Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:17

Кандуу Каңтар: Кримтөбөл Арман Жумагелдиев 20 жылга кесилди


Арман Жумагелдиев камакка алынган учур. Январь, 2022-жыл.
Арман Жумагелдиев камакка алынган учур. Январь, 2022-жыл.

Казакстанда сот 2022-жылдагы Январь (Каңтар) окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыгарды.

Алардын арасында "Дикий Арман" деген каймана ат менен таанымал Арман Жумагелдиев, Алматы шаардык кеңешинин депутаты, ишкер Кайрат Кудайберген, журналист Бердах Бердымурат, коопсуздук кызматынын, каржы полициясынын өкүлдөрү бар.

Кримтөбөл, экс-депутат жана журналистке чыккан өкүм

27-январда Алматы соту 2022-жылдагы январь окуясы учурунда "адам уурдоо", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "массалык башаламандыкка катышкан" деп айыпталган 44 адамга өкүм чыгарды.

Сот кылмыш чөйрөсүндө "Дикий Арман" деген каймана ат менен таанымал Арман Жумагелдиевди 20 жылга, Алматы шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Кайрат Кудайбергенди 8 жылга эркинен ажыратты.

Бул иш боюнча айыпталып жаткан Казакстандын коопсуздук кызматынын 5-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Руслан Искаков 15 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, мамлекеттик кызматта иштөө укугунан өмүр бою ажыратылды.

Kаржы полициясынын мурдагы агенти Талгат Махатов, журналист Бердах Бердимурат сегиз жана жети жылга эркинен ажыратылды. Сот калгандарына бир жылдан 15 жылга чейин абак жазасын берди.

Арман Жумагелдиев, Кайрат Кудайберген, Руслан Искаков жана башкалардын иши боюнча сот процесси. Алматы. 21-сентябрь, 2023-жыл.
Арман Жумагелдиев, Кайрат Кудайберген, Руслан Искаков жана башкалардын иши боюнча сот процесси. Алматы. 21-сентябрь, 2023-жыл.

Соттук отурум Алматыдан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан N72 тергөө абагында өттү. Мекеменин аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү да кабарланды. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү башка сот имаратынан жараянга онлайн көз салып турушту.

Алматы прокуратурасынын маалыматы боюнча, шаардык маслихаттын (кеңештин) мурдагы депутаты, блогер Кайрат Кудайберген Каңтар окуясында Арман Жумагелдиев менен бирге "Казакстан" мейманканасына элди чогултуп, "массалык тартип бузууга катышкан".

Кандуу калабада тартылган видеолордо Кудайберген менен Жумагелдиев чогуу басып жүргөнүн көрүүгө болот.

Сотто Кайрат Кудайберген: "Арманды тааныбайм, бирок тополоң учурунда аянттан көргөм, элди тынчытуу үчүн баргам", - деди. Экс-депутаттын жакындары Кудайбергенге тагылган айыпка макул эместигин айтып, маалымат каражаттарына билдирүү таратты.

Биринчи угууда коопсуздук кызматынын өкүлү Руслан Искаков ага буйруктарды Казакстандын улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Самат Абиш берип турганын айткан. Андан кийин иш жабык карала баштаган.

Самат Абиш - Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу. Былтыр март айында ал "Январь окуясында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп 8 жылга шарттуу кесилген.

"Дикий Арман" аралашкан кыйноо

"Дикий Арман" деген каймана ат менен таанымал Арман Жумагелдиев 2022-жылдын 7-январынан бери камакта отурат.

Тергөөнүн мааалыматына караганда, ал "коопсуздук кызматындагы кураторунун жардамы менен тополоң уюштурганы аныкталганын билдирди. Жумагелдиевдин жетекчилиги менен көчөдөн "24 киши уурдалып, ур-токмоктун айынан алардын бири мерт болгон".

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Январь окуяларындагы тополоңго жалпысынан 12 кылмыштуу топ катышканын, алардын арасында Арман Жумагелдиев, "Айшуак-Жантугел" жана башка топтор да бар экенин билдирген. Анда кримтоптун 23 активдүү мүчөсү, төрт "авторитет" камакка алынганы айтылган.

Бирок 2023-жылы июнь айында Арман Жумагелдиев Январь окуясы учурундагы "кыйноо" иши боюнча жабырлануучу катары таанылган.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, кандуу калабада Жумагелдиевдин адамдары жалпысынан 24 адамды уурдап, сабап, Ritz-Carlton жана "Казакстан" мейманканаларынын унаа токтотуучу жайларында кармашкан. Алардын бири ур-токмоктон каза тапкан.

Прокуратуранын маалыматында кутумдун башында Карим Масимов турганы, аны атайын кызматтын ошол кездеги жетекчилиги даярдаганы, ал эми "Дикий Арман" Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлүнүн көрсөтмөсү менен иш кылганы айтылат.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов "мамлекеттик чыккынчылыкка" жана Январь окуялары маалында "бийликти басып алууга" айыпталып, былтыр 18 жылга кесилген. Расмий маалыматка ылайык, ага каршы дагы эки кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Айкөл Аликжанова кечирим суроого аргасыз болгон

Арман Жумагелдиев абакта отурганда казакстандык интернет басылмага берген маегинде өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, "ал кезде өзгөчө кырдаал болуп, бийлик өкүлдөрү жок болгондуктан, күч түзүмдөрүнүн милдетин өз колуна алганын" билдирген. Ал "кармалган мародерлорду" суракка алганын, айрымдарын сабаганын моюнуна алганы менен, эч кимди эч жакка уурдап кетпегенин, кишилерди коопсуздук комитетине өткөрүп бергенин айтып берген.

Анын 2022-жылдын Январь окуялары маалында "кыргызстандыктардын Алматыдагы дүкөндөргө тиешеси бар" деген мүнөздөгү билдирүүлөрү интернетке тараган. Мындай билдирүүлөр Кыргызстанда чоң талкууга жем таштап, кийин Арман Жумагелдиевдин апасы жана кыргызстандык жубайы Айкөл Аликжанова кечирим суроого жана түшүндүрмө берүүгө аргасыз болушкан.

Өрттөнүп жаткан мэриянын алдында жүргөн адамдар. Алматы. 5 январь, 2022-жыл.
Өрттөнүп жаткан мэриянын алдында жүргөн адамдар. Алматы. 5 январь, 2022-жыл.

Аликжанова 2022-жылы казакстандык Orda.kz сайтына маек куруп, аягына чейин күрөшөрүн, Казакстандын көптөгөн атактуу инсандары ага урмат-сый көрсөтөрүн айткан.

Сот Арман Жумагелдиевди 20 жыл эркинен ажыраткандан кийин, Айкөл Аликжанова Инстаграмдагы баракчасына, "мен мындай өкүм чыгарын күткөм" деп жазды.

Айкөл Аликжанова - "Кыргызстан сулуусу-2014" наамынын ээси.

Жумагелдиевдин жактоочусу Рена Каримова 27-январдагы сот чечимине макул эместигин айтты:

"Биз бул узак жараяндын жыйынтыгын негизсиз, адилетсиз деп эсептейбиз. Албетте, биз апелляциялык арыз менен кайрылабыз. Биздин оюбузча, сотко Жумагелдиевдин күнөөсүз экени тууралуу далилдер толук берилди. Эмне үчүн сот биздин аргументтерге объективдүү баа берген жок? Бул жараян жабык өткөндүктөн, мен да баа бере албайм, бирок жыйынтык бизди канааттандырбайт", - деди адвокат.

2022-жылдын башында газдын кымбатташына каршы митингдер бийликтин кызматтан кетишин талап кылган массалык акцияларга айланып, тоз-тополоң менен коштолгон.

Алматы ошол толкундоолордун очокторунун бири болгон. Аламан топ акимчиликке жана президенттик резиденцияга кирип барган. Кийин имараттарга өрт коюлган. Башкы прокуратура акимчилик менен резиденцияны басып алууга миңдей киши катышканын билдирген.

Расмий эсеп боюнча Январь окуяларында 238 киши набыт болгон. Алардын алтоо кармалгандан кийинки кыйноолордон көз жумган. Бир нече миң киши кармалып, жүздөгөнү ыдык көргөнүнө арызданган. Бирок мындай фактыларга байланыштуу козголгон кылмыш иштердин көбү токтотулган. Эксперттер кандуу окуялар боюнча чындык толук ачыкка чыга элек деген пикирде.

Ал окуяларда кыргызстандык жарандар да жабыркаган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG