Украин армиясы Орусиядагы мунай заводго сокку урганын билдирди. 29-январга караган түнү Орусиянын кеминде жети облусу дрондордун жапырт чабуулуна кабылганы кабарланды.
Соцтармакка пикир жазганы үчүн былтыр үч жарым жылга кесилген Каныкей Аранованын жаза мөөнөтүн жылдыруу арызын сот четке какты. Арызда кызы 14 жашка чыкканга чейин жаза өтөө мөөнөтүн жылдырууну соттон суранган. Бир айдан бери катаал шартта кармалып турган Аранова чечимди адилетсиз деп баалады.
Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карап, үчөөнү тең камакта калтырды.
АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер уланып, мигранттарды кармоо жана депортациялоо күн сайын жүрүүдө. Мындай жараяндан улам Кошмо Штаттарда жашаган кыргызстандыктар да чочулап, арасында жумушка убактылуу чыкпай койгондор да болгон.
Соңку бир сутка ичинде кытайлык DeepSeek компаниясынын чат-боту АКШ, Британия жана Кытайда эң көп көчүрүлгөн тиркеме болуп калды. Аны чыгарууга өтө аз каражат сарпталганы тууралуу маалымат бул багытта иш алып барган технологиялык компанияларды дүрбөлөңгө түшүрдү.
Камактагы адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы 28-январда Бишкек шаардык сотунда каралып, анда адвокаттар шаардык соттун судьяларына ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Судьялар бул өтүнүчтү канааттандырган жок.
“Азаттыктын” “Жер Эне” подкастында Нарындын Чолпон айылындагы тургундардын мээнети менен калыбына келген жайыттар тууралуу айтып беребиз. Айыл активисттери 20 жылдай алектенип жүрүп, такырайып калган 9 миң гектар жайытты калыбына келтириптир.
Орусиядагы кыргызстандыктардын саны бир жылдын ичинде эле 650 миңден 350 миңге чейин азайып кетти. Бирок бул өлкөдөн түшкөн акча көбөйдү. Себеби эмнеде? Мигранттардын кирешеси көбөйдүбү?
Казакстанда сот 2022-жылдагы Январь (Каңтар) окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыгарды.
Польшада 27-январда миллиондон ашуун киши жок кылынган Освенцимдин бошотулушунун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү. Расмий өкүлдөрдөн тышкары ага концлагерде аман калгандар дагы катышты.
Дагы жүктөңүз