Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:01

Бишкектеги жүрүш: Кыз-келиндер коопсуз жашоону талап кылды


Бишкекте аялдар укугу үчүн тилектештик маршы өттү. 8-март, 2025. Бишкек, Кыргызстан.
Бишкекте аялдар укугу үчүн тилектештик маршы өттү. 8-март, 2025. Бишкек, Кыргызстан.

8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте аялдар укугу үчүн тилектештик жүрүшү өттү. Жыл сайын ушул күнү өтүүчү марш быйыл “Жаша аялзаты, жаша” деген ураандын алдында болду. Бул чакырык соңку кездери зомбулуктан улам каза болгон аялдарга арналган.

Киши өлүмүнө алып келген ар кандай кылмыштар, зордуктоо, уруп-сабоо, ала качуу сыяктуу окуялар улам-улам катталып, коомчулуктун үрөйүн учуруп келет. Былтыркы жылы эле 17 миңден ашык зомбулук фактылары катталган. Адистер муну үчүн жалпы коомчулуктун аракети зарыл экенин билдирүүдө.

“Зомбулукка жол бербейбиз!”

“Эжелерим корголсун!

Сиңдилерим корголсун!

Ойлорубуз угулсун!

Соттор акыйкат болсун!

Зомбулукка жол бербейбиз!

Зөөкүрлүккө жол бербейбиз!”

Мына ушундай ураандарды кыйкырган жүрүш Бишкектин эски аянтынан башталып, Горький бакчасына чейин уланды.

Бишкекте аялдар укугу үчүн тилектештик маршы өттү. 8-март, 2025.
Бишкекте аялдар укугу үчүн тилектештик маршы өттү. 8-март, 2025.

Бакчага токтогон топ тынч митингде Кыргызстандагы аялдар укуктары боюнча талаптар камтылган манифест жарыялады.

“Биз жашоонун бардык тармактарында, коомдук жайларда, үйдө, жумушта, саясатта жана активизмде, аялдардын коопсуздугун камсыздоону талап кылабыз!”.

“Аялдарга каршы ыдык көрсөтүүгө, асылууга, мазактоого көңүл буруп, эң жакын арада харассментке каршы мыйзам кабыл алууну талап кылабыз!”.

“Аялдарды жек көрүүнү жана кемсинтүүнү, маданий, саясий жана диний трибуналардан жайылтууга тыюу салууну талап кылабыз!”.

“Балдарын кароосуз таштап, алардын окуп-өнүгүүсүнө салым кошпой келген, аталык парзынан кечкен жарандарды алимент төлөтүп, төлөбөгөн учурда банктагы эсептерин камакка алып, балага алименттин өлчөмүн орточо жашоо минимумуна теңдеп, милдеттүү түрдө төлөтүүнү талап кылабыз!”.

Жүрүшкө Бишкекте киши колдуу болгон Айжан Алыкулованын жакындары да катышты. Алыкулова бир нече жыл Европада иштеп жүрүп, Бишкектен үй сатып алгандан көп өтпөй, 2024-жылы 24-февралда зомбулуктан каза тапкан. Айжандын өлүмүнө шектүү деп аны менен аз убакыт жарандык никеде турган 34 жаштагы жаран кармалган.

"Жаша, аялзат!". Кыз-келинди коргоону талап кылган жүрүш
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:21 0:00

Соттук териштирүү былтыр май айында башталган. Бирок маркумдун жакындары бир нече жолу өз алдынча акция өткөрүп, тергөө жана соттук кароо калыс жүрбөй жатканына даттанып келишкен.

"Зомбулукка кабылгандардын өздөрүн күнөөлөшөт"

Маркум Алыкулованын апасы Роза Жекшенова аялдар майрамындагы жүрүштө мындай деди:

Кызынын сүрөтүн кармап турган Роза Жекшенова
Кызынын сүрөтүн кармап турган Роза Жекшенова

“Азыркы заманда аялдар турмуштагы бүт жүктү моюндарына алышты. Кыз-келиндердин көбү үй-бүлөсүн багам деп, миграцияда жүрүшөт. Менин да кызым оор турмуштун азабынан, беш тилде эркин сүйлөп, жогорку билимдүү болуп туруп, чет элде иштеп келип, анан бир зөөкүрдүн курмандыгы болуп кетти. Мен буга чейин аялдардын укуктары бузулганын көрүп жүрчүмүн, бирок көп маани берген эмес экем. Өзүмдүн башына келгенде гана баарын аңдадым. Кыргызстанда тергөөнү жүргүзгөндө да аялдардын басмырлашып өткөрүшөт экен. Зомбулукка кабылса, кыздардын өздөрүн күнөөлөшөт экен. Мисалы, күнөөнү менин өлгөн кызымдын өзүнүн башына илгенге аракет кылышты. Сот да тааныш-билиштиктин айынан мыкаачыга катуу жаза бергенге алы жетпей турат”.

Аялдардын укугун коргоого багытталган марш бир нече жылдан бери жыл сайын 8-мартта өткөрүлүп келет. 2020-жылы бул күнү “Аялдардын шериктештик маршы” Жеңиш аянтында өтүп, акцияны беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акцияны үзгүлтүккө учураткан. Соңунда милиция жүрүштү уюштуруучуларынын ичинен 11 адамды кармап кеткен. Буга соттун аталган аймакта митинг өткөрүүгө тыюу салган чечими негиз болгон.

Бишкек. 2020-жылдын 8-мартындагы жүрүштүн катышуучусу кармалган учуру.
Бишкек. 2020-жылдын 8-мартындагы жүрүштүн катышуучусу кармалган учуру.

2021-жылы болсо жүрүш символикалуу түрдө Уркуянын эстелигинин алдында уланган.

Деген менен, Бишкектин Биринчи май райондук соту 2022-жылы март айында Бишкектин Горький гүлбагынан башка аймактарында митинг, пикет, жүрүш өткөрүүгө тыюу салган. Тыюу мөөнөтү жыл сайын узартылып келет жана ал азыр да күчүндө. Ушундан улам да быйылкы жүрүш Горький багында өтүп олтурат. Ага эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү көз салып турду.

Жүрүштү уюштуруучулардын бири, журналист Айдай Токоева мындай деди:

Айдай Токоева
Айдай Токоева

“Аялдарга карата зомбулук фактылары көбөйүп, тагыраагы көбүрөөк угулуп баштады. Анткени, ушундай марштарда биз чакырык жасап, "унчукпай калбагыла", "милицияга кайрылгыла", "укугуңарды коргогула" деп тынымсыз айтып жатабыз. Балким ошол нерселер таасир этип, балким башка нерселер себеп болуп, зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер арыз-муңун айтып, ачыкка чыгууда. Арыз жазган соң, огобетер ага көңүл бурулуп, резонанс жаратып, коом реакция жасайт. Коом реакция кылган чуулуу окуялардын каармандары, же жабыр тарткандар кайра ушул эле маршка келип, чакырык жасашашат. Башкача айтканда, бул марш күзгү сыяктуу - коомдогу болуп жаткан нерсени чагылдырууда”.

Аялдар укугу үчүн быйылкы тилектештик жүрүшүнө 300дөй киши катышты. Анын ичинде ырчылар, блогерлер, активисттер жана башкалар да бар.

Бишкекте аялдар укугу үчүн тилектештик маршы өттү. 8-март, 2025. Бишкек
Бишкекте аялдар укугу үчүн тилектештик маршы өттү. 8-март, 2025. Бишкек

Бул жылкы жүрүш аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар катталган учурга туш келди.

Жүрүштүн катышуучуларынын бири Жылдызай Турдубекова “Азаттыкка” буларды айтты:

Жылдызай Турдубекова
Жылдызай Турдубекова

“Байкасаңыздар, жылдан жылга жүрүштөрдө биздин күн тартибибиз, же башкача айтканда башкы урааныбыз өзгөрү жатат. Быйыл башкы чакырык катары "Жаша, аялзат, жаша!" деп аталды. Себеби, тилекке каршы акыркы жылдарда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуялар көп катталды. Биз мына ошону алдын алып, аялдардын аман калышына, укуктары корголушуна тилектештик билдирип жатабыз”.

Айткандай эле, аягы өлүм жана оор жараат менен аяктаган үй-бүлөлүк зомбулук фактылары Кыргызстанда көп катталууда. Укук коргоочулар жана жарандык активисттер соңку кезде аялдарга зомбулук күчөгөнүн кескин сындап, коңгуроо кагып келатышкан.

"Расмий сандар зомбулуктун бир бөлүгү гана"

Мурдараак Башкы прокуратура соңку 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгонун билдирген. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын 6 айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы 7 аял зомбулуктун курмандыгы болгон.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) эсебинде, Кыргызстанда 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.

Мурдагы Акыйкатчы Атыр Абдрахматова соңку жүрүштөр жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы кабарлар коомчулуктун көз караштарын өзгөртүүгө салым кошуп жатканын айтып, бирок процесс дале жай жүрүп жатканын белгиледи:

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

“Жылына катталып жаткан 10-15 миң зомбулук фактылары. Бул өлтүрүүлөр менен зордуктоолорду эске албаганда. Бирок мына ошол сандын өзү да өлкөдөгү бар фактылардын 20-25%ын гана чагылдырат. Анткени, мындай окуялар Кыргызстанда өтө көп. Бул деген сөз зордук-зомбулук, ыдык көрсөтүү же асылуу сыяктуу ар бир үй-бүлөгө чейин жетти дегенди түшүндүрөт. Башында мына ушул сыяктуу митингдерди Батыштан келген көрүнүш катары кабылдашып, сындап жатышкан. Бирок акыркы жылдары мындай марштардын чакырыгын туура көрүшүп, зордук-зомбулукка каршы мамиле өзгөрүп жатат. Бирок ушул деле аздык кылууда. Көйгөйдү жаап-жашырбай, улам-улам айтып, коомчулуктун ар бир мүчөсү буга каршы тургудай деңгээлге жетишибиз керек болуп жатат. Антпесе, биз бул көрүнүштү токтото албай жатабыз. Аялын өлтүргөн окуялар мына былтыр канча катталды. быйыл жыл башынан бери эле бир нече окуя болду. Аз күн мурда 5 бала бир кызды көтөрүп чыгып, зордуктап кеткен окуяны көрүп, үрөйүбүз учуп олтурат. 13 жаштагы кыздын окуясы чуу жаратты. Ошондуктан ар бир адам кайдыгер болбой, улам айтып, көтөрө берели”.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталган.

Аялдар маршы. Бишкек шаары. 8-март, 2024-жыл.
Аялдар маршы. Бишкек шаары. 8-март, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда Кыргызстан аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана гендердик теңчилик принциптерин бекем карманарын билдирди.

Мамлекет башчы жана андан төмөнкү аткаминерлер өз билдирүүлөрүндө зордук-зомбулукка жол берилбей турганын айтып, ага каршы ырааттуу саясат жүрүп жатканын кеп келишет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр январда Баткендин Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында жолдошунун ур-токмогунан каза болгон 23 жаштагы Айкыз Калмурза кызынын окуясы боюнча билдирүү жасап, зомбулуктан жабыр тарткандарды атайын кызматка кайрылууга чакырган:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду. Атайын кайрыламын, урматтуу кыз-келиндер, эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМКнын кеңселерине кайрылыңыздар!”, – деп жазган Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап эле эмес, күбөлөр да арыз жаза алат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга "убактылуу коргонуу ордерин" жазып берип, тиешелүү чараларды илгиртпей көрүүгө тийиш.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG