Парламенттин басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин жыйындар залы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап техникалар менен жабдыларын билдирди. 10-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жүргүзүлө турган оңдоо иштери боюнча маалымат алып, 2023-жылы парламенттин техникалык базасын чыңдоого байланыштуу Түштүк Корея менен атайын макулдашууга кол коюлганын айтты.
Андан тышкары Жогорку Кеңештин айланасындагы таман таштарды да алмаштыруу каралып жатат.
Расмий маалымат боюнча, эл оозунда Ак үй деп аталган парламенттин имараты 1984-жылы ишке берилген. Жалпы аянты 4,5 гектар жерди ээлейт. Акыркы жолу чоң жыйындар залы 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.
2005, 2010 жана 2020-жылдардагы элдик толкундоолордо Жогорку Кеңештин имараты талкаланып, таланып-тонолгон. Бул имаратта 2020-жылдагы Октябрь окуяларына чейин президент жана анын администрациясы да отурган.
Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулуп, анын ордуна “Ынтымак ордо” деп аталган президенттин администрациясы 2024-жылы август айында ишке берилген. Азыр мамлекет башчы жана анын аппараты ушул имаратта иштейт. (BTo)
Шерине