдашынча, учурда Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайда ("Сахарово") 57 кыргызстандык кармалып турат. Алардын ичинен бешөө - аялдар.
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 2025-жылдын башына карата аталган тизмеде 72 миң кыргыз жараны бар экенин билдирген. ТИМдин маалыматында, 2024-жылдын 15-июлуна карата 76 974 кыргызстандык жаран Орусияга кирүүгө тыюу салынгандардын “кара тизмесинде” турган.
Чет элдик жарандар үчүн "көзөмөлгө алынгандардын" реестри 5-февралдан тартып иштей баштаган. Орусиянын Ички иштер министрлиги 685 миңге жакын чет элдик жаран "көзөмөлгө алынгандардын" реестрине киргизилгенин билдирди.
Көзөмөл реестрден чыгуу үчүн мигранттар 30-апрелге чейин полиция бөлүмүнө барып, мыйзамдуу жүргөнүн ырастаган керектүү документтерди тапшырууга тийиш.
ТИМдин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 088 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 907 жаран Орусияда миграциялык каттоого алынган.(KE/ZKo)
Шерине