Жер кодекси: Менчик укугун ким коргойт?
Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор Бишкекке чогулуп, президент Садыр Жапаровду парламентте кабыл алынган жаңы мыйзамга кол койбоого чакырды. Алар кодексте жарандардын менчик укугу сакталбай калганын айтып, кабатыр болушууда. Буга чейин президент Жапаров менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин жана жеке менчик мүлк кол тийгистигин белгилеген. Ал тапта айрым басылмалар Чүй милициясы Жер кодексине каршы чыккан пенсионерге кылмыш ишин козгоп, үйүн тинткенин жазып чыгышты. Милиция пенсионер суракка алынып коё берилгенин, ага эч кандай айып коюла электигин билдирди.
Шерине