Канаданын башкаруудагы Либералдык партиясын Борбордук банктын мурдагы жетекчиси Марк Карни жетектейт. Эми ал премьер-министр болмокчу. Январда азыркы өкмөт башчы Жастин Трюдо кызматтан кетерин жарыялаган.
Партиялык ички шайлоодо Карни добуштардын 86% алганы кабарланды. Ал Трюдонун өкмөтүнө кирбеген жападан жалгыз талапкер болчу.
Карни добуш берүүдөн кийинки сөзүндө Канада эч качан АКШнын бөлүгү болбосун айтып, президент Дональд Трампты өлкөнү жана ресурстарын басып алуу аракети үчүн айыптады.
Канада АКШнын “51-штатына айланбасын” айтып келген Трюдо коштошуу кайрылуусунда өлкө “жан сактоо кризисине” туш болгонун белгиледи.
Жаңы премьерге Вашингтон менен тарифтер боюнча татаал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө туура келет. Ал эми Либералдык партия парламенттик шайлоодо утулуп калышы мүмкүн деген божомол айтылып жатат.
Трюдо партияны 2013-жылдан бери жетектеп келип, 2015-жылы премьерликке шайланган.
Талдоочулар шайлоодо Консервативдүү партия озуп чыгышы ыктымал деп болжолдошот.
Шерине