Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:19

Кыргызстанда эт күздөн бери 80-120 сомго чейин кымбаттады


"Ош базары". Иллюстрациялык сүрөт.
"Ош базары". Иллюстрациялык сүрөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов Кыргызстанда 2024-жылдын күз айынан бери эттин баасы 80-120 сомго чейин кымбаттаганын билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин 10-марттагы жыйынында айтты. Ал буга 2023-жылы кургакчылыктан улам тоюттун баасы көтөрүлгөнү негиз болгонун кошумчалап, эттин баасын бир калыпта кармап туруу үчүн чаралар көрүлүп жатканын айтты.

“Өзбекстанга тирүү малды алып чыгууга чектөө киргиздик. Андан тышкары Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдөн ташылган этке кошумча нарк салыгын алып салдык”, - деди ал.

2025-жылдын 31-январынан тартып Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине Ветеринардык кызмат мал-жандыкты үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинде бодо малды экспорттоого уруксат берүүнү токтоткон.

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан 217 миң майда жандык жана 122,5 миң бодо мал экспорттогон. Мал-жандыктар толугу менен Өзбекстанга сатылган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG