Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:53

"Четте карап тура албадык". Казак ыктыярчылардын Украинадагы боз үйлөрү


Украинанын батышындагы Львов шаарынын борборунда тигилген боз үй. 2023-жыл.
Украинанын батышындагы Львов шаарынын борборунда тигилген боз үй. 2023-жыл.

Украинада согуш башталганда Казакстандын бийлиги атайын каттамдарды уюштуруп, өз жарандарын өлкөдөн чыгарып кеткен. Бирок Марат Дарменовдун үй-бүлөсү Украинада калып, согуштун каарын тарткан жергиликтүүлөргө тилектештик көрсөтүп келет.

Казакстанда туулуп-өскөн Марат Дарменов 20 жылдан бери үй-бүлөсү менен Украинада жашайт. Орус армиясы басып киргенден кийин алар экинчи мекени болуп калган Украинаны таштап кетишкен эмес.

Марат Дарменов.
Марат Дарменов.

Баш калаа Киевден 25 чакырым алыста жайгашкан Белогородка айылында жашаган Марат Дарменов каардуу согуштан жапа чеккендерге өз ыктыяры менен жардам бере баштаган. Согуштун алгачкы күндөрүндө Орусиянын ракеталык аткылоосунан улам Украинанын электр энергия тармагы кризиске учураган эле. 55 жаштагы Марат дароо Киев облусундагы Буча шаарында "Сынбас" пунктун ачып, көчмөндөрдүн кадимки боз үйүндө көчөдө калган шаар тургундарын жылытып, казак элинин улуттук тамак-ашынан даам таттырган.

Украинада эл арасында алар "урагыс боз үйлөр" деп аталып, тынчтыкты, коопсуздукту жана тилектештикти чагылдырган.

Буча шаарында тигилген боз үй.
Буча шаарында тигилген боз үй.

Казакстандык ыктыярчынын 2023-жылы Буча шаарында тиккен алгачкы боз үйүнүн сүрөттөрү эл аралык басылмаларга жарыялангандан кийин жеке ишкерлерден жана негизинен Казакстандан материалдык жардам агыла баштаган.

Ал боз үйдү Даулет Нуржанов аттуу казакстандык ишкер Марат Дарменовго тартуулаган, андан бери ал Украинага дагы бир нече боз үй жеткирип берген. Марат болсо Украинанын шаар жана айыл-кыштактарына ал боз үйлөрдү тигүү менен алек. Соңкусун жыл башында Украинанын батышындагы Нововолынск шаарында тигип, салтанат менен ачып берген. Марат Дарменов бул иш-чарага катышуу үчүн 500 чакырым жол жүрүп келгенин айтат:

"Мен палоо бышырып берем деп кичи автобусума казан, самоорлорду салып алдым. Меш, отун, идиш-аяк да бар. Кичине ашканам менен саякаттайм. Ар бир боз үйдүн ачылыш аземинде конокторго палоо басып беребиз", - дейт Дарменов. Ал бышырган тамагын да, суусундуктарын да бекер таратып берет.

"Ал жерди алаамат каптап турган эле"

Дарменовдун ыктыярчылык иши 2022-жылдын март айынын аягында, украин аскерлери орус армиясын Киевдин четинен артка сүрүп чыгарып, Кремлдин Украинанын баш калаасын басып алуу жана өлкөгө тез арада көзөмөл орнотуу боюнча алгачкы максатына бөгөт койгондон кийин башталган.

Согушка чейин туугандары менен иштеткен кирешелүү эмерек бизнесин жапкан Дарменов казак диаспорасынын башка өкүлдөрүнө кошулуп, оккупациядан бошотулган шаар-кыштактардын тургундарына тамак-аш жеткирүүгө бел байлаган. Улуу уулу Дастан Украинанын куралдуу күчтөрүнүн катарына кошолуп, фронтко аттанган.

Днепр шаарына тигилген боз үй. 7-март, 2023-жыл.
Днепр шаарына тигилген боз үй. 7-март, 2023-жыл.

Дарменов 2022-жылы апрель айынын башында бир айдан ашык убакытка созулган айыгышкан уруштан кийин бошотулган, Киевдин четиндеги Гостомел шаарчасына барып, үрөйү учканын айтат.

Ал талкаланган шаарчанын чок ортосуна казан асып, палоосун бышырса, казак аялдар жергиликтүүлөргө боорсок менен чай таратышкан.

"Ал жерди алаамат каптап турган эле: газ жок, электр жарыгы жок, суу жок. Чоң дүкөндөр күйүп кеткен. [Украиналык] жоокерлер бизге "бул жерден жылбагыла, анткени [орус аскерлери] бардык жерге мина коюп коюшкан" деп эскерткен эле", - дейт Марат Дарменов.

Орусияны биздин боз үйчөлүк HIMARS да коркута алган эмес

Казакстандыктар тиккен "урагыс боз үйлөр" Москванын кыжырын келтирип, Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Астанадан "орус-казак стратегиялык өнөктөштүгү менен альянсына доо кетирбөө үчүн" расмий түшүндүрмө талап кылган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айбек Смадияров бул иш-чарага Астананын тиешеси жок экенин айтып, "жеке компаниялардын демилгеси" деп билдирген.

"Биз аларга тыюу сала албайбыз. Өздөрү чогултуп, өздөрү жеткирип, өздөрү орнотуп, өздөрү жардам беришет. Боз үй тигүүдө эч кандай маселе көргөн жокпуз", - деген Акордонун өкүлү.

Киев шаарында тигилген боз үй.16-январь, 2023-жыл.
Киев шаарында тигилген боз үй.16-январь, 2023-жыл.

Дарменов Москванын жаалданган реакциясы казакстандык ыктыярчылардын эмгеги текке кетпегенин далилдейт деген пикирде.

"Орусияны биздин боз үйчөлүк HIMARS да коркута алган эмес", - дейт Дарменов.

Орусия Украинага басып киргенине беш ай болгондо, Киев Батыштан HIMARS деген аталыш менен белгилүү жогорку мобилдүү артиллериялык ракеталык системаларды ала баштаган.

Казакстандык ыктыярчы Марат Дарменов согуш аяктап, Украинага тынчтык орнойт деген үмүт менен жашайт. Жоокерлердин, анын ичинен уулу Дастандын аман-эсен кайтып келишин тилейт.

Согуш башталганда Дастан 22 жашта болчу. Ал кезде украин армиясына аскерлер 27 жаштан тартыла баштаган, бирок Дастан өз ыктыяры менен аскерге эрте барууну чечкен. Ал Украинанын чыгышындагы фронтто бир нече жолу жараат да алган.

Согушка жакында туура үч жыл болду. Дарменовдун айтымында, украин эли кыйла чарчады, жоготуулардын айынан кабыргасы кайышып турат, бирок күрөшүн улантууда.

Анын айдаган кичи автобусунун алдыңкы айнегинде азыр деле "Ыктыярчы" деген жазуу турат, капталында Казакстан менен Украинанын мамлекеттик тууларынын сүрөтү бар.

Экинчи уулунун "ата, ыктыярчылык ишиңизден тажаган жоксузбу?" деген суроосуна ал: "Менин бул иш менен алектенгенимдин жүйөсү бар. Колумдан келип турганда жардамга муктаж адамдарга колдоо көрсөтүүдөмүн. Мындайда четте карап турган болбойт", - деп жооп берүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG