Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев түрк бийлигине Түркиянын медициналык мекемелеринде кыргыз жарандарынын бекер дарылануусуна жыл сайын берилүүчү квотаны жаңыртуу жана көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу элчи Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен 7-мартта жолугушкан учурда билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар негизинен кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, анын ар тараптуу, стратегиялык жана бир туугандык мүнөзүн баса белгилешти. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүүгө көңүл бурулду.
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, 2025-жылы эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө басым жасалып, алардын маанилүүлүгү баса белгиленди.
2025-жылы Кыргызстанда өтө турган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына даярдыкка өзгөчө көңүл бурулду.
Экономикалык өнөктөштүктү талкуулоо алкагында тараптар сооданы жеңилдетүү, кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү, Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты.
Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттик кызматташтыктын алкагында акысыз дарылануу 2019-жылы 100 квотадан 150гө көбөйгөн.
Бирок 2020-жылы башталган COVID-19 пандемиясынан улам бейтаптардын Түркияга акысыз барып дарылануусу токтотулган. Кыргызстан буга чейин Түркиядан квотаны көбөйтүүнү сураган.
Бейтаптардын бир бөлүгүн Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, дагы бир бөлүгүн Түркиянын элчилиги тандап жиберет. (ZKo)
Шерине