Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

АКШ Киевге аскердик жардамды убактылуу токтотту, Кремль аны кубаттады


АКШ Украинага жиберген согуштук снаряддар
АКШ Украинага жиберген согуштук снаряддар

АКШ президенти Дональд Трамп өткөн жумада Ак үйдө Украина президенти Владимир Зеленский менен кайым айтышкан соң Киевге аскердик жардамды убактылуу токтото турууну чечти. Кремль бул чечимди кубаттады. Украинанын өкмөт башчысы АКШ менен алаканы сактап калууга дилгир экенин билдирди.

3-марттын кечинде Ак үйдүн аты-жөнүн ачык айтпаган өкүлү маалымат каражаттарына берген комментарийинде: "Биз жардамды токтотуп, аны караштырып жатабыз. Президент тынчтыкка басым жасарын ачык айткан. Биздин өнөктөштөр да ушул максатты көздөсө керек”, - деген.

Трамптын администрациясынын өкүлү Fox News телеканалына “бул жардамды биротоло эмес, убактылуу токтотуу” экенин айткан.

Bloomberg жана Fox News агенттиктеринин маалыматына ылайык, бул тыныгуу Украина жетекчилиги тынчтыкка чын дилден умтулганын көрсөткөнгө чейин созулушу мүмкүн.

"Алар тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр болгондо президент Трамп биринчи болуп телефонду көтөрөт деп ойлойм. Эгер Зеленский чалып, “олуттуу түрдө (келишимдин) чоо-жайын талкуулоого даяр экенин айтса, албетте, биз украиналыктар менен сүйлөшүүгө дилгирбиз", – деди вице-президент Жей Ди Вэнс Fox News каналына 3-мартта берген маегинде.

Ак үй бул тууралуу расмий билдирүү тарата элек, ал эми Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль азырынча "эч кандай маалыматы жок" экенин билдирди. Бирок ал Украина "Кошмо Штаттар менен кызматташууну улантууга толук кызыкдар" экенин баса белгиледи.

"АКШ биздин маанилүү өнөктөшүбүз жана биз бул кызматташтыкты сактап калышыбыз керек", – деди Шмыгаль 4-марттагы басма сөз жыйынында.

Ал Киев кайсы гана учурда болбосун Вашингтон менен табигый кен байлыктар боюнча келишимге кол коюуга даяр экенин белгиледи. Бул келишимге 28-февралда Зеленскийдин Вашингтондогу сапарында кол коюлбай калган.

Шмыгаль Украина фронттогу күчтөрүн камсыз кыла аларын жана "Орусиянын чабуулдарына туруштук берүү үчүн бардык аракеттерди көрөрүн" айтты.

"Бизде бир гана план бар: жеңүү жана аман калуу. Эгер биз жеңбесек, анда "План Б" башка бирөөлөр тарабынан жазылат", – деди Шмыгаль.

Бул кадам Зеленский менен Трамптын администрациясынын ортосундагы ажырымды андан ары тереңдетүүдө.

Европадагы 1945-жылдан берки эң ири согушта украин армиясында аскер жетишпей, башка көйгөйлөр да туш-туштан чыгып жаткан маалда Вашингтондун аскердик жардамды токтотуп коюу чечими кырдаалды ого бетер оорлотту. Ошол эле маалда Орусиянын күчтөрү, бир нече айдан бери чоң жоготууларга карабастан өз турумдарын бекемдеп келатат.

Кремль Вашингтондун соңку чечимин кубаттады.

"Эгер бул чын болсо анда Киев режимин тынчтык сүйлөшүүсүнө барууга күчтөй турган чечим болуп калышы мүмкүн. Кошмо Штаттар курал жеткирүүнү токтотсо же токтотуп турса, бул тынчтык орнотууга эң жакшы салым болот", – деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге.

Аскердик серепчилердин пикиринде, америкалык курал-жабдыкты жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы Украинанын коргонуусуна олуттуу сокку урушу ыктымал. Bloomberg агенттиги жазгандай, азырынча Украинага жете элек бардык аскердик жабдуулар, анын ичинен жолдо ташылып бараткан курал-жабдык, Польшадагы транзиттик аймактарда жүктөлүп турган аскердик жардам дагы согуш майданына жетпей калышы мүмкүн.

Орусиялык көз карандысыз эксперт Юрий Федоровдун пикиринде, АКШ Украинага каржылык же аскердик жардамын токтотсо майданга өтө терс таасирин тийгизет.

“Аскердик жардам курал-жарак, ок-дары жана башка жабдууларды жөнөтүүдөн тышкары, Украинаны чалгын маалыматтары менен камсыздоону да камтыйт. Көпчүлүк эксперттердин эсебинде, Украинанын Куралдуу күчтөрү азыркы аскердик ыргакты жана демди болжол менен алты айга чейин кармай алат. Бул канчалык туура жоромол экенин айтуу кыйын", – деди ал.

АКШнын Варшавадагы элчилигинин алдында өткөн Украинаны колдоо боюнча митинг. 3-март, 2025-жыл.
АКШнын Варшавадагы элчилигинин алдында өткөн Украинаны колдоо боюнча митинг. 3-март, 2025-жыл.

Украинага канча жардам жетпей калышы мүмкүн?

Киевге канча жардам жетпей калары так белгисиз. Бирок президент Байдендин тушунда Конгресс бекиткен 3,85 миллиард долларлык аскердик жардам Ак үй тарабынан бөлүштүрүлө элек. Трамп кызматка келгенден бери жаңы аскердик жардам бөлүнө элек.

АКШ 2022-жылдын февралынан бери Украинага бөлгөн 180 миллиард доллардан ашуун каражаттын үчтөн эки бөлүгү аскердик жардам эле.

"АКШнын жардамды токтоткону абадан коргонуу ракеталарына, HIMARS системасынын снаряддарына жана артиллерияга таасирин тийгизет”, - деп жазды украиналык депутат Алексей Гончаренко Telegram каналына.

АКШ HIMARS жана ATACMS ракеталык системаларынын жападан-жалгыз өндүрүүчүсү болуп саналат. Эгерде бул жабдуулар жетишсиз болуп калса Украинанын коргонуу жөндөмү кыйла алсырашы мүмкүн экенин адистер белгилешет.

Украиналык саясатчылар Киев менен Вашингтондун ортосундагы азыркы мамиле боюнча тынчсызданып турат.

"АКШ менен диалогду дароо калыбына келтирүү керек, анткени анын үзүлүшүнөн Путин гана пайда көрөт", – деди украин парламентиндеги оппозициячыл "Европалык тилектештик" фракциясынын депутаты жана Улуттук коопсуздук, коргонуу жана чалгындоо комитетинин мүчөсү Ирина Фриз "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген маегинде.

Фриз Европа лидерлери да Зеленскийге Трамптын администрациясы менен мамилени оңдоону сунуштаганын белгиледи.

Жогорку Раданын ошол эле комитетинин катчысы Роман Костенко "Азаттыкка" берген комментарийинде: "АКШ бизди бул куралдар менен опузалап, айрым жагдайларда жеңилдик берүүгө мажбурлап жатат. Абал абдан оор, бирок такыр жаман эмес. Эгерде биз бул жардамдан ажырасак, албетте, кырдаал кыйла начарлайт, бирок алаамат болбойт. Ошондуктан азыр биз баарыбыз бул жардамды колдон чыгарбоо үчүн аракет кылышыбыз керек", - деген оюн айтты.

Украиналык саясий серепчи Владимир Фесенко учурдагы АКШнын Украинага карата саясаты Байден администрациясынын позициясынан кескин айырмаланарын жана бул "жаңы саясий реалдуулуктун" бир бөлүгү экенин айтты.

"Бирок тактикалык жактан алганда биз өнөктөштүктүн калган демин сактап, АКШдан курал сатып алуу жана чалгын, спутниктик маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн жоготпошубуз керек", – деди ал “Настоящее время” телеканалына курган маегинде.

Фесенко Киев - Вашингтон мамилесин кайра карап чыгууга чакырып, "Зеленский менен Трамптын жеке мамилесин фактор катары карабаш керектигин” белгиледи.

"Зеленскийдин башынан эле негизги позициясы - Трамп менен жеке мамилени биринчи орунга коюу болду. Ал эми биз эмне көрдүк? Тилекке каршы, бул стратегия иштеген жок", - дейт ал.

АКШда Конгресстеги демократтар аскердик жардамдын токтотулушун дароо айыпташты.

"Путинди "согуш кылмышкери" деп атап, Украинага туруктуу колдоо көрсөтүүнү убада кылган республикачылар мага кошулуп, президент Трампты бул мыйзамсыз жана кооптуу чечимди (курал-жабдык жиберүүнү токтотуу боюнча) дароо артка кайтарууга чакырышы керек", – деди Нью-Йорктон шайланган Демпартиянын өкүлү Грегори Микс.

Аскердик жардамдын токтотулушу тууралуу чечим Зеленскийдин Ак үйгө болгон сапарынан көп өтпөй кабыл алынды. Анда эки тарап ортосунда Украинадагы сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишимге кол коюлмак. Трамп бул макулдашууну Украина менен Орусиянын ортосундагы тынчтыкка жетишүүнүн маанилүү кадамы катары баалаган.

Бирок Ак үйдөгү жолугушуу журналисттердин маңдайында кайым айтышуу менен уланып, Трамп менен Вэнс Зеленский АКШнын жардамы үчүн "ыраазы болушу керектигин жана талап коюуга акысы жоктугун" айтышты. Ошентип, келишимге кол коюлбай калды. Зеленский Ак үйдөн шашылыш чыгып кетти. Ал эми Трамп "тынчтыкка жетүүгө даяр болгондо кайра келсин" деп билдирди.

АКШнын айрым жогорку даражадагы расмий адамдары бул кырдаал үчүн Зеленскийди айыптап, андан кечирим суроону талап кылышты.

Трамп 3-мартта жасаган билдирүүсүндө Зеленскийдин "тез арада ок атышууну токтотууга каршы чыкканына" нааразычылык билдирип, анын чыдамы түгөнүп баратканын кыйытты. Зеленский болсо АКШдан коопсуздук кепилдиктерин талап кылууда.

Вэнс: Америкалыктарга эң жакшы кепилдик – Украинанын келечегинен экономикалык пайда көрүү

"Биз президент Зеленскийден болгон окуяга өкүнөрүн, кен байлыктар келишимине кол коюуга жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышууга даяр экенин уккубуз келет", – деп билдирди Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц 3-мартта Fox News телеканалына берген маегинде.

Зеленский согуштун аягы "өтө, өтө узак" деп айтканы Дональд Трамптын ачуусун келтирди. Трамп социалдык тармак аркылуу: "Бул Зеленскийдин эң начар билдирүүсү болду, Америка буга эми чыдай албайт!" – деп жазды.

Fox телеканалына берген маегинде вице-президент Жей Ди Вэнс Украинанын алдында дагы эле мүмкүнчүлүк бардыгын, бирок европалык лидерлер Зеленскийге согуш түбөлүккө уланбашы керек экенин ачык айтышы зарылдыгын билдирди.

Вэнс кошумчалагандай, европалык лидерлер жеке сүйлөшүүлөрдө буга макул болсо да, коомчулук алдында Зеленскийди колдогондой түр көрсөтүшүүдө.

Ошондой эле Вэнс Трампты коргоп, Вашингтондун Украинадагы экономикалык кызыкчылыктары келечекте өлкөнүн коопсуздугун кепилдей турган эң ишенимдүү жол экенин айтты.

"Эгерде сиз чындап эле коопсуздук кепилдигин кааласаңыз, эгерде Владимир Путин Украинага дагы кол салбашын камсыздоону кааласаңыз, эң жакшы кепилдик – бул америкалыктарга Украинанын келечегинен экономикалык пайда алуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Бул акыркы 30-40 жылда бир да согушка катышпаган бир мамлекеттин 20 миң аскерин жайгаштырганга караганда бир топ ишенимдүү коопсуздук кепилдиги", – деди Вэнс.

Трамп 3-мартта Киев менен пайдалуу келишимге кол коюу дагы эле мүмкүн деп ишенерин билдирди.

Ошол эле учурда Еврокомиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен "Европаны кайра куралдандыруу планын" сунуштады.

"Бизге коргонуу тармагында чоң өзгөрүүлөр керек, бул талашсыз маселе. Биз туруктуу тынчтыкты каалайбыз, бирок ал күч менен гана курулат, ал эми күч өзүн бекемдөөдөн башталат", – деди фон дер Ляйен 3-мартта жасаган билдирүүсүндө.

Ал 4-мартта Евробиримдикке мүчө мамлекеттерге жазган катында шаркетке мүчө өлкөлөргө коргонуу чыгымдары үчүн 800 миллиард евро (840 миллиард доллар) бөлүүнү сунуштады.

Бул каражаттын 150 миллиард евросу (157 миллиард доллар) Евробиримдиктин бюджети кепилдик берген жаңы коргонуу инвестициялык насыялары катары каралууда.

Ал эми Германиянын кийинки канцлери деп аталып жаткан немис саясатчысы Фридирх Мерц Ак үйдө өткөн 28-февралдагы талкууну Трамптын администрациясы “атайылап курчутуп жиберген” деп кыйыр түрдө сындады.

"Бул Зеленскийдин билдирүүлөрүнө карата реакция эмес, тескерисинче, Сүйрү бөлмөдөгү жолугушууда атайын күчөтүлгөн кырдаал болду", – деди Мерц 3-мартта Гамбургда өткөн маалымат жыйынында. Ал ошондой эле Европа "азыр өз алдынча аракет кыла аларын көрсөтүшү керек" деп белгиледи.

Европанын өз коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо боюнча кызуу жана үзгүлтүксүз талкууларга, ошондой эле Москва менен Вашингтондун жакындашкан риторикасына карабастан, европалык лидерлер АКШнын жаңы администрациясы менен кызматташууга артыкчылык берип жатат.

Мерц "Америка Кошмо Штаттарын Европада кармап туруу үчүн бардык мүмкүн болгон аракеттерди көрүү" зарылдыгын белгиледи.

Шерине

XS
SM
MD
LG